АМЕРИКАДА АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛГАН АЙНАЗИК

  • 11.07.2018
  • 0

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 18 жаштагы тургуну Айназик Мамадалиева АКШнын Висконсин штатындагы мектепте бир жыл акысыз билим алып келген. Учурда И.Раззаков атындагы КМТУнун кыргыз-герман факультетинде гидроэлектроэнергетика багыты боюнча билим алып жатат.

АМЕРИКАДА АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛГАН АЙНАЗИК

А.Мамадалиеванын айтуусунда, ал Америка өкмөтүнүн саясаты боюнча билим алган.

— Мен 2015-2016-окуу жылында FLEX программасынын негизинде Американын Висконсин штатындагы Ла Кросс шаарына барып, Ла Кросс Хайт мектебинде билим алып келдим. Бул программа Америкага барууга шарты жок, бирок билим алууну каалагандар үчүн эң ыңгайлуу экен. Эгер жашың туура келсе 9-класстан 11-класска чейинки окуучулар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Алар визасын, билет, жатакананы камсыздап, ай сайын 125 доллар өлчөмүндө стипендия төлөп беришет. Бул программадан өтүү үчүн биринчи тестирлөөдөн, экинчиден, эссе жазуудан, үчүнчүдөн, маектешүүдөн, анкета толтуруудан өтүү керек. Мында англис тилин канчалык деңгээлде билгениң текшерилбейт, — дейт ал.

Анын айтуусунда, алгач ушул программа менен башка өлкөлөрдөн барган окуучулар менен бир ай Молдавияда лагерде эс алышкан. Андан соң Америкага учуп, Чикаго шаарында, Огайо штатынын Колумбус шаарында, Висконссин штатынын борбору Мэдисон шаарында, Миннесота штатында жана башка кичи шаарларда саякатташкан.

— Американын эли достукту сүйгөн эл экен. Мен алардан эркин жана критикалык ой жүгүртүүнү жана эл ичинде калыптанган стереотиптик көз караштарга байланбоого үйрөндүм. Мен буга чейин уялчаак, тартынчаак элем. Ал сапаттарым калды.

АМЕРИКАДА АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛГАН АЙНАЗИК

Америкада жүрүп, англис тилин эң жакшы деңгээлде үйрөндүм. Учурда ата-энеме каржылык жактан көз каранды эмесмин. Өзүмдү өзүм каржылап, англис тилинен атайын курстарда сабак берем. Мени ар тараптан колдоп турган ата-энеме жана англис тилчи мугалимим Мейис Райымкуловага ыраазычылык билдирем, — деди А.Мамадалиева.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер