АТА-ЭНЕ МЕНЕН БАЛАНЫН МАМИЛЕСИ

  • 11.01.2024
  • 0

Капалов Эшимбек атындагы орто мектебинде “Энелер мектебинин программасынын негизинде «Ата-эне менен баланын мамилеси» деген темада Абышкаева Наргиза жана Алтынбек кызы Алмакан ата-энелер менен чогуу тарбиялык сабак өтүштү. Ата-энелер өздөрүнүн суроолоруна жооп алып, сабактын жүрүшүнө абдан  ыраазы болуп, ыраазычылыктарын билдиришти.

АТА-ЭНЕ МЕНЕН БАЛАНЫН МАМИЛЕСИ

— Баланын бактысы ак сарайда же алачыкта туулганында эмес, ал кандай эненин кучагына жарык дүйнөгө келгенинде. Мээримге толгон камкор эненин кучагында туулса, демек анын бактысы ошол. Ар бир үй-бүлө чөйрөсү уникалдуу жана тарбиялоо ыкмалары ар кандай болушу мүмкүн. Балдар чексиз сүйүүнү жана колдоону сезүү керек. Аларга камкордугунду жана сүйүүңдү билдирип тур. Балдар менен баарлашканга убакыт таап, алардын сезимдери жана тажрыйбасын түшүнүүгө аракет кылыңыз. Андыктан баланын өткөөл курагын түшүнүү менен кабыл алып, туура мамиле кылса, бала келечекте жакшы жолго түшөт. Мына ушу сөздөрдү ата-эненин  жүрөгүнө орното алган класс жетекчилерибиз болду, — дейт уюштуруучулар.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер