АНИМАЦИЯ ТАРТКАНДЫ ҮЙРӨНҮП АЛ

  • 25.06.2020
  • 0

Онлайн университети платформасынын Дизайн жана анимация лабораториясы 25-июнда саат 17:00до анимация тартуу процесси менен тааныштырган «Motion Graphics студиясы кантип иштейт?» аттуу кезектеги вебинарын уюштурат.

АНИМАЦИЯ ТАРТКАНДЫ ҮЙРӨНҮП АЛ

Вебинар эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүктө студиянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, анимациянын структурасы, аны даярдоо процесси баяндалат. Ал эми экинчи бөлүктө каарманы бар 2D кыска анимацияны практика жүзүндө тартылышы көрсөтүлөт.

Вебинардын спикери Нурила Козубаева Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин радио, телевидение, жана кино бөлүмүн, ошондой эле Түштүк Кореянын Улуттук маданият университетинин киноискусство факультетинин анимация бөлүмүн бүтүргөн. Азыркы учурда Түштүк Кореядагы «Чунг-Аң» студиясында эмгектенет.

Эске салсак, «Үйрөнүүнү үйрөн» урааны менен иш алып барган Онлайн Университети платформасы кесиптик жана инсандык өнүгүүгө багытталган бир катар вебинарлар сериясын, ошондой эле коомдук актуалдуу көйгөйлөр тууралуу ачык талкууларды өткөрүп келет.

 

Конференциянын идентификатору: 91609819725

Паролу: 634728

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер