АТТЕСТАТ ЖАНА КҮБӨЛҮК ЭЛЕКТРОНДУК ФОРМАТТА ДА БЕРИЛЕТ

  • 21.05.2024
  • 0

Быйыл 11-классты 76 миңден ашык бала, 9-классты 127 миңден ашык бала аяктап жатат. Мында жеке менчик мектептердин жана лицейлердин бүтүрүүчүлөрү да бар.

Мектептеги, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Алымкан Мырзалиева билдиргендей, мектеп бүтүрүүчүлөрү быйыл орто жалпы билими тууралуу аттестаттарды жана негизги жалпы билими тууралуу күбөлүктөрдү электрондук форматта жана кагаз түрүндө да алышат.

— Жаңы түзүлгөн «Санариптик билим берүү борбору» мамлекеттик мекемеси менчиктин түрүнө карабастан бардык билим берүү мекемелеринде ишке ашырылган жана бардыгы үчүн бекер болгон КҮБӨЛҮK программалык порталды иштеп чыкты.

Мурда ар бир мектеп жетекчилиги аттестаттагы бааларды кол менен толтурса, эми бардык аттестат жана күбөлүктөр санариптик форматта болот, ал эми «Учкун» басмаканасы маалыматтарды КҮБӨЛҮК системасынан алат, б.а. Процесс кагаз ишинен  санарипке толугу менен өттү. Бул процесс боюнча жаңы жобо иштелип чыкты.

Бүтүрүүчүнүн аты, фамилиялары Түндүк системасынын кызматтарынан алынган, андыктан фамилияларды жазууда мурункудай каталар болбошу керек. Мектеп жетекчилиги маалыматтардын тактыгы боюнча  жооптуу болушат. Документтер жакында Түндүк тиркемесине жүктөлөт. Мындан тышкары, аларды KҮBӨLҮK системасындагы аттестаттардын жана күбөлүктөрдүн реестринен онлайн режиминде текшерсе болот, — деди.

Маалымдалгандай, учурда 2018-2023-жылдагы бүтүрүүчүлөрдүн маалыматтары базага киргизилип жатат. Мектеп бүтүрүүчүлөрү документтерин кагаз түрүндө да алышат, аны эч ким жокко чыгарган жок. Эскерте кетсек, аттестат жана күбөлүк мамлекет тарабынан бекер берилгендиктен, документ толтурууда акча топтоолорго тыюу салынат.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер