БАР БОЛ, КЫЛЫМ ЖАШАГАН АСЫЛ МЕКТЕБИМ!

  • 13.06.2022
  • 0

Ар бир мектеп өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат. Бул мектепти бүтүргөн Советтер Союзунун Баатыры Выглазов Григорий Исаевич (1919-1942) баштаган сыймыктуу жоокерлер, көптөгөн саясий, партиялык ишмерлер, чыгаан илимпоздор, депутаттар, спорттун мыкты чеберлери, эмгек алдыңкылары, маданияттын мыктылары, жалпы эле Кыргызстандын, ал тургай мурдагы Союздун аймагына эмгеги менен аттын кашкасындай таанылган мектебибиздин бүтүрүүчүлөрү өтө эле көп…БАР БОЛ, КЫЛЫМ ЖАШАГАН АСЫЛ МЕКТЕБИМ!

Анда эмесе сөз башынан болсун. Кыргызстанда Совет бийлиги жаңы орной баштаганда эле, элдин сабатын ачууга чоң маани берилген. Анткени эл арасындагы арабча кат тааныган молдолорду сабаттуу деп эсептешкени менен, жаңы Совет бийлигине керектүү сабаттуу адамдар жок болгон. Андыктан жер-жерлерде элдин сабатын ачуу негизги маданий-социалдык гана маселе болбостон, саясий да маанилүү маселелердин бири эле.

Алай өрөөнүндө алгачкы мектеп да ликбез (сабатсыздыкты жоюу) мектеби катарында 1922-жылы “Дыйкан жаштар” деген ат менен Гүлчө айылында ачылган. А кезде кыргыз алфавити болбогондуктан, алгач араб алфавити менен окуу башталган. Бул мектепке Жоробай аттуу киши жетекчилик кылган. Ал Ош шаарынан келген. Алгачкы окуу каанасы болуп, Иванов деген орустун үйү эсептелген. Оболу бир гана класс уюштурулуп, жергиликтүү колунда бар адамдар каржылап турган. Анда эсеп, эне тили, география сабактары боюнча кишилер кат-сабатын жоюшкан.

Кийин Оштон, Ташкенттен, Россиянын башка шаарларынан алгачкы окутуучулар келип, чоң эмгектерди жумшаган. Кийинчерээк жергиликтүүлөрдөн да сабаттуулар чыга баштап, мында Жамшит менен Кулбак деген адамдардын орду чоң болгон. Алар окууга жана окутууга кеткен чыгымдарды, башка каражаттарды элден чогултуп, уюштуруу иштерин жүргүзүшкөн. Ал эми парта жана окутуу үчүн зарыл болгон буюм-тайымдар Ош шаарынан төөгө жүктөлүп алынып келинген.

1924-жылы жалпы элдин күчү менен ашар ыкмасында мектептин жаңы имараты тургузулуп, жатак мектеби (интернат) катары 90 окуучуга эсептелинген. Мектепке Ташкент шаарынан келген өзбек улутундагы Рахматилла деген мугалим директор болуп дайындалган. Бул мектепте Алайдын алгачкы партиялык кадрлары Бубаев Жолдош, Эрматов Шайназар, Мадакимов Маматаали, Акжигитов, Султанов Кадырмамат окуган.

1925-1926-окуу жылында мектепке орус тили предмети киргизилген жана биринчи бүтүрүүчүлөрү төрт жылдык мектепти бүтүрүп чыккан. Бул учурда мектептин директору болуп Арстанбеков Абдыкаар, кийинки окуу жылында Рыскулов деген адам иштеген.

1930-жылдан баштап мектеп Алай-Гүлчө зонасы үчүн уюштурулган Орозбеков атындагы балдар үйү деп аталса, 1932-1936-жылдары “Коммунисттик жаштар мектеби” деген атты алып жүргөн. 1932-1933-жылдары Сулайманов деген адам директорлук кызматта иштеген жана мектеп жети жылдык болуп түзүлгөн. 1941-жылы жети жылдык мектептин биринчи бүтүрүүчүлөрү мектепти аякташкан. 1933-жылдан 1947-жылдарга чейин Ормотоев, Жетигенов, Нурмамбетов, Садыков, Хасанов сыяктуу педагогдор директорлук кызматта иштеген. Жети жылдык мектеп 1947-жылы орто мектепке айланып, улуу акын Токтогул Сатылгановдун ысымы ыйгарылган. Биринчи бүтүрүүчүлөр 1949-жылы орто мектепти аяктаган. Алардын арасында Үмөталиев Айтмамат, Исаева Карамат, Самиев Орозали, Мусаев Ороз, Каражанов Тыныбек, Кайрыева Чыныгүл, Сарыбашева жана башкалар бар. 1948-1949-окуу жылында мектеп директору болуп Бакчиева Апиза дайындалып, ал 1952-жылга чейин иштеген. Кийинки жылдарда Сыдыкова, Исаев, Өмүралиев, 1956-1957-окуу жылында Шаршеев, 1957-1958-жылдарда Абдыраимов мектепти жетектеген.

1958-1959-окуу жылында орто мектеп улуу педагог А.С.Макаренконун ысымына которулган. 1959-жылдан 1963-жылга чейин мектепти Кулбакова Мукарам жетектеген. 1963-жылдан 1968-жылга чейин Касымалиев Эрали, 1968-1969-окуу жылында М.Латыпова директорлук кылса, 1969-жылдан тартып Тапык Отунчиев директорлук кызматка дайындалган. Ушул эле жылы 640 орундуу типтүү, үч кабаттуу мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилген.

Арадан 38 жыл өткөндөн кийин, башкача айтканда, 1996-жылы мектепке Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Т. Отунчиевдин ысымы ыйгарылган. Көзү тирүүсүндө эле “Алайдын Макаренкосу” атыккан Отунчиев Тапык агайдын Алайдын катаал табийгатында тоо жериндеги мектепти республикага, ал турсун Союзга атын дүңгүрөткөн ийгиликтерди жаратып, мыкты эмгектенди. Тапык агай баш-аягы болуп бул мектепте 27 жыл директолук кызматта иштеди. Анын укмуштай уюштуруучулук жөндөмү, педагогикалык билиминен сырткары да элине ак кызмат кылайын деген улуу ниети, күнү-түнү талбаган, уйку бетин көрбөгөн карандай эмгегинен сырткары, баланы жанындай сүйгөн бала пейилдиги тоо койнундагы ак калпак элдин, мотурайган кара тору кыздардын-балдардын эстеринде түбөлүк эстелик болуп кала берди. Мындан улуу эстелик болобу деги! Мына ушундай педагогдун калыптандырып кеткен иш стилин өздөштүргөн шакирттери, бирге иштешкен кесиптештери Отунчиев
Тапык агайдын духунда ушу күндө да ийгиликтүү эмгектенип келатышат.

1969-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мектепти жетектеген директорлордун ысымдарын атай кетели. Алар:

1969-1974-жылдары Тапык Отунчиев, 1974-1975-жылдары Карабаева Светлана, 1975-1982-жылдары Тапык Отунчиев, 1982-1987-жылдары Жээнбеков Амат, 1987-1996-жылдары Тапык Отунчиев, 1996-2000-жылдары Жээнбеков Досмамбет, 2000-жылдын апрель айынан июль айына чейин Калыбаев Назарбек, 2000-2008-жылдары Калдыбаев Тайахун, 2008-2012-жылдары Зикиров Максатбек, 2012-2019-жылдары Асанов Мухаммед. Ал эми 2020-жылдан баштап учурда Раймкулова Гүлмира жетектеп келе жатат.

Бул жетекчилердин ар бири өз мезгилинде мектептин ийгилиги үчүн жан-алы калбай эмгектенишкен. Алардын ар бирөөсүн аңгемелесек сөз түгөнбөйт.

Ушул мектепте мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон төмөнкү мугалимдер эмгектенишкен:

  1. Кулбакова Мукарам (1922-2003) 1962-жылы Эмгек Кызыл Туу ордени, 1970-жылы Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалы, Улуу Ата мекендик согуштун 50 жылдыгына карата юбилейлик медалы, Эмгек ардагери медалы, 2000-жылы “Мээрим” фондусунун Кутман эне сыйлыгы менен сыйланган.
  2. Самиев Орозали (1931-1998) 1978-жылы Эмгек Кызыл Туу ордени, 1984-жылы Эмгек ардагери медалы менен сыйланган.
  3. Зубрикова Зинаида Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси.
  4. Жукова Лариса 42 жыл башталгыч класстын мугалими болуп үзүрлүү эмгектенген, Эмгек даңкы ордени менен сыйланган.
  5. Эргешова Мендаим 1996-жылы райондук “Жыл мугалими” сынагынын жеңүүчүсү, 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
  6. Абдылдаев Кадырбек 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 2018-жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланган.

Мектепте акыркы жылдарда окуучуларга татыктуу билим берүүдө чыгармачылык дем менен иштеген мугалимдердин жаңы тобу өсүп чыкты. Алардын катарында биология мугалими – Сатарова Динара, орус тили жана адабияты мугалимдери  – Олокова Гүлзар, Касымова Кимсан, Богокова Динара, башталгыч класстын мугалимдери – Эргешова Инабат, Молорова Элмира, кыргыз тили жана адабияты мугалими – Шананова Бермет, физика мугалимдери – Токсонбаев Сыргак, Рысбаева Анара, математика мугалими – Кулуева Жазгүл, англис тили мугалими – Абдырахманова Үмүткан сыяктуу алдыңкы мугалимдер бар.

Мектеп-гимназиянын окуу-материалдык базасы күндөн-күнгө өсүүдө. Жалпы аянты 2 га, “А” блогу негизги окуу корпусунан, “Б”, “В” блоктору жыйындар жана спорт залдарынан, ийрим өтүүчү кааналардан турат. Мектептин сыртында эки спорттук жана кичи футбол аянтчасы, теннис залы, бир ботаникалык бак, күнөскана жайгашкан.

2021-2022-окуу жылында окуучулардын жалпы саны 1443 окуучуну түзөт. Педагогикалык жамаат 71 мугалимден турат, анын ичинен “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгинин ээлери – 26 мугалим. Жалпы класс-кааналардын саны – 22, анын ичинен: үч лаборатория, беш административдик каана, бир эмгек каанасы, сегиз башталгыч класстарынын каанасы, 12 предметтик каана, беш бөлүп окутуу каанасы бар. Ар бир каана заманбап үлгүдөгү телевизор, бардык класстар таза суу, гигиеналык тазалоочу каражаттар менен камсыз болгон. Жети каанага: англис тили, физика, информатика, химия, орус тили, кыргыз тили, бир башталгыч класстар каанасында интерактивдүү доскалар коюлган. Ар бир усулдук бирикмеге бирден персоналдык компьютер толук жабдуулары менен берилген. Усулдук каанага интернет түйүнү киргизилип, бардык кабаттарга видеокөзөмөл орнотулган. Видеокөзөмөл аркылуу мектеп директору, анын чарбалык иштери боюнча орун басары онлайн режиминде ички тартипти көзөмөлгө алып турат. Өрт коопсуздугу жана өзгөчө кырдаалдар учурунда жалынга жана түтүнгө тез сигнал берүүчү сигналдык жабдуу орнотулган, учурда толук кандуу иштейт.

Мындан сырткары, коопсуз мектеп долбоору боюнча окуучулардын мектепке келип-кетүүсүн көзөмөлдөгөн bal.kg тиркемеси ата-энелердин уюлдук телефонуна туташтырылып, онлайн режиминде иштеп жатат.

Ар бир мектеп өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат. Бул мектепти бүтүргөн Советтер Союзунун Баатыры Выглазов Григорий баштаган сыймыктуу жоокерлер, көптөгөн саясий, партиялык ишмерлер, чыгаан илимпоздор, депутаттар, спорттун мыкты чеберлери, эмгек алдыңкылары, маданияттын мыктылары, жалпы эле Кыргызстандын, ал тургай мурдагы Союздун аймагына эмгектери менен аттын кашкасындай таанылган мектебибиздин бүтүрүүчүлөрү жөнүндө кийинки макалада айтууну көздөп турабыз.

Бар бол, кылым жашаган асыл мектебим! Жүз жашың кут болсун! Мен сенде эмгектенип, эрезеге жеткениме сыймыктанам! Элибиздин келечеги үчүн мыкты уул-кыздарды тарбиялай бер!

Кадырбек Абдылдаев,
Алай районундагы Тапык Отунчиев атындагы гимназия-мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер