АЙТМАТОВ СЫЙЛЫГЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

  • 31.10.2022
  • 0

Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ ПААнын сыйлыгы филология илимдеринин доктору Шухрат Сирожиддиновго ыйгарылды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

АЙТМАТОВ СЫЙЛЫГЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Даражалуу сыйлыкты 28-октябрда Самарканд шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кезектеги отурумунда КР ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев тапшырды. Айтматов сыйлыгын А.Навои атындагы Ташкент мамлекеттик Өзбек тили жана адабияты университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Шухрат Сирожиддиновго ыйгаруу сунушун КМШ ПААнын Маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы киргизген.

Сыйлыкты тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн КР ЖК Төрагасы Нурланбек Шакиев сунушталган талапкерди Жогорку Кеңеш толук колдой тургандыгын белгилеп, залкар жазуучубуздун элесин түбөлүккө калтыруу максатында Жогорку Кеңеш тарабынан демилгеленген Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык урматтуу Шухрат Самариддиновичке адабиятка кошкон зор салымы үчүн ыйгарылып жаткандыгына кубанып жатканын билдирди.

 Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер