БАКУДАГЫ ОЛИМПИАДАДА НАРЫНДЫК ОКУУЧУ КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢДИ

  • 19.12.2017
  • 0

БАКУДАГЫ ОЛИМПИАДАДА НАРЫНДЫК ОКУУЧУ КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢДИ

Бакуда 10-15- декабрда физика, химия, математика предметтери боюнча өткөн „Таланттарды даярдоо лабораториясы“ аттуу эл аралык олимпиадасына кыргызстандык мектеп окуучулар командасы катышып келди.

  • Мамбетов Камил, Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы лицейдин             8-классынын окуучусу (химия);
  • Султанидинов Султан , Нарын шаарындагы М. Субакожоев атындагы Эл аралык билим берүү мекемесинин 9-классынын окуучусу (физика);
  • Абасканов Амир , Эл аралык „Сапат“ билим берүү мекемесинин 8-классынын окуучусу (математика).

Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы лицейинин мугалими Ажыбаев Улукбек команданын жетекчиси болуп барып келди.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Нарын шаарынын Субакожоев атындагы лицейинин 9-классынын  окуучусу Султанидинов Султан коло медалына ээ болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер