БАЛАНЫ МЕКТЕПКЕ КАТТОО ЭМИ ОҢОЙ
- 07.03.2025
- 0
2025-2026-окуу жылында 1-класска жана 2-класска бара турган балдарды мамлекет өзү каттайт. Андыктан ата-энелер балдарды мектепке киргизүүдө мурдагыдай көптөгөн документтерди топтоп убара болбойт. Бул боюнча министрлик тарабынан атайын платформа иштелип чыкты. Жалпы санариптештирилген тармактар аркылуу документтер чогултулуп, ата-энелеринин катышуусу жок эле жалпы электрондук каттоо аркылуу ата-энеси жашаган аймактардагы мектептерге жайгаштырылат. Быйыл мектепке кабыл алуудагы ушул жана башка өзгөрүүлөр тууралуу КР билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Алымкан МЫРЗАЛИЕВА айтып берди.
– Ата-энелер балдарын мектепке киргизүү үчүн качан жана кайда кайрылуусу керек?
– Ата-энелер 2025-жылдын 1-июнуна чейин туруктуу жашаган жери боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан сунушталган мектепке барар же барбасын тастыктоого тийиш. Сунушталган мектептен башка мектепти тандагысы келген ата-энелер каттоо боюнча жазылган балдардын тизмеси такталгандан кийин, тагыраак айтканда, 1-июндан кийин гана башка мектептерди тандай алат. Орундар толуп калган мектептер ал тизмеде көрсөтүлбөйт.
1-июнга чейин кепилденген каттоону тастыктоо үчүн ата-энелер мектепке катталуу кызматын сунуштаган “Түндүк” мобильдик тиркемеси, MegaPay МБанк, МойО!+Банк сыяктуу тиркемелердин бири аркылуу системаны ачып “Мектепти электрондук каттоо” бөлүмүнө өтсө, анда жарандык абалдын актыларын жазуу органына (ЗАГСка) байланышкан балдардын тизмеси көрсөтүлөт. Ал жердеги балдардын тизмесинен мектепке каттоого тийиш болгон баланы тандап алуу керек. Система автоматтык түрдө микроучасток боюнча жайгашкан мектепти сунуштайт. Кээ бир учурларда эки же үч мектеп сунушталышы ыктымал. Андан соң, сунушталган мектепте кайсы тилде окууну каалай тургандыгын тандап, “Жазылуу” дегенди басканда, “Кабыл алынды” деген маалымат чыкса, каттоо ийгиликтүү өткөнүн билдирет.
– Тизмеде мектепке кире турган бала көрүнбөй калышы мүмкүнбү?
– Кокусунан тизмеден баланын аты-жөнү чыкпай калса, жакын жайгашкан Калкты тейлөө кызматына (КТК) кайрылып, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн санариптештирүү керек. Санариптештиргенден кийин ата-эне сөзсүз өзүнүн жеке кабинетиндеги маалыматтарды жаңыртып коюуга тийиш.
– Эгерде мектептин дареги чыкпай калсачы?
— Андай учурда жакынкы мектеп менен байланышып, мектептин микро-сайтынын чек араларынын тизмесинде (картасында) туруктуу жашаган дареги бар экендигин текшерүү зарыл. Ал жерден себебин аныкташат.
– Жеке менчик же атайын адистештирилген мектептерге же такыр эле башка өлкөгө бара турган балдар кандай болот?
– Эгерде баланы жеке менчик мектепке, адистештирилген мектепке же башка өлкөдө окутуу керек болсо, ата-энелер аларга сунушталган мектепке катталуудан баш тарткандыгын билдирип коюшу керек. Ал үчүн мектепке катталуу кызматын сунуштаган “Түндүк” мобильдик тиркемеси, MegaPay, МБанк, МойО!+Банк сыяктуу тиркемелердин бири аркылуу кирип, тиешелүү баскычты басып, сөзсүз түрдө себебин көрсөтүп коюусу кажет.
– Жеңилдиктери бар ата-энелердин балдарын каттоодо кандайдыр бир жеңилдиктер каралганбы?
– Ата-энелердин биринде кандайдыр бир жеңилдиктер болсо, арыз ата-эненин жеке кабинети аркылуу берилип, ага жеңилдиктерди тастыктаган документтер (иштеген жеринен маалымкат, күбөлүгү ж.б.) тиркелет. Ал эми мыйзамдуу өкүлдөрү ата-эненин жеке кабинети аркылуу арыз жазып, баланы же кызды багып алгандыгын билдирген документти тиркеп коюуга тийиш.
– Бала бакчага барбаган, бирок жаш курагы боюнча мектепке барууга тийиш болгон балдар кантет?
– Бала бакчага барбаган балдар региондордогу борборлордон “Наристе” программасынын негизинде кыска мөөнөттүү даярдыктан өтсө болот. Эгерде андан да өтпөсө, ага кабатырлануунун кереги жок. Ал балдар июнь, июль, август айларында даярдоо тайпаларында сөзсүз окуудан өтөт.
– Бир класстагы баланын саны канча болушу керек?
– Бул өтө актуалдуу суроо бойдон калууда. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августунда чыккан №519 Токтомунда ар бир класста канча бала болушу керектиги кеңири берилген. Ага ылайык, айыл жергесиндеги мектептерде бир класстагы окуучунун минималдуу чектүү ченеми 25 бала, максималдуу чектүү ченеми 30 бала, шаар жергесинде максималдуу чектүү ченеми 36 бала болуусу шарт. Бирок билим берүүнүн жаңы моделине өтүп жаткандыгыбызга байланыштуу быйыл өзгөрүүлөр көп болушу күтүлүүдө.
– Тилекке каршы, айыл жеринде ал норма аткарылышы мүмкүн, ал эми калк жыш жайгашкан жерлерде бул талаптын аткарылышы кыйын го?
– Ооба, Бишкек, Ош сыяктуу калк жыш жайгашкан пункттарда бул эрежени сактоо кыйын болуп келгени жашыруун эмес. Бирок чечилбей турган маселе жок деп ойлойм, бардык суроо-талаптарды жеринде чечсе болот, ал жергиликтүү жетекчилердин компетенттүүлүгүнөн көз каранды. Азыр жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алып баруудабыз. Батпай калган балдар акимиаттын, мэриянын бош имараттарына жайгаштырылат. Биз билим берүүнүн жаңы моделине өтүүнү тандап алган соң, жергиликтүү бийлик орган жетекчилерине, мэрлерге, акимдерге, мектеп директорлоруна тиешелүү тапшырмалар берилип жатат. Балдардын саны апрель, май айларында дагы такталат. Канча бала, кандай эмерек ж.б. эмне керектиги тууралуу толук маалыматтар 1-майга чейин аныкталууга тийиш.
– Мектепке батпай калган окуучулар кандай жайгаштырылат?
– Бишкек, Ош, Сузак, Өзгөн, Сокулук, Кант сыяктуу калк жыш жайгашкан борборлордо балдар мектепке батпай калса, ылайыктуу имарат табылганча бала бакчада убактылуу окуй берсе болот деген сунуштар айтылууда. Эгерде андай кырдаал жаралып калса, балдар катталган мектептердин мугалимдери ал жакка барып окутат, окуу процесси кадимки мектептегидей эле
жүрөт.
– Педагогикалык кадрлар жетишпеген мектептерде кырдаал кандай болот? Айрыкча башталгыч класстардын мугалимдери тартыш болушу мүмкүн-
бү?
– Мектепке кирген балдардын саны быйыл жылдагыдан кыйла көп болору күтүлүп жаткандыгына байланыштуу, башталгыч класстын мугалимдери жетиштүү болобу же жокпу деген мыйзамдуу суроо туулбай койбойт. Мугалимдер жетишпеген мектептердин мугалимдерин жай айларында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөрүү багытында иштер жүргүзүлөт. Педагогикалык кадрларды даярдаган жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчү курстарынын студенттери тартылат, —
дейт.
Эне-аталардын эсине! 2025-жылдын 2-июнунан 15-августуна чейин микроучастогуна карабаган башка мектептерди тандоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ал үчүн ата-энелер мектепке катталуу кызматын сунуштаган “Түндүк” мобильдик тиркемеси MegaPay, МБанк, МойО!+Банк, сыяктуу тиркемелердин бири аркылуу системаны ачып, “Мектепке электрондук каттоо” бөлүмүндөгү тизмеден мектепке кире турган баланы көрсөтүүсү керек.
Статистикалык маалыматтар боюнча 2018-жылы 157 миң 921 бала, 2019-жылы 161 миң 716 бала төрөлгөн. 2019-жылы жарык дүйнөгө келген балдар быйыл 1-класстын босогосун аттайт.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер