Балыкчы шаарындагы Э.Думанаев атындагы шаардык маданият үйүндө “Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” аттуу педагогикалык форум болуп өттү.

  • 29.08.2025
  • 0

28-августта Балыкчы шаарындагы Э.Думанаев атындагы шаардык маданият үйүндө август кеңешмесинин алкагында салтанаттуу түрдө “Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” аттуу педагогикалык форум болуп өттү.

Балыкчы шаарындагы Э.Думанаев атындагы шаардык маданият үйүндө “Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” аттуу педагогикалык форум болуп өттү.

Иш-чарага Балыкчы шаардык кеңешинин төрагасы, шаар мэриясынын аппарат жетекчиси, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги жана шаардагы билим берүү мекемелеринде эмгектенген мугалимдер катышышты.

Балыкчы шаарындагы Э.Думанаев атындагы шаардык маданият үйүндө “Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” аттуу педагогикалык форум болуп өттү.

Форум Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни жана Президенттин педагогдорго арналган видео кайрылуусу менен ачылды. Андан соң Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.С. Эсенаманова, шаар мэриясынын аппарат жетекчиси Э.Соурбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Д.Дж. Аманалиев куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, агартуучуларга жаңы окуу жылында ийгиликтерди каалашты. Алар билим берүү тармагынын коомдогу ордуна токтолуп, мугалимдердин талыкпас эмгегин жогору баалашты.

Балыкчы шаарындагы Э.Думанаев атындагы шаардык маданият үйүндө “Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” аттуу педагогикалык форум болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө өлкө мектептеринде 12 жылдык билим берүүгө өтүү, жаңы окуу жылына даярдыктар жана 2024–2025-окуу жылындагы негизги жетишкендиктер тууралуу баяндамалар жасалды.

 

Ошондой эле “Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” программасынын алкагында жаңы багыттар белгиленип, педагогдор үчүн ишенимдүү кадамдар сунушталды.

Шаар ичиндеги STEM багытындагы мугалимдерге “Алтын Казык” ноутбуктары тапшырылды.

Форумдун алкагында мыкты мугалимдер жана билим берүү мекемелери өзгөчө эмгектери үчүн Ардак грамоталар, шаардык билим берүү бөлүмүнүн дипломдору жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Айрыкча, Л.Толстой атындагы №1 жалпы орто билим берүү мектеби “Мыкты мектеп” деп табылып, акчалай сыйлыкка ээ болду. Бул жеңиш мектеп жамаатынын биргелешкен аракетинин жана билим сапатына жасаган салымдарынын жогорку баасы болуп эсептелет. 2024–2025-окуу жылында аталган мектептен ЖРТнын жыйынтыгы боюнча “Алтын сертификаттын” ээси чыгып, мыкты жетишкендикти камсыздаганы белгиленди.

Балыкчы шаарындагы Э.Думанаев атындагы шаардык маданият үйүндө “Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” аттуу педагогикалык форум болуп өттү.

Жеке ишкер Молдалиев Айдар Сталбекович тарабынан 2024-2025-окуу жылындагы окутуп-тарбиялоодо кошкон салымы үчүн олимпиадада окуучулары ийгиликке жеткен мугалимдер үчүн жеке ишкер тарабынан 10 мугалимге 10 000 сомдон акчалай сыйлык берилди.

“Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” форуму мугалимдерди жаңы окуу жылына шыктандырып, билим берүү тармагындагы максаттарды аныктаган маанилүү аянтча болду. Ал педагогдор үчүн тажрыйба алмашууга, жаңы идеяларды угууга жана алдыдагы иштерди белгилөөгө чоң мүмкүнчүлүк түзүп, шаардагы билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө жаңы дем берди.

Гүлжан Калмашева

Зубаржад Жалилова

Бөлүшүү

Комментарийлер