“АРУУЗАТ” ЖАҢЫ СЕЗОНУН АЧТЫ
- 02.07.2025
- 0
Нарын облусунун Кочкор районундагы “Аруузат” жайлоодогу өнүктүрүү борборунда жаңы жайкы сезондун ачылыш аземи болду.
Жайкысын жайлоодо жүргөн балдарды өнүктүрүүгө жана окутууга багытталган далбоор өзүнүн маанилүү миссиясын – жаратылыш жана салттуу маданият менен гармонияда эрте өнүгүүгө шарт түзүү милдетин улантууда.
Ачылыш балдардын жандуу концерттик программасы, улуттук оюндар, балдар жана алардын ата-энелери үчүн мастер класстар менен коштолду. Салтанатка Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лю Цзянпин, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдрайым уулу, Нарын облусунун жана Кочкор райондук администрация жетекчилери, Конфуций институтунун өкүлдөрү жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун өкүлдөрү катышты.
Кытай элчиси Лю Цзянпин өз кайрылуусунда мындай демилгелерди колдоого кызыкдар экендигин белгиледи.
— Балдар – өлкөнүн келечеги. Ал ар бир үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй элдин байлыгы. Бул менен Нарын облусуна болгон биринчи иш сапарым. Мен азыр араңарда келечектеги артисттер, актерлор, бийчилер, дипломаттар, ал тургай, өлкө жетекчилери бар деп ишенем”, — деди ал, балдарга жана мугалимдерге кайрылып.
Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдрайым уулу эрте балалыкка инвестиция тартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
— Мектепке чейинки курактагы балага бир доллар салуу келечекте коомго 8-20 доллар кайтарып берет. Ошондуктан мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү – бул өлкөнүн келечегине стратегиялык жактан маанилүү салым. Бул идея үчүн “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондуна жана колдоо көрсөткөн Кытай элчилигине ыраазычылык билдиремин”, — деди.
“Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова демилгени ишке ашырууга көмөк көрсөткөн бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.
— “Жайлоодогу өнүгүү борбору – бул жөн гана сабактар үчүн аянтча эмес. Бул өнүгүү аралдары, билимге болгон сүйүү жана эне маданиятын сыйлоо. Бизди колдогондордун баарына, өзгөчө КЭР элчилигиндеги досторубузга терең ыраазычылык билдиребиз!” – деди ал ыраазычылык сөзүндө.
Маалымат үчүн: “Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору” демилгеси 2013-жылдан бери “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан ишке ашырылып келет. Жайкысын тоолордо жайыттарда жүргөн балдарга билим алууга, маданий иш-чараларга катышууга жана коопсуз жана бай чөйрөдө ар тараптуу өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берүү идеясы турат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер