АЙТМАТОВГО 95 ЖЫЛ

  • 13.12.2023
  • 0

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95жылдыгына арналган жыйынтыктоочу иш-чара   №98 жалпы билим берүү мектебинде болуп өттү.

АЙТМАТОВГО 95 ЖЫЛ

Кыргыз Республикасында «Кыргыз тили жана Чыңгыз ааламы” атылышындагы үч айлыктын алкагында, бардык  билим берүү мекемелеринде улуу жазуучуга арналган иш-чаралар өткөрүлдү.

Аталган мектепте да улуу жазуучунун 95жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Жыйынтыктоочу иш-чарага Октябрь райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Чынара Жаныкеева, Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин башкы адиси Чынара Бактыгулова, Октябрь райондук Билим берүү башкармалыгынын башчысы Ем Любовь, жетектөөчү адиси Анара Турдакунова, мектеп жамааты жана окуучулар катышты.

АЙТМАТОВГО 95 ЖЫЛ

№98 мектептин директору Канат Урматовдун айтымында, мектептин жалпы эмгек жамааты, окуучулардын бири да бул иш-чарадан четте калган жок.

  • Чыңгыз Айтматовдой улуу жазуучубузду өзүбүз даңазалабасак, башка ким даңазалайт!? Мамлекеттик деңгээлде белгиленип жаткан Чыңгыз Айтматовдун 95жылдыгына арналган иш-чарага биздин мектеп да кызуу даярдык көрүп, терең маани берип карадык. Жазуучубуз жөнүндө ар бир окуучубуз билип жүрүүгө, анын чыгармаларындагы катылып жаткан түпкү маани-маңызын көкүрөгү менен сезе билүүгө тийиш. Бул принципти бекем тутунган биздин эмгек жамаатыбыз да үч айлыктын жүрүшүндө албан-албан иштерди аткардык. Бир гана кыргыз тили жана адабияты мугалимдери эле эмес, бардык предметтин мугалимдери сабактар аралык байланыштардын негизинде Айтматовду жана анын чыгармаларын даңазалап жатты. Окуучулардын ар бир суроосуна жооп бере тургандай деңгээлге жеткирүүнү максат кылганбыз. — деди директор.

АЙТМАТОВГО 95 ЖЫЛ

«Кыргыз тили жана Чыңгыз ааламы” аталышындагы үч айлык иш-чаранын алкагында, мектеп окуучулары тарабынан 300гө жакын ар кыл темадагы дилбаяндар жазылды, 50гө жакын дубал газеталар жасалды. Окуучулар райондук, шаардык кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болушту. Үч айлыктын жүрүшүндө мектептер арасында өткөрүлгөн “Шайыр тапкычтар” сынагы боюнча райондук деңгээлде экинчи, шаардык деңгээлде үчүнчү орунду камсыздашты. Ал эми “Дилгир” сынагында биринчи орунду алышты.

Мындан сырткары, ушул эле иш-чаранын алкагында кыргыз тили жана адабияты мугалимдери менен башталгыч класстардын он күндүк декадасы орун алды. Анын негизинде кыркка жакын класстык сааттар, 16 ачык сабак өттү. Үч ири адабий кече уюштурулду.

АЙТМАТОВГО 95 ЖЫЛ

Директордун айтымында, мектептеги ийримдер да бул иш-чарадан четте калган жок. “Сүрөт жана искусство” ийрими окуучулар менен биргеликте Чыңгыз Айтматовдун сүрөт композициясын даярдашып, ал  Г. Айтиев атындагы улуттук музейде залкар жазуучунун 95жылдыгына арналган чоң көргөзмөгө коюлуп, жогорку баага татыктуу болгон.

АЙТМАТОВГО 95 ЖЫЛ

№98 жалпы билим берүү мектеби 2022-жылдын 1-сентябрында ачылган. 480 балага ылайыкталган.  Учурда эки смен менен 1007 окуучу билим алат.58мугалим эмгектенет, анын алтысы Билим берүүнүн мыктылары.

Мектептин өзгөчөлүгү – IT  багытына басым жасалгандыгында. Бул багытта IT кружоктор ачылып, демөөрчүлөрдүн жардамы менен техникалык камсыздоо ишке ашырылган. Учурда 48 окуучу тереңдетилген IT багытындагы билим алууда. Андан сырткары, сүрөт, волейбол, каратэ ийримдери боюнча да жакшы жетишкендиктерге ээ.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер