АТ-БАШЫ: МУГАЛИМДЕР «АЛТЫН КАЗЫК» НОУТБУГУ МЕНЕН САБАК ӨТҮҮДӨ
- 05.09.2025
- 0
Ат-Башы районунун бардык жалпы билим берүүчү мекемелерине «Алтын Казык» ноутбугу жеткирилип, аны менен мугалимдер сабак өтүп жатат.

1-сентябрь күнү биринчи класстын окуучулары үчүн көптөн күткөн биринчи коңгуроо кагылып, алардын ата-энелери балдарынын алгачкы сабагына кубануу менен күбө болушту. Район боюнча 11327 окуучунун ичинен 1-класска 860, 2-класска 1021 окуучу кирди, алар 12 жылдык билим берүүнүн алгачкы окуучулары. Ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмуна 2283 бөбөк келди.



Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнө август айында жалпы 217 даана ноутбуктар берилди. Райондогу 20 орто мектептин STEM предметтеринин мугалимдерине таратылып берилсе, сентябрь айында англис тили мугалимдери үчүн 67 даана ноутбуктар келип, бүгүнкү күндө таратылып берилди. Жалпы 274тү түзөт. Баардык мугалим санарип кампа, электрондук күндөлүк ж.б. платформаларын колдонуп жатат. Мектептерде STEM багытындагы мугалимдер ата мекендик «Алтын Казык» брендиндеги ноутбуктар менен сабактарды өтүү жеңилдеп калганын айтып, кубанычтарын тең бөлүштү.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер