АЗЫРКЫНЫН ДҮЙШӨНҮ

  • 11.03.2019
  • 0

Дүйнө жазуучусу Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасындагы Дүйшөн бизге ар дайым балага билим-тарбия берүүнү эңсеген биринчи мугалимдин образын элестетип турат эмеспи. Бул чыгарма жаралгандан бери канча жылдар өтүп, заман өзгөрүп, заман менен кошо коомдун көз карашы өзгөрүп, бүгүнкү санариптешкен, интернеттешкен заманга жетип отурабыз. Бирок бүгүнкү ааламдашуу доорунда дагы арабызда заманбап Дүйшөндөрдүн бар экендиги кубантпай койбойт. Биз төмөндө сөз кыла турган Талас районунун Балбал айылынын Балбал орто мектебинин мугалими Уланбек Молдокуловду дал ушул азыркынын Дүйшөндөрүнүн бири десек болот. Себеби ал отуз эки жылдан бери бала тарбиялап, он жылдан бери эки айылдын ортосунда жөө каттап, өзүнүн сүйүктүү мугалимдик кесибин аркалап келет.

АЗЫРКЫНЫН ДҮЙШӨНҮ

Уланбек Молдокулов 1987-жылдан бери өзү туулуп өскөн Балбал айылында сүрөт, эмгек сабагынын мугалими болуп иштейт. Акыркы он жылдык өмүрү коңшу Козучак айылындагы М.Мамбетов атындагы орто мектеп менен Балбал орто мектебинин ортосунда өттү. Эки айылдын аралыгы үч километрден алыс. Күнүгө жөө барып келет.

– Кээде алдыман унаа чыгып калса түшүп алам. Бирок көбүнчө жөө кетем. Эки айылдын ортосунда токой бар. Чынын айтсам ошол жерден өткөндөн бир аз корком. Себеби далай жолу алдымдан карышкыр, чөө чыгып эсимди кетирген, — дейт Уланбек агай. Уланбек Молдокулов пенсия курагына келип калгандыктан быйыл коңшу айылдагы экинчи жумушун өткөрүп берди. – Жаш өткөн сайын жан таттуу болуп калат окшойт. Бир чети ошол карышкыр, чөөлөрдөн корксом, бир чети ден соолугум мурдагыдай болбой экинчи жумушумду таштаганга туура келди. Анын үстүнө мурдагыдай жөө баса албай да калдым. Кыштын күнү, жазында жаан-чачында кыйын болуп калат экен. Кээде нөшөрлөгөн жаанга, борошологон карга, көз байлаган туманга туш келип калам. Эгерде мектептин окуучусу болсом мындай күндөрү сабакка барбай деле коймокмун, бирок мугалим болгондон кийин анте албайсың, айла жок эч нерсеге карабай мектепке барууга туура келет. Себеби эч качан окуучу мугалимди күтүп калбашы керек, — дейт агай.

Бул мугалимдин өзүнүн түзүп алган күнүмдүк режими бар. Эртең менен эрте туруп тамактангандан соң дайыма сабакка даярданат. Андан кийин оюна келгендерди чиймелеп кагазга түшүрүп коюп мектепке кетет. Эки мектептин тең көркөмдөп, кооздоо иши ушул агайдын мойнунда. Кандай ишчара болбосун, кандай жасалгалоо иштери болбосун анын колунан өтмөйүнчө болбойт. Балбал орто мектеби чакан, анда эки жүзгө жетпеген бала окуйт. Мектеп болсо эски, учурда авариялык абалда экендигине карабай балдарга билим берилүүдө. Музей ачууга ашыкча бөлмө жок болгондуктан өзү демилге көтөрүп “Ачык асман алдында” музей уюштурган. Ал жакка “Беш-Таш” жайлоосунан жана ага жакын жердеги айылдардын талааларынан тапкан балбал таштарды, кумара, кумган, бастек сыяктуу илгерки буюм-тайымдардын калдыктарын, жаныбарга, адамдарга окшогон түрдүү тал-теректердин тамырларын чогултуп, ачык асман алдындагы музейге жайгаштырган.

Уланбек агайдын үйү мектептин жанында болгондуктан убагында мектепке келген текшерүүчүлөрдүн, коноктордун бардыгы агайдын үйүндө сый болуп кетчү.

– Ал тургай районго семинарга, окууга келгендердин баарын биздин үйгө ээрчитип келип алчу. Мектептин мугалимдери болсо Жылдыз эженин кышкыга даярдаган капустасын, маринаддалган бадыраңын жейбиз деп келе беришчү. Мен дагы ошол кезде жаш экем, эч бир түйүшүгүнө карабай келген конокторунун баарын узатчумун, — дейт жубайы Жылдыз.

Уланбек агай менен Жылдыз эже чейрек кылым бирге түтүн булатып, сегиз баланы тарбиялашты. Учурда небере тургай чөбөрө көрүп, байбичеси экөө бактылуу карылыкта өмүр сүрүп жаткан кези. Бош убактысында чарба иштери менен алек. Бир гектарга чукул жерге алманын түрлөрүн тигип алган. Кээ бир учурларда айылдаштарынын суранычын аткарып сүрөттөрүн тартып, үйлөрүн жасалгалап берет.

– Мурун адамдардын портреттерин укмуш сонун кылып тартып берчү. Бир окуядан кийин бул ишин токтотуп салды. Бир апанын жалгыз уулу каза болуп калып, ошонун өтүнүчү менен уулунун портретин тартып берген. Ал апа сүрөттү көрүп алып аябай капа болуп, буркурап ыйлагандан кийин атам каза болгон адамга жан киргизе албагандан кийин экинчи портрет тартпайм деп токтотуп койгон, — дейт уулу Нурадил.

Ал тургай Уланбек агай убагында колго жыгачтан сандык, түрдүү буюмдарды да жасачу экен. Кийинчерек бул өнөрүн дагы токтотуп, бар күчүн, убактысын бала тарбиялоого жумшап, өзүнүн өмүрүн мектепке байлап койгон.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА, “Кут Билим”

(Материал КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана Европа биримдигинин “Мугалим кесиби” сынагынын алкагында жазылды)

Бөлүшүү

Комментарийлер