«БАЛДАР – БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ» АТТУУ АКЦИЯ ӨТТҮ
- 23.07.2018
- 0
Бишкек — Ош унаа жолунда «Көңүл бургула, балдар!» жана «Жайкы каникул» аттуу атайын рейддин алкагында «Балдар биздин келечегибиз» аттуу акция өткөрүлдү.
Аталган акция Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан жаш балдар катышкан жол кырсыктардын алдын алуу жана жол кырсыктарын жоюу максатында уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Арсланбап эс алуу жайынан лагерден келе жаткан окуучу балдар жолдогу айдоочу, жүргүнчүлөргө муздак суусундуктарды таратып, ошону менен бирге жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырышты.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер