«АТАМ, АПАМ, МЕН — ТЕХНИКАЛЫК ҮЙ-БҮЛӨ!»

  • 12.12.2023
  • 0

«АТАМ, АПАМ, МЕН - ТЕХНИКАЛЫК ҮЙ-БҮЛӨ!»

10-декабрдан 13-декабрга чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы менен биргеликте «Атам, апам, мен – техникалык үй-бүлө!» аттуу эл аралык конкурсун өткөрүүдө.

Конкурстун максаты – окутуу-тарбиялоо процессинде өнөктөш катары үй-бүлөнүн ролун күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында балдардын илимий-техникалык жөндөмүн өнүктүрүүдө анын маанисин жогорулатуу.  2023-жылдын ноябрь айында республика боюнча сынактын облустук туру өтүп, ага өлкөндүн бардык аймактарынан 200дөн ашык үй-бүлө катышкан.  Бирок ар бир облустан экиден гана үй-бүлө финалга жолдомо алган. Эл аралык мелдешке Кыргызстандын региондорунан келген үй-бүлөлөрдөн тышкары, Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын командалары катышат.  «Атам, апам, мен – техникалык үй-бүлө!» эл аралык конкурсунун салтанаттуу ачылышы 11-декабрда «Novotel Bishkek City Center» мейманканасында болуп өткөн. Ага КР Билим берүү жана илим министри, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, ошондой эле Москва мамлекеттик «СТАНКИН» технологиялык университетинен, Бүткүл россиялык «Орлёнок» балдар борборунан жана Казакстан Республикасынын «Бобек» Улуттук илимий-практикалык, билим берүү жана ден соолукту чыңдоо борборунан келген  коноктор катышкан.  Бүгүн, 12-декабрда И.Раззаков атындагы КМТУда конкурстун экинчи этабы өтүүдо. Анда катышуучулар онлайн тестирлөө аркылуу жалпы техникалык маселелер боюнча өздөрүнүн эрудициясын көрсөтүшү керек. Үй-бүлөлөр алдын ала берилген «үй тапшырма» боюнча өздөрүнүн техникалык өнүгүүсүн коргошот. Бул жылы атаандаштарга жер, суу жана аба аркылуу үч чөйрөдө жүк жана адамдарды ташуу үчүн перспективдүү унаа моделдерин иштеп чыгуу сунушталды.

«АТАМ, АПАМ, МЕН - ТЕХНИКАЛЫК ҮЙ-БҮЛӨ!»

«Атам, апам, мен – техникалык үй-бүлө!» эл аралык конкурсу бул жөн гана үй-бүлө майрамы эмес, ата-энелер менен балдар чогуу иштөөсүнө, ортодогу байланышты түзүүгө, бири-бири менен кызыккан ой-максаттары менен бөлүшүүгө чоң мүмкүнчүлүк. Жана ошондой эле студенттердин техникалык билимин өнүктүрүү үчүн эң сонун стимул. Анткени Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү квалификациялуу инженерлерден, конструкторлордон жана техниктерден көз каранды!

Бөлүшүү

Комментарийлер