«АТАМЕНЕН» ДОЛБООРУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

  • 11.06.2024
  • 0

Нарын шаарында Салымбеков Университетинин Билим жана Инновация борборунда балдардын тарбиясында аталардын катышуусун жогорулатууга багытталган АтаМЕНен долбоорунун жыйынтоочу иш-чарасы болуп өттү.

"АТАМЕНЕН" ДОЛБООРУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

"АТАМЕНЕН" ДОЛБООРУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ"АТАМЕНЕН" ДОЛБООРУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун кызматкери Салтанат Адылбек кызынын маалыматына таянсак, иш-чара Нарын жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрацияларынын  өкүлдөрүнүн, жергиликтүү бийлик органдарынын, Ага Хан фондунун кызматкерлеринин, MSDSP KG коомдук фондунун  Нарындагы офисинин директору Жылдыз Сулейманованын, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкованын, «Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери» Ассоциациясынын өкүлдөрүнүн жана долбоордун активдүү  мүчөлөрүнүн катышуусу менен коштолду.

"АТАМЕНЕН" ДОЛБООРУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ"АТАМЕНЕН" ДОЛБООРУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Нарын мамлекеттик администрацияларынын  социалдык тармак боюнча жооптуу адиси Элиза Байтокова долбоордун жергиликтүү эл үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, анын жыйынтыктарын жана тажрыйбаларын башка дагы айыл аймактарга жайылтуу актуалдуу экендигин айтты. Ал эми Жылдыз Сулейманова долбоордун катышуучуларына жана ишке ашыруучу өнөктөштөргө ийгиликтүү жыйынтыктар үчүн ыраазычылык билдирди. Роза Кайыкова Фонд үчүн балдарды эрте курактан өнүктүрүү приоритеттүү багыт экендигин жана долбоордун позитивдүү жыйынтыктарын туруктуу жайылтуу, күнүмдүк жашоодо колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"АТАМЕНЕН" ДОЛБООРУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ"АТАМЕНЕН" ДОЛБООРУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө аткаруучу өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү Азамат Алагөз уулу жана Рахат Мамыткожоев долбоордун жыйынтыктары жана аткарылган иштер боюнча презентация кылышты. Буга кошумча пилоттук айылдардын өкүлдөрү өздөрүнүн долбоордогу тажрыйбалары, жетишкендиктери менен бөлүшүп, музыкалык номерлерди аткарышты. Ага Хан фондунун өкүлү Сардор Махмудов долбоордун жыйынтыгы боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен бөлүшүп, дээрлик баардык индикаторлор аткарылгандыгын кошумчалады.

"АТАМЕНЕН" ДОЛБООРУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ"АТАМЕНЕН" ДОЛБООРУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

— Жабылуу иш-чарасынын үчүнчү бөлүгүндө “Позитивдүү ата-энелик”, үй- тиричилигинде болгон милдеттердин тең аткарылышы жана үй-бүлөдөгү чечим чыгаруудагы теңчилик боюнча панелдик талкуу уюштурулду. Панелдик талкууга бул багытта кесиптик жана жеке тажрыйбалары менен белгилүү атайын чакырылган коомдук ишмерлер, адистер катышты. Педагогика илимдеринин доктору Улан Мамбетакунов балдарды тарбиялоодо ата менен эненин милдеттеринин бирдейлиги, анын балдардын жашоосуна тийгизген таасири тууралуу презентациясын сунуштады. Ал эми журналист Ибрагим Нуракун уулу балдардын жашоосундагы активдүү атанын орду, үй-бүлөдөгү гендердик теңчиликтин, кыздарга билим берүүнүн   балдардын психологиясына, бактылуулугуна  тийгизген таасирин жеке тажрыйбасынын негизинде катышуучулар менен тең бөлүштү. Билим берүү боюнча адис Зарина Макен илимий изилдөөлөрдүн негизинде аталардын балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу маалыматтарды берип, тил, салт жана этнопедагогиканы колдонуу бул багытта абдан маанилүү экендигин ырастады. Педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматов жеке изилдөөлөрүнүн жана аталардын балдардын жашоосундагы орду боюнча жазган, чет тилдерден которгон китептеринин негизинде катышуучуларга актуалдуу маалыматтарды берди.     «АтаМЕНен» долбоору 2022-жылдын апрель айынан 2024-жылдын апрель айына чейин Ага Хан Фонду менен биргеликте “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Айылдардагы ден соолук комитеттеринин ассоциациясы менен өнөктөштүктө Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Ат-Башы жана Нарын райондорунда ишке ашырылды, — дейт долбоордун координатору Азамат Алагөз уулу.

Долбоордун алкагында позитивдүү практикаларды максаттуу өзгөрүүлөрдү алып келүү үчүн колдонуу, айыл өкмөт, активисттер жана жергиликтүү элдин өз ара тажрыйба алмашуусу, жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылды. Төрт айыл аймагында жалпысынан бир миллион эки жүз миң сомдон ашык суммага жергиликтүү демилгелер колдоого алынды. Анын натыйжасында 2 ресурстук борбор, 1 окуу борбору жана 1 балдар аянтчасы ишке берилди. Буга кошумча 2000ге жакын ата-энелер, жашоочулар ымыркайлардын, өспүрүм кыздардын жана репродуктивдик курактагы аялдардын тамактануусунун өзгөчөлүктөрү, атанын балдарды камкордукка алуудагы ролу, баланын эрте курактан өнүгүшү сыяктуу темаларда кошумча билимдерди ала алышты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер