“АЙТМАТОВ ААЛАМЫНДАГЫ МУГАЛИМ — 2023”:  ОНЛАЙН КАРОО-СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 26.01.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен “Мугалим” илимий-педагогикалык түстүү журналы билим берүү мекемелеринде эмгектенип жаткан мугалимдер үчүн өткөргөн республикалык “Айтматов ааламындагы мугалим — 2023” онлайн кароо-сынагынын жыйынтыгы Ж.Баласагын атындагы КУУнун базасында өтүп жатат. Сынактын баш байгесине атбашылык,  Боогачы атындагы орто мектебинин мугалими Урмат Саалаев татыктуу болду.

“АЙТМАТОВ ААЛАМЫНДАГЫ МУГАЛИМ - 2023”:   ОНЛАЙН КАРОО-СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

“Кыргыз тили жана Айтматов ааламы”

«Айтматов ааламындагы мугалим — 2023» онлайн кароо-сынагы Ч.Айтматовдун 95, Т.Айтматовдун 120,  “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын 10 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын жана “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгын жүзөгө ашыруу максатында республикалык деңгээлде өткөрүлдү.

Кароо-сынакка жалпы билим берүүчү орто мектептерде, гимназия-лицейлерде, мектеп-интернаттарда, кесиптик лицейлерде, колледждерде, институттарда, университеттерде, мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарында эмгектенип жаткан интеллектуалдык потенциалы бийик, тажрыйбалуу, таланттуу, ар тараптан өздөрүнүн чыгармачылыгы менен айырмаланган мугалимдер, тарбиячылар, окутуучулар, ийрим жетекчилер катышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Салтанаттуу аземди ачып жатып, И.Исамидинов атындагы ПКМДнин директору, п.и.д., профессор, “Мугалим” журналынын башкы редактору Рахат Сулайманова ачып жатып, буга токтолду: “Мугалим – кесиптердин төрөсү. Биз сиздер менен сыймыктанабыз, кесиптештер! Ушул сынакка катышкандардын турмушундагы эң чоң бурулуштар башталды. Кыргызстандын бардык облусунан келген мыкты мугалимдерди ушул жерде отурган студенттер көрүп, таасир, үлгү алышат.  Мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүү, даңазалоо, зоболосун көтөрүү – башкы максатыбыз”.

Сынактын максаты жана милдети

Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгын, адабий мурастарын даңазалоо; чыгармачыл мугалимдерди табуу жана аларды жалпыга таанытуу менен мыкты  мугалимдерди үлгү катары көрсөтүү; республикадагы чыгармачыл мугалимдерди топтоо, аларды “Мугалим” илимий-педагогикалык журналына чагылдыруунү көздөдү.

Өтүү шарттары

Катышуучулардын  эмгек стажы үч жылдан кем эмес болушу шарт эле. Улутуна, жашына чек коюлган жок. Сынак ноябрь, декабрь айларында онлайн түрүндө эки этап, алты багыт менен өткөрүлдү. Сынак жана сынактын тапшырмалары кыргыз тилинде (мамлекеттик тилде) жүргүзүлдү.

“АЙТМАТОВ ААЛАМЫНДАГЫ МУГАЛИМ - 2023”:   ОНЛАЙН КАРОО-СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Катышуучулардын ар бир аткарган тапшырмасы көз карандысыз калыстар тобу, редакциялык кеңеш, аймактык координаторлор тарабынан бааланды. Калыстардын курамы педагог-окумуштуулар, жаӊычыл, чыгармачыл мугалимдерден түзүлгөн.

Сынакка катыша  турган мугалимдер 2023-жылдын 15-ноябрына чейин табыштама (заявка) толтуруп, аны журналдын электрондук дарегине жөнөтүштү.

Катышуучуларга тесттик тапшырмалар берилди. Маселен, биринчи тест Ч.Айтматовдун өмүрүн жана чыгармачылыгын, аңгемелерин камтыды. Экинчи тапшырмада көркөм окуу болду. Анда Ч.Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окуп, видеого тартып, иштеген мекемесинин же өздүк ютуб каналына жүктөп, шилтемесин уюштуруу тобуна жиберип турушту. Убактысы 3-5 мүнөт болчу. Айрым катышуучулардыкы убакыттан ашып кеткен, талапка жооп бербеген үчүн сынактан четтетилди. Үчүнчү тапшырма боюнча “Айтматов ааламындагы мугалим” темасында эссе жазуу каралган эле. Ал эми сынактын экинчи этабына чыккан катышуучулар Ч.Айтматовдун повесттери боюнча тесттик тапшырма аткарышты. Ошондой эле Ч.Айтматовдун романдары боюнча тесттик тапшырмага жооп беришти.

“Кара кылды как жарган” калыстар тобунун чечими

Калыстар тобу сынактын Жобосуна ылайык, бардык талаптарды эске алуу менен эң мыктыларды аныкташты. Баш байге алыскы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Боогачы атындагы мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Урмат Саалаевге кетти. Ал  “Айтматов ааламындагы мугалим — 2023” наамы жана баш байгени жеӊип алгандыгын тастыктаган диплом, “Мугалим” төш белгиси жана уюлдук телефон менен сыйланды. Жеӊүүчү «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын «Мугалимдин имиджи» рубрикасына  чагылдырылат. Ал эми 1-, 2-, 3-орунга чыккан эжей-агайлар өз-өзүнчө аныкталды. Ошондо эжейлер арасында:  1-орунга Ысык-Ата районундагы “Алтын Уя”  мектебинин мугалими Гүлзада Осокеева, 2-орунга кайрадан эле Боогачы атындагы орто мектебинин мугалими Гүлзат Ибраева, 3-орунга Манас районундагы Ш.Кочорбаев атындагы орто мектебинин мугалими Гүлбарчын Төлөгөнова  татыктуу болушту. Ал эми агайлар арасында: 1-орунду Кочкор районундагы  Ш.Рысмендеев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Болот Бообек уулу, 2-орунду Кара-Балта шаарындагы Жайыл Баатыр атындагы лицейдин мугалими Орозбек Шакирали уулу  жана 3-орунду Лейлек районунан келген Калыйнур Зулпукаров камсыз кылышты. 1-орун алгандар  “Айтматов ааламындагы мугалим — 2023” наамы жана I даражадагы диплом, статуэтка жана төш белги, планшет (бир агай, бир эжей); 2-орунга чыккандар  “Айтматов ааламындагы мугалим — 2023” наамы жана II даражадагы диплом, статуэтка жана төш белги, Айтматовдун 8 томдугу (бир агай, бир эжей) жана 3-орунду камсыз кылгандар “Айтматов ааламындагы мугалим — 2023” наамы жана  III даражадагы  диплом, статуэтка жана төш белги, смарт саат (бир агай, бир эжей) менен сыйланышты. Ошондой эле  4-5-орунду жеңип алгандарга  диплом, кызыктыруучу сыйлык (китеп) тапшырылды.

“АЙТМАТОВ ААЛАМЫНДАГЫ МУГАЛИМ - 2023”:   ОНЛАЙН КАРОО-СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Калган катышуучулар дагы кур кетпей Ардак грамота, “Айтматов ааламындагы мугалим — 2023” титулу менен сыйланышты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер