АСЫЛЗАТ АЙЫМДАРДЫ ЖАЛАҢ ЖАКШЫЛЫК ЖЫЛООЛОП ЖҮРСҮН!
- 10.03.2025
- 0
Эми, убакыт деген – сабалап учкан куш экен, мезгил чиркин билинбей өтө берет тура. Өткөн жылы эле азыркы Эгемен Кыргызстандын башаты болгон Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгы белгиленсе, быйыл алгачкы Кыргызстан аялдар комитетинин түзүлгөнүнө бир кылым толуп отурат. Демек, ал жаӊы кыргыз мамлекетин түптөө демилгеси менен дээрлик жашташ жаралган коомдук уюм болуп саналат.
Жаӊыдан жарык көргөн «Бүгүнкү күндүн каарман айымдары» журналынын Кыргызстандын 100 мыкты аялдарына арналган кезектеги санынын башкы каармандары – негизинен өлкөнү өнүгүшүнө бараандуу салымдарын кошуп, өздөрүнүн өтөлгөлүү өмүр жолу, өрнөктүү иши аркылуу көпчүлүктүн көзүнө илинип, көөнүнө толгон саясий жана коомдук ишмерлер, мугалимдер, дарыгерлер, илимпоздор, маданият кызматкерлери ж.б.у.с.лар. Мына ошол даректүү каармандардын арасында жөпжөнөкөй камкор энелер менен жароокер жарлардын тарыхый бейнесинин кошо тартылганы андан бетер кубанычтуу.
Демократиялык Кыргызстан аялдар комитети өз алдынча коомдук саясий уюм катары иш алпара баштаганына аз гана убакыт болгонуна карабастан, коомчулук менен тыгыз кызматташып, аялдар кыймылын жандандыруу, аларды коомдук жана саясий иштерге тартуу жаатында жигердүү иштеп жатканы байкалып турат.
Дегеле, Кыргызстан Аялдар комитети сындуу коомдук уюмдар уюшулган күндөн тартып эле өлкөнүн саясий жана коомдук турмушуна чапчаң аралашуу менен, жигердүү жана демилгелүү айымдардын башын кошуп, жамы журттун жеңилин жерден, оорун колдон алып келет десек жаңылбайбыз. Алардын алдыңкы сабында биз жогоруда сөз кылган баш каармандарыбыз турат.
Кайсы доордо, кандай заман болбосун, асылзаттын коомдогу орду өзгөчө болгонун тарых өзү таасын тастыктап келет. Түптүү кыргыз журтунан Каныкейдей даанышман, Айчүрөктөй асылкеч, Кыз Сайкалдай эрмүнөз, Жаңыл Мырзадай намыскөй, Курманжандай кайраттуу аялзаты арбын чыккан. Мындай жөрөлгөлүү, биресе көрөңгөлүү салтты кийинчерээк Бүбүсара, Зууракан, Керимбүбү, Күлүйпа, Бакен, Таттыбүбү сындуу кыздарыбыз улантты. Азыр дагы арабыз бош, уучубуз куру эмес экен, ушул басылма аркылуу алардын айрымдары менен жакындан таанышканы турабыз.
Мына, ары барбай, бери келбей эле, дал кылым мезгилдин ортосундагы Улуу ата мекендик согуш жылдарына кайрылалы. Буюрса, быйыл 9-майда Жеӊиштин 80 жылдык маарекеси белгиленгени турат.
Кыргызстан 360 миңден ашуун уул-кызын кан майданга аттандырган. Алардын жарымына жакыны Жеңиш күнүн көрбөй калды, көбү майып болуп кайтып келди. Ал эми майданды курал-жарак, тамак-аш, кийим-кече менен камсыз кылган, бала-чакасын багып, кары-картаңдарга каралашкан ооруктагы адамдар, айрыкча кыргыз аялдары дагы фашизм менен кармашкан жоокерлерден кем эмес эрдиктерди жасаганын жакшы билебиз, жакшы көрөбүз, жалпы сыйлайбыз.
Тилекке каршы, ооруктагы эмгекчилердин Улуу Жеңишке сиңирген эмгеги, тарткан азабы, татаал тагдыры ушул кезге чейин өз баасын толук алган жок. Ошондой каармандарыбыздын бири – 16 жашында Ысык-Көл облусундагы Түп районуна караштуу Күрмөнтү айылдык кеңешинин катчысы болгон Токтогон Алтыбасарова.
Ырас, Токтогон энебиздин Улуу Ата мекендик согуш учунда жасаган эрдиги тууралуу буга чейин арбын айтылды, көп жазылды, алтургай 1978-жылы эле Россияда «Жашагым келет» аттуу даректүү фильм тартылган, кийин Санкт-Петербуг шаарында эстелик орнотуу чечими кабыл алынып, ага «Россиянын Баатыры» наамын ыйгаруу демилгеси көтөрүлгөн.
Дээрлик 872 күнгө же 2,5 жылга созулган Ленинград курчоосу учурунда Ладога көлүндөгү «Өмүр жолу» аркылуу 330 миңден ашуун бала курчоодон чыгарылып, алардын көпчүлүк бөлүгү Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга алынып келинген.
Мына ошондо Токтогон Алтыбасарова күйөөсү экөө өзүнүн 8 баласына кошуп ленинграддык 150 баланы асырап алыптыр. Алар болжол менен 3-12 жаштар чамасында болгон. Токтогон апа ар бир баласынын аты-жөнүн, туулган жылын жатка билчү экен, алтурсун өз аты-жөнүн билбеген айрым балдарга ырым-жырымын жасап ысым ыйгарган учуру да болуптур.
Адегенде арып-ачкан, өңдөн азган балдардын абалын көрүп эстен танган адамдар да болуптур. Албетте, согуш кээрин, ачкачылык азабын тарткан балдардын бара-бара бутка туруп келишине, алардын татыктуу билим жана таалим-тарбия алышына жергиликтүү бийликтин да, айылдаштарынын дагы салымы чоң болгон.
Токтогон апа согуштан кийин алардын ата-энелерин издештире баштайт. Айрымдары табылат, айрымдары табылбайт. Калганын балдар үйүнө өткөрүп берүү чечими кабыл алынат. Ошондо өз баласындай асыраган балдары «апалап» ыйлап, сай-сөөгү сыздаган апасы «балдарым эми эмне болот» деп боздоп туруп ажырашкан дешет.
2015-жылы элет жергесинде 44 жыл иштеп, 23 жолу айылдык жана райондук кеңештин депутаттыгына шайланган Токтогон Алтыбасарова 90 жашында көз жумган. Бирок, асыраган балдары, айрымдарынын ата-энелери менен өлөр-өлгүчө тыгыз байланышып, өз ара катташып турган. Мына, карапайым кыргыз аялынын чыныгы каармандыгы, энелик мээрим менен адамдык айкөлдүктүн улуу үлгүсү!
Совет доорунда Кыргызстан менен Ленинград узак жылдар бою бекем достук байланышта болгон. Ошондон улам, мен 2022-жылы Токтогон эненин согуш мезгилиндеги каармандыгын эске алуу тууралуу атайын кат менен кайрылгам. Анын өз элине сиңирген эмгеги эске алынып, ага Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры наамы ыйгарылды. Эми бул бир мисал.
Өмүрү өрнөк, өчпөс из калтырган асылзат аялдардын даректүү бейнесин тартуу далалаты мактоого арзый турган демилге. Эми, 100 аялдын бейнесин шарттуу алынган нерсе, андай мыкты аялдарыбыздын саны миӊдеп саналат. Бул бир чети таалим-тарбиялык мааниси зор эмгек. Ал мамлекеттин кайсы бир тармагынын ишмердүүлүгүнө баам салып, талдоого алууга, тармактын ишин илгерилетүүгө салым кошкон адамдарды аныктоого да мүмкүнчүлүк берери бышык.
Аялзаты биз үчүн ар дайым аалам ажары, очок ээси, үй-бүлө куту болуп келген, болуп турат, боло берет. Аларсыз баарыбыздын өмүр өтөлгөбүз өксүк, дүйнөнүн бир өңүрү бөксө болмок. Сиздерге окшоп өз очогунун отун өчүрбөй, калк ичинде кадыр күткөн, элине эмгеги сиңген аялзатынын катары улам калыңдап баратканы жакшы жышаан. Алардын өлкө турмушунун баардык тармагында өз ордун таап, ар ишке батыл аралашып жатканы бизди абдан сыймыктандырат.
Ардактуу асылзат айымдар, «Аял жылмайса – аалам жылмаят!» дейт, ылайым жүзүңөрдөн шаңдуу күлкү кетпесин, жашоо жаӊы өчпөсүн. Күнүмдүк эмес, күрдөөлдүү ишиӊиздер менен эл эсинде калган дал ушундай унуткубуз келбеген, түк унута албаган куттуу очок ээси болушуӊарга чын дилимден тилектешмин. Дагы бир ирет – эл аралык майрамыӊар кут болсун!
Сүйүнбек Касмамбетов,
Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик катчысы
Комментарийлер