БАЛА БАКЧА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АЙЛЫГЫ КАНДАЙ БОЛОТ?
- 27.04.2026
- 0
Чүй облусунун Кемин районундагы “Кайыңды” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кызматкерлери апрель айында колго алуучу эмгек акыны чыдамсыздык менен күтүп жаткан кези. Буга социалдык тармактарда кызуу талкууланып келген агартуу тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысынын 100 пайыз көтөрүлөрү тууралуу жаңылык негиз болуп келген.
Агартуу майданынын өкүлдөрү Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын ушул жуманын ичинде алардын эмгек акысы банктык карточкаларга которула башталарын билдирген маалыматын кубануу менен кабыл алышты.
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, аларга материалдык дем берүү жана шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы №121 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 286 токтому кабыл алынды.
Документке ылайык, мугалимдердин эмгек акысы миималдуу базалык ставканы кызматтык маяналарга жана ставкаларга эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет. Ошондой эле айлык маянага 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөмдөр кошулат. Белгилей кетсек, техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлерге президенттик компенсация 5 миң сом өлчөмүндө каралды.
Мектепке чейинки билим берүү мекеме жетекчилеринин эмгек акысы абдан төмөн болуп келгени маалым. Агартуу министрлигинин бюджеттик саясат, финансылык талдоо жана инфраструктура башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратованын билдирген маалыматы боюнча эгерде буга чейин бала бакча жетекчиси 18 миң 676 сом алып келсе, мындан ары президенттик компенсацияны кошкондо 52 миң 447 алышат.
Президенттик компенсациялык төлөмдөр өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды жана бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зонада иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөрдү эсептөөгө кошулбайт жана бир ставкага төлөнөт.
Чоң-Кемин айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылындагы “Кайыңды” бала бакчасынын башчысы Гүлзат Барктабасовна Үрпөева агартуу тармагынын кызматкерлеринин ичинен эң кенже балдар менен иштеген кызматкерлердин эмгек акысы чынында эле аз болуп келгенин, эми алар түйшүгүнө тете болбосо да, мурдагы алган акчаларына салыштырмалуу кыйла эле салмактуу болуп каларын билдирди:
— Айыл жергесинде бала бакча муктаждыгы акыркы учурда өтө жогору болууда. Себеби жаштардын баары жашоосун жакшыртуу максатында, заман талабына жараша ар кандай кесиптер менен алектенип, балдарын бала бакчага берип жатышат. Бала бакчада иштөө өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат. Ар бир баланын коопсуздугу, ден соолугу жана тарбиясы жетекчинин көзөмөлүндө болот.
Биздин бала бакчада учурда 130 бала тарбияланып жатат, ал эми 43 бала кезекте турат. Негизи эле биздин Чоң-Кемин айыл өкмөтүнө сегиз айыл карайт, бирок анын төрт айылында гана бала бакча бар. Демек, калган төрт айылдын балдары бала бакчага муктаж. Ошондой муктаждыктар эске алынып, 2022-жылы биздин айылда 100 орундуу бала бакча ачылган. Анда 21 кызматчы эмгектенет. Алар учурда ийгиликтүү иштеп жатышканын баса белгилеп кетким келет. Чындыгында айлык акынын өтө төмөндүгүнөн жана кошумча чыгымдарды жабуу өтө оор болгондуктан, кенже персоналга киши табуу өтө чоң кыйынчылыкты туудуруп келген. Азыр айлык жогорулап, күнүмдүк керектөөлөрдү жакшыраак камсыздоого мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Анткени айлыктын жогорулашы кызматкерлердин кызыгуу менен чыгармачылыкта изденип иштөөсүнө жол ачат деп ишенгим келет, — дейт Гүлзат Үрпөева.
Белгилей кетсек, Гүлзат Барктабасовнага окшогон мектепке чейинки билим берүү мекеме жетекчилери буга чейин жогорку билими менен 12 миң сомдун тегерегинде эмгек акы алып иштеп келишкен. Жетекчи белгилегендей, жогорулатылган маянанын социалдык маанайга тийгизген таасири да жогору болуп, оң өзгөрүүлөрдү жаратары анык. Маселен, тарбиячылар жеке менчик бала бакчаларга же башка тармактарга кетүүсү азайып, кадрлар турукташат, ошондой эле жоопкерчилиги өсүп, тарбиячылардын ишке болгон мотивациясы да жогорулайт. Андан тышкары, балким бул эң маанилүүсү болушу мүмкүн – жогорку окуу жайларды жаңы аяктап жаткан жаш кадрлар мамлекеттик бала бакчаларга иштөөгө кызыкдар болот.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер