АНГЛИС ТИЛИ ДЕКАДАСЫ БАШТАЛДЫ

  • 14.02.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына  жана окуучуларды англис тилине болгон кызыгуусун жана билим сапатын жогорулатуу буйругуна ылайык, А. Молдокулов атындагы  Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде “ Англис тили — эр аралык баарлашуу тили” деген темадагы англис тилинин бир айлыгынын ачылуу аземи 13-февралда болуп өттү.

АНГЛИС ТИЛИ ДЕКАДАСЫ БАШТАЛДЫ

Иш-чаранын максаты – электрондук ресурстардын айрым ыкмаларын колдонуу менен окуучулардын чет тилдерине болгон кызыгуусун арттыруу жана билим сапатын жогорулатуу. Окуучулардын сүйлөө речин, логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү менен эркин баарлашууну калыптандыруу, электрондук  ресурстарды  кеңири  колдоно  билүүсүн өнүктүрүү, окуучулардын мекенге, эл-жерине  болгон  сүйүүсүн  ойготуу, маданияттуу жүрүм-турумга тарбиялоо мугалимдердин башкы милдеттеринин бири болуп саналат.

АНГЛИС ТИЛИ ДЕКАДАСЫ БАШТАЛДЫ

Иш-чаранын ачылуу аземинде 11-класстын  окуучулары “English – is the language of international language”, 3-4-класстар “ I love English” темада сүрөт конкурсун жана “ABC party” кечесин уюштурушту. 5-6-7-класстар арасында “I love English because….” темасындагы отуз секундалык видео-ролик, 8-9-класстар арасында “English – is the language of international language” деген темадагы talking-club, 10-11-класстар арасында “ Jeoparty show” мелдеш-оюну өткөрүлөт.  Бул декаданын алкагында  бардык мугалимдер ачык сабактарды, мектеп ичинде ар кандай иш-чараларды уюштурууга тийиш.  Ал эми чет тилдер кафедрасынын мугалимдери арасында “Англис тилин окутуунун сапатын жакшыртуу” деген темада чоң талкуу өткөрүлөт.

АНГЛИС ТИЛИ ДЕКАДАСЫ БАШТАЛДЫ

 

Ар бир конкурска калыстар тобу белгиленип, жыйынтыгы 24-февралда чыгарылат. Жеңүүчүлөр грамоталар менен сыйланат.

 

Айгерим Токтобай кызы

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер