“АЛТЫН ТАМГА” ЖМАНЫ СТАНДАРТТАШКАН ТЕСТ ТҮРҮНДӨ ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО

  • 03.05.2018
  • 0

№1 Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу

№ 532/1  2018 жылдын „02“ майы менен бекитилген

Жалпы орто билим берүүнүн  билим берүү программалары боюнча  «Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын стандартташкан тесттер түрүндө өткөрүү жɵнүндɵ

ЖОБО

 

  1. Жалпы Жоболор;
  2. Өткɵрүү орду жана мɵɵнɵтү;

III.     Тестирлɵɵнү уюштуруу жана өткөрүү тартиби;

  1. Тестирлɵɵгɵ катышуу тартиби;
  2. Тестирлɵɵгɵ катышууга укук берүү тартиби;
  3. VI. Тесттердин дизайны;

VII.   Тестирлɵɵнүн жыйынтыктарын чыгаруу;

VIII. Техникалык аппеляциялык комиссиянын иштɵɵ тартиби;

  1. IX. Тестирлɵɵнү каржылоо

 

  1. Жалпы Жоболор

 

  1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын жалпы орто билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программаларын артыкчылык менен өздөштүргөн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен документ алууга талапкер болгон XI класстардын окуучуларынын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын катышуучуларын, өткөрүү мɵɵнɵтүн жана тартибин аныктайт.

Бул Жобо жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны ɵткɵрүүнүн тɵмɵнкү түрүн — стандартташкан тесттер түрүндөгү «Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын (текстте мындан ары «Алтын тамга» тестирлɵɵсү) белгилейт.

  1. XI класстардын окуучуларынын «Алтын тамга» тестирлɵɵсү окуучулардын жалпы орто билим берүү программаларын артыкчылык менен өздөштүрүү процессинин натыйжаларын аныктоо жана текшерүү каражаты болуп саналат.
  2. «Алтын тамга» тестирлɵɵсүнɵ катышуу билимге ээ болуу түрүнɵ карабастан жалпы орто билим берүүнүн жалпы билим берүү программаларын артыкчылык менен өздөштүргөн, жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен документ алууга талапкер болгон  XI класстардын окуучулары (текстте мындан ары — талапкерлер) үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
  3. «Алтын тамга» тестирлɵɵсүн ɵткɵрүүнүн максаттары тɵмɵнкүлɵр болуп саналат:

—       жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен документ алууга талапкерлердин билим деңгээлдерин баалоону жүргүзүү;

—        Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жɵнүндɵ” мыйзамынын аткарылышына кɵзɵмɵл кылуу;

—        мектептик билим берүү системасын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарын ɵркүндɵтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

  1. Өткɵрүү орду жана мɵɵнɵтү

 5. «Алтын тамга» тестирлɵɵсү ар бир окуу жылдын май айында ɵткɵрүлɵт. «Алтын тамга» тестирлɵɵсүн ɵткɵрүү мɵɵнɵтү жана орду министрлик тарабынан аныкталат.

 

Ш. Аттестацияны уюштуруу жана ɵткɵрүү

 

  1. «Алтын тамга» тестирлɵɵсүн уюштуруу жана ɵткɵрүү Улуттук тестирлɵɵ борбору (текстте мындан ары — УТБ), билим берүүнү мамлекеттик башкаруу органдары (райББ/шаардык ББ) жана жалпы билим берүү уюмдары тарабынан бул Жободо аныкталган тартипте жүргүзүлɵт.
  2. «Алтын тамга» тестирлɵɵсүнɵ катышууга үстүбүздɵгү окуу жылынын талапкерлерине гана укук берилет.
  3. «Алтын тамга» тестирлɵɵсүн ɵткɵрүүгɵ бардыгы болуп 5 саат 15 мүнѳт (астрономиялык саат) бɵлүнɵт, анын ичинде талапкерлерге кɵрсɵтмɵ берүүгɵ — 20 мүнɵт, окуу сабактарынан тестирлɵɵгɵ — 4 саат 15 мүнɵт, эки тыныгуу — 20 мүнɵттɵн (талапкерлерге экинчи тесттен кийин — 20 мүнɵт, тɵртүнчү тесттен кийин — 20 мүнɵт тыныгуу берилет).
  4. «Алтын тамга» тестирлɵɵсү 5 милдеттүү окуу сабактары боюнча ɵткɵрүлɵт, анын ичинде аларга тɵмɵнкүдɵй убакыт бɵлүнɵт:

—   табигый-математикалык сабактар

(математика 60 мүнɵт, химия 60 мүнɵт)                                        — 120 мүнɵт;

—   гуманитардык-тилдик багыттагы сабактар

(мамлекеттик жана расмий тилдер 45 мүнɵт,

Кыргызстандын тарыхы 45 мүнɵт                                                   — 90 мүнɵт;

  • эне тили жана адабияты (кыргыз тили жана кыргыз адабияты, орус тили жана орус адабияты, ѳзбек тили жана ѳзбек адабияты) — 45 мүнѳт.
  1. «Алтын тамга» тестирлɵɵсүнүн милдеттүү окуу сабактарынын тизмесине ɵзгɵртүүлɵрдү жана кошумчаларды киргизүү министрлик тарабынан жүргүзүлɵт.
  2. «Алтын тамга» тестирлɵɵсү талапкерлердин чет тилдерден башка окуу тилинде: кыргыз, орус же ɵзбек тилдеринде жүргүзүлɵт.
  3. Лицей, гимназия, комплекстер, эксперименталдык аянтчасы бар жана башка жалпы билим берүү уюмдарда “Алтын тамга” тестирлөөсүнөн тышкары бир же эки профилдик сабактар боюнча окуткан мектептердин окуучулары базалык көлөмдөгү сабактардан тышкары өтүлгөн темалар, бөлүмдөрдү эске алуу менен жалпы негизде профилдик окуу сабагы боюнча оозеки түрүндө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны же негизги мамлекеттик сынактарды (мындан ары – ЖМА НМС) милдеттүү өтүшɵт.
  4. Талапкер табигый-математикалык сабактар боюнча тест тапшырмаларын аткарууда эсептɵɵлɵрдүн жүрүшүн кɵрсɵтүүчү эсеп чыгарууларын жазып эсептɵɵгɵ, сүрɵттɵрдү, чиймелерди тапшырмалар баракчасынын бош жеринде аткарууга милдеттүү.
  5. «Алтын тамга» тестирлɵɵсүнө талапкер тестирлɵɵ жүргүзүү жайларында (текстте мындан ары — ТЖЖ) үч документтин: мектептен 3*4 сүрөтү чапталган маалымкат, өздүктүгүн тастыктаган документ (паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк) жана УТБнын каттоо номурунун негизинде инсандын аныктыгын далилдеген бирдейлештирүүдөн өтөт. Каттоодон өткөндөн кийин талапкер дарсканада өзүнүн каттоо номурунда көргөзүлгөн орунду ээлейт.

Талапкерлер үчүн номурланган орундар бири-биринен 1,5 метр алыстыкта жайгаштырылат.

  1. Чет тилдердин биринде окуган талапкерге бул жобонун 9 жана 11-тарамдарына ылайык «Алтын тамга» тестирлɵɵсүнөн өтүү укугу берилет. Тестирлөөгө катышуудан баш тарткан учурда талапкерге жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен документ алуу укугуна ээ болбостон аныкталган тартипте жалпы негизде ЖМА НМС түрүндө мамлекеттик аттестация өтүү мүмкүнчүлүгү берилет.
  2. «Алтын тамга» тестирлɵɵсүнүн алдында администраторлор жооп баракчасын толтуруу, тесттер менен иштөө жана ТЖЖда катышуучулардын жүрүм-турум эрежелери жɵнүндɵ кɵрсɵтмɵ беришет. Көрсөтмө берүүгө жана жооп баракчасынын маалыматтык бөлүгүн толтурууга 20 мүнөт убакыт бөлүнөт.
  3. Алтын тамга» тестирлɵɵсүнө катышкан талапкерге тапшырган тести боюнча алынган жыйынтыктарды кайра артка чакырып алуу жана жокко чыгаруу же тестирлөөдөн кайрадан өтүү укугу берилбейт.
  4. УТБ билим берүүнү мамлекеттик башкаруу органынын (РББ/ШББ) көмөгү астында бекитилген жалпы билим берүү уюмундагы ТЖЖнын ишин аныктайт жана жөнгө салат.
  5. “Алтын тамга” тестирлɵɵсүн ɵткɵрүүнүн ачык-айкындыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу тышкы байкоо жүргүзүүгө болот. Байкоочулардын курамы компетенттик органдардын, ата-энелер жана мугалимдер коомчулугунун ɵкүлдɵрүнɵн түзүлөт. Байкоочулардын мүчөлөрү жалпы билим берүү уюмунун (ТЖЖ) мүдүрүнүн буйругу менен мектеп комиссиясы менен макулдашулган тартипте бекитилген 3 адамдан турат. Тестирлөө жүргүзүү убактысы жөнүндөгү маалымат байкоочуларга тестирлөө башталганга бир жума калган мөөнөткө чейин кабарланат.
  6. Байкоочулардын иштɵɵ тартиби тɵмɵнкү ыйгарым укуктар менен аныкталат:

—        тестирлɵɵ ɵткɵрүлгɵн күнү жанында ɵздүктүгүн тастыктаган документтери менен мектепте болуу;

—        “Алтын тамга” тестирлɵɵсүнүн ɵткɵрүлүшүнɵ сырттан байкоо жүргүзүү;

—        “Алтын тамга” тестирлɵɵсүн даярдоо жана ɵткɵрүү учурунда жалпы билим берүү уюмунда байкоочулардын болуу убактысы чектелбейт;

—        “Алтын тамга” тестирлɵɵсүн даярдоо жана ɵткɵрүү процессине кийлигишүүгө (тестирлɵɵгө катышуучулардын жана администраторлордун көӊүлүн ар кандай суроолор жана эскертүүлөр менен алаксытууга, дарсканада уюлдук байланыш каражаттарын, сүрɵт жана кɵрмɵ аспаптарын,  портативдик жана чɵнтɵк компьютерлерин ж.б. каражаттарды колдонууга) тыюу салынат.

  1. Администраторлор тарабынан ар бир ТЖЖда “Алтын тамга” тестирлɵɵсүн өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча протокол түзүлөт.
  2. “Алтын тамга” тестирлɵɵсүнүн жумушчу органдары болуп тиешелүү жалпы билим берүү уюмунда түзүлгɵн комиссия (текстте мындан ары – мектеп комиссиясы), билим берүүнү мамлекеттик башкаруу органдарында түзүлгɵн комиссия (текстте мындан ары — райББ/шаардык ББнын комиссиясы), сынак комиссиясы (текстте мындан ары — СК) жана УТБ эсептелет.
  3. Мектеп комиссиясынын курамы жалпы билим берүү уюмунун мүдүрү тарабынан, райондук ББ/шаардык ББнын комиссиясынын курамы билим берүүнү мамлекеттик башкаруу органынын башчысы тарабынан, СК комиссиясы – министрликтин жетекчилиги тарабынан бекитилет. Комиссия 5 адамдан кем эмес курамдан турат, анын ичинде комиссиянын тɵрагасы, комиссиянын тɵрагасынын орун басары, комиссиянын катчысы жана комиссия мүчɵлɵрү болот.
  4. Комиссиялар ɵз ишинде бул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алышат.
  5. Комиссиялардын негизги милдети — “Алтын тамга” тестирлɵɵсүнө даярдык көрүү жана ɵткɵрүү боюнча ишти жɵнгɵ салуу болуп саналат.

Комиссиялардын негизги аткарган кызматтары тɵмɵнкүлɵр:

(a) Мектеп комиссиясы:

—        жалпы орто билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү  программаларын Х, XI класстар үчүн окуу мерчеминин бардык сабактары боюнча “5” (эӊ жакшы) деген баага өздөштүргөн окуучуларынын тизмесин карайт жана бекитүүгө сунуштайт. XI класстардын талапкерлерине “Алтын тамга” тестирлɵɵсүнө кирүү укугун берүүгө жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык кеӊешинин сунуштамасы жана мүдүрдүн бул тизмени бекитүү жөнүндөгү буйругу негиз болот;

—     талапкер тууралуу так, анык маалыматтардын берилишине жооптуу болот;

—        талапкердин  “Алтын тамга” тестирлөөсүнө катышуусун уюштурууну камсыз кылат;

—        талапкерге жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнɵ) тестирлөөнү ɵткɵрүү мɵɵнɵттɵрү тууралуу анын башталышына эки жума калган убакытка чейин ɵз убагында кабарлоону уюштурат;

—        тестирлөөнү ɵткɵрүү үчүн керектүү кеңсе буюмдарын уюштурууну жана даярдоону камсыз кылат;

—        эгерде жалпы билим берүү уюму ТЖЖ болуп эсептелсе, коомдук байкоочулардын тизмесин макулдашат;

—        аныкталган мɵɵнɵттɵ ТЖЖнын даярдыгы жɵнүндɵ билим берүүнү мамлекеттик башкаруу органына (РайББ/ШББ) маалымат берет;

—        бүтүрүүчүлɵр жана алардын ата-энелери (мыйзамдуу ɵкүлдɵрү) үчүн “Алтын тамга” тестирлөөсүнө даярданабыз” деген аталышта мектепте маалымат тактасын жасалгалоону камсыз кылат;

—        ТЖЖнын иши үчүн шарттарды камсыз кылат: аныкталган мɵɵнɵттɵрдө жалпы билим берүү уюмунда тестирлɵɵ ɵткɵрүү жайы даярдалышына (санитардык эрежелер жана ченемдердин, коомдук тартиптин сакталышына, башталгыч класстардын жана медициналык кызматкерлердин арасынан нɵɵмɵтчүлɵрдү дайындоого) көзөмөл жүргүзөт;

—        “Алтын тамга” тестирлөөсүн ɵткɵрүү убагында мектеп ашканасынын талаптагыдай иштешин камсыз кылат;

—        талапкерди “Алтын тамга” тестирлөөсүнүн жыйынтыктары менен тааныштырууга жооптуу болот.

(б) РББ/ШББ комиссиясы:

Билим берүүнү мамлекеттик башкаруу органы (РайББ/ШББ) мектептерде “Алтын тамга” тестирлөөсүнө даярдык кɵрүү жана ɵткɵрүү боюнча иш-чаралардын мерчеминин бекитилишин камсыз кылат, анын ичинде:

—        “Алтын тамга” тестирлөөсүн уюштурууда жана ɵткɵрүүдө бирдиктүү талаптардын сакталышын камсыз кылат;

—        “Алтын тамга” тестирлөөсүн ɵткɵрүү күнү жана орду тууралуу жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, мугалимдерге, талапкерлерге жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнɵ) маалымат берүү боюнча уюштуруу жана жөнгө салуу иштерин камсыз кылат;

—        “Алтын тамга” тестирлөөсүнɵ катышууга укук алган талапкерлер жɵнүндɵ туура, анык маалыматтын берилишине жооптуу болот;

—        УТБга аныкталган тартип боюнча керектүү маалыматтын (аныкталган тартип боюнча талапкерлердин тизмеси) берилишин камсыз кылат;

—        “Алтын тамга” тестирлөөсү ɵткөрүлгөн күнү бекитилген ТЖЖдагы окуу сабактарын башка мөөнөттөргө которуу тартибин жөнгө салат (жалпы билим берүү уюмунун РББ/ШББ менен макулдашылган буйругу);

—        “Алтын тамга” тестирлөөсүн райондошаарда ɵткɵрүү тартибин жɵнгɵ салат (ТЖЖда тиешелүү санитардык эрежелерге жана ченемдерге ылайык шарттарды түзүү; өтүлгөн жайга дейре жана кайра келгенге чейин коштоп жүрүүдө талапкерлердин өмүрүнүн жана саламаттык коопсуздугун камсыз кылуу, ТЖЖ аймагында бөтөн адамдардын жүрүшүн чектөө);

—        “Алтын тамга” тестирлөөсүнө даярдык кɵрүү жана тестирлөөнүн жыйынтыктары тууралуу мектеп комиссияларынын отчетторун угат.

—        “Алтын тамга” тестирлөөсүнүн башталышына бир күн калган мөөнөттө  УТБнын администраторлору жана мектеп комиссиясы менен биргеликте ТЖЖнын бул жободо аныкталган талаптарга шайкеш даярдыгын кабыл алууну акты менен жүргүзөт;

—        талапкерлердин жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнүн) мугалимдердин жана башка адамдардын кайрылууларын жана арыздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте карайт.

(в) СК комиссиясы:

—        “Алтын тамга” тестирлөөсүн уюштурууда жана ɵткɵрүүдɵ бирдиктүү талаптардын сакталышын камсыз кылат;

—        “Алтын тамга” тестирлөөсүн ɵткɵрүү тартибине ɵзгɵртүүлɵрдү жана кошумчаларды киргизүү жɵнүндɵ сунушун ɵз убагында киргизет;

—        “Алтын тамга” тестирлөөсүнөн ɵтүүгө талапкерлердин кайрылууларын жана арыздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте карайт.

—        СКнын ишмердүүлүгү боюнча протокол түзүлɵт, комиссиянын тɵрагасынын жана бардык мүчɵлɵрүнүн колтамгасы менен бекитилет.

(г) Улуттук тестирлɵɵ борбору:

—        “Алтын тамга” тестирлөөсүн уюштурууда жана ɵткɵрүүдɵ бирдиктүү талаптардын сакталышына жетекчилик жана көзөмөл кылат;

—        жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин, мугалимдердин, талапкерлердин жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнүн) арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин баскычтары боюнча уюштурууну жана ɵткɵрүүнү жүргүзɵт;

—        республикалык методикалык комиссияны түзөт, окуу сабактары боюнча тесттердин мазмундук түзүмүн аныктайт. Республикалык методикалык комиссия тесттердин мазмунуна жооптуу болот.

—        тест материалдарын белгиленген ТЖЖга (кайра УТБга) жеткирүү тартибин камсыз кылат, жеткирүү мɵɵнɵттɵрүн жана унаалардын жүрүү чиймесин аныктайт;

—        талапкерлерди каттоодон ɵткɵрүү түрүн аныктайт;

—        ар бир талапкердин жыйынтык бааларын аныктоо үчүн “Алтын тамга” тестирлөөсүнүн предметтер боюнча жыйынтыктарын баалоо системин иштеп чыгат;

—        тестирлɵɵнүн маалыматтарын иштеп чыгуу тартибин жана механизмдерин даярдайт;

 

—        мазмуну жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик прогаммаларына шайкеш келген тесттик топтомдорду сунуштайт;

—        “Алтын тамга” тестирлөөсүнө катышкан бардык талапкерлер үчүн бирдиктүү шарттардын түзүлүшүн камсыз кылат;

—     тест материалдарын сактоодо жана иштеп чыгууда купуялыктын так сакталышын, тестирлɵɵ жыйынтыктарын иштеп чыгууда купуялыктын жана объективдүүлүктүн сакталышын камсыз кылат;

—        министрлик тарабынан аныкталган мɵɵнɵттɵрдɵ “Алтын тамга” тестирлөөсүнүн тыянактарын чыгарууну жана тестирлɵɵ жыйынтыктарын кɵрсɵтүүнү камсыз кылат;

—        “Алтын тамга” тестирлөөсүнүн жыйынтыктары жɵнүндɵ басылмаларды даярдайт;

—        “Алтын тамга” тестирлөөсүнүн жыйынтыктары жɵнүндɵ министрликке (кызыкдар тараптарга) концептуалдык отчет берет;

—        “Алтын тамга” тестирлөөсүнүн иш кагаздарынын архивин түзɵт.

  1. “Алтын тамга” тестирлөөсүн ɵткɵрүү үчүн УТБ тест администраторлорунун топторун түзɵт.
  2. “Алтын тамга” тестирлөөсүн ɵткɵрүү үчүн администраторлор мугалимдик (окутуучулук) коомчулуктун жана министрликтин калыс баалоочуларынын ɵкүлдɵрүнүн арасынан түзүлɵт.

Администраторлордун иштɵɵ тартиби тɵмɵнкү милдеттер менен аныкталат:

—        дарсканаларда (залдарда) “Алтын тамга” тестирлөөсүн ɵткɵрүүнүн белгиленген эрежелеринин так сакталышын камсыз кылуу;

—        талапкер тарабынан жооп баракчалары, тест китепчелеринин титулдук баракчалары туура толтурушун так камсыз кылуу;

—        тест материалдарынын  купуялыгын жана сакталышын камсыз кылуу;

—        алынган тест материалдары жɵнүндɵ так отчеттуулукту камсыз кылуу; —         администраторлордун тестирлɵɵ аяктаганга чейин дарсканаларда (залда) болуу жɵнүндɵгү эрежелерин сактоо;

—   педагогикалык адептүүлүктү сактоо, тестирлɵɵгө катышкан талапкерлерге, мугалимдерге жана ата-энелерге (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнɵ) карата ак пейилдүү жагдай түзүү;

—        “Алтын тамга” тестирлөөсү аяктагандан кийин тест тапшырмаларын сакталышын жана жеткирилишин камсыз кылуу.  Тест тапшырмалары жана жооп баракчалары таңгакталган түрдө жана мектептин мөөрү басылып УТБга тапшырылат, бул тууралуу ɵткɵрүү-ɵткɵрүп алуу актысы түзүлөт.

 

  1. IV. Тестирлɵɵгɵ катышуу тартиби

 

  1. Талапкер «Алтын тамга» тестирлɵɵсүнө паспортун (же өздүктүгүн тастыктаган документин: туулгандыгы тууралуу күбөлүктү же айдоочунун күбөлүгүн ж.б.) көргөзгөн учурда кирүүгө укук алат.

Тестирлɵɵ учурунда талапкердин иш орунунда сынак материалдарынан сырткары тɵмɵнкүлɵр болушу зарыл:

а)      кара (же кочкул кɵк) түстɵгү сыясы бар эки калем сап;

б)      ɵздүктүгүн тастыктаган документи;

г)       дары-дармек жана тамак-ашы (зарыл учурларда);

Бул Жободо каралбаган башка буюмдарын талапкерлер дарсканада жеке буюмдар үчүн атайын бɵлүнүп берилген жерде калтырышат.

  1. Талапкердин «Алтын тамга» тестирлɵɵсүнө катышуусу милдеттүү болуп саналат.
  2. Тестирлɵɵ ɵткɵрүү учурунда катышуучуларды коштоп жүрүү жана саламаттыгын жана өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу милдети тапшырылган жооптуу адам администраторго «Алтын тамга» тестирлɵɵсүнө катышууга каттоодон ɵткɵрүү үчүн жалпы билим берүү уюмунун мүдүрү тарабынан бекитилген, РББ/ШББ менен макулдашылган тизмени кɵрсɵтɵт.
  3. «Алтын тамга» тестирлɵɵсүнө катышуу тизмесинде катталган, бирок тестирлɵɵгɵ негиздүү себептери менен келе албаган талапкерге ЭКнын сунуштамасы жана министрликтин чечими менен кошумча тестирлөөгө катышууга укук берилиши мүмкүн. «Алтын тамга» кошумча тестирлɵɵсүн өткөрүү чечими  министрлик тарабынан талапкер тестирлɵɵгɵ ооруп калгандыгына байланыштуу же  негиздүү себептер менен келе албаган учурда гана кабыл алынат.

Бул жобонун 31 тарамына эскертүү: «Алтын тамга» кошумча тестирлɵɵсүн өткөрүүгө негиз болуп орнотулган тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү компетенциядагы ыйгарым укуктуу органдарынан алынган тастыктоочу документтердин болушу эсептелет.

ЭК өзүнүн отурумунда талапкердин тестирлɵɵгɵ келе албагандыгын тастыктаган иш кагаздарын карап чыгат жана  талапкерге кошумча тестирлɵɵгө катышуу укугун берүү тууралуу сунуш киргизет.

ЭКнын отуруму протокол менен бекитилет (үнкөрмө тасмаларына жаздырууга уруксат берилет).

Тестирлɵɵгɵ негиздүү себептер менен келе албагандыгын тастыктаган иш кагаздары талапка жооп бербесе, талапкер «Алтын тамга» кошумча тестирлɵɵсүнө катышуу жана орто билими тууралуу артыкчылык менен аттестатка ээ болуу укугунан ажырайт.

  1. «Алтын тамга» тестирлɵɵсүн өткөрүү учурунда талапкерге:

—        администраторлордун биринин коштоосунда 10 мүнөттөн ашпаган убакытка дарсканадан сыртка чыгууга уруксат берилет. Дарсканадан чыгып жаткан учурда талапкер жооп баракчасын, тест жана иштеп жаткан материалдарын администраторго тапшырууга милдеттүү.

—        ɵзү менен кошо байланыш каражаттарын, электрондук-эсептɵɵ техникасын, сүрɵт, үн жана кɵрмɵ аспаптарын,  маалымат берүүчү материалдарды, жазма эскерткич-белгилерди, маалыматты сактоо жана берүүнүн башка каражаттарын алып кирүүгɵ тыюу салынат.

—        башка адамдар менен сүйлɵшүүгɵ, ТЖЖдагы дарскананын (залдын) ичинде администратордун уруксаты жок эркин басып жүрүүгɵ тыюу салынат.

  1. Орнотулган тартипти бузууга жол берген талапкер бул жобонун 32-тарамынын 2,3-абзацтарына ылайык тестирлɵɵдɵн четтетилет. Бул учурда ТЖЖнын администратору тарабынан мектептин, РББ/ШББнын комиссияларынын ыйгарым укуктуу ɵкүлдɵрүнүн катышуусу менен жана байкоочулардын, коштоп келген мектеп өкүлдөрүнүн же ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) көз алдында тестирлɵɵдɵн четтетүү жɵнүндɵ акт түзүлɵт.
  2. Эгерде катышуучу ден-соолук абалына байланыштуу же башка объективдүү себептер менен тест тапшырмаларын аткарып бүтпɵй калса, ага мɵɵнɵтүнɵн мурда тестирлөөдөн чыгып кетүү укугу берилет. ТЖЖнын администратору тарабынан мектептин, РББ/ШББнын комиссияларынын ыйгарым укуктуу ɵкүлдɵрүнүн катышуусу менен жана байкоочулардын, коштоп келген мектеп өкүлдөрүнүн же ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) көз алдында тестирлɵɵнү мɵɵнɵтүнɵн мурда аяктоо (бүткɵрүү) жɵнүндɵ акт түзүлɵт.

Тестирлɵɵдɵн четтетүү же объективдүү себептер менен тестирлɵɵнү мɵɵнɵтүнɵн мурда аяктоо жɵнүндɵгү актылар талапкердин тестирлөө  жыйынтыктарын иштеп чыгууда эсепке алуу үчүн ошол эле күнү СКга  жɵнɵтүлɵт.

  1. “Алтын тамга” тестирлɵɵсүнɵ 30 мүнɵттɵн кɵп эмес кечигип калган талапкерди калган убакыттын чегинде тест тапшырмаларын аткарууга киргизүүгɵ болот.

 

  1. Тестирлɵɵгɵ катышууга укук берүү тартиби

 

  1. Педагогикалык кеңештин сунуштамасынын жана жалпы билим берүү уюмунун буйругунун негизинде жалпы орто билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программаларын ɵздɵштүргɵн жана X, XI класстар үчүн бардык окуу сабактары боюнча чейрек, жарым жылдык жана жылдык баалары «5» (эң жакшы) деген баадан төмөн эмес болгон талапкерге “Алтын тамга” тестирлɵɵсүн тапшыруу укугу берилет, анын ичинде:

—        Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүүнүн негизги билим берүү программаларын жүзɵгɵ ашырган бардык типтеги жана менчик түрүндɵгү жалпы билим берүү уюмдарында окугандар;

—        эл аралык алмашуу тартибинде чет ɵлкɵдɵ убактылуу окуп жаткан окуучулар (окуу түрү-экстернат) (СК тастыктоочу иш кагаздарын карап чыгат: чакыруу кагазы, буйрук ж.б);

—        эл аралык олимпиадалардын, кайрымдуулук акциялардын, марштардын катышуучулары, тестирлɵɵ ɵткɵрүлүп жаткан убакта гастролдорго жана мелдештерге кеткен артист жана спортчу окуучулар (СК тастыктоочу иш кагаздарын карап чыгат: чакыруу кагазы, буйрук ж.б);

—        чет тилде окугандар (бул Жобонун 11-тарамына ылайык эгерде айрым жалпы билим берүү сабактары же толук бойдон чет тилдердин биринде окутулса);

  1. Тестирлɵɵгɵ катышуудан баш тарткан учурда талапкерге жалпы орто билими тууралуу артыкчылык аттестатына ээ болуу укугу берилбестен жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны стандартташкан тесттер түрүндɵ (текстте мындан ары — СТ түрүндɵгү ЖМА) же негизги мамлекеттик сынактын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын (текстте мындан ары — ЖМА НМС) аныкталган тартипте жалпы негизде тапшыруу укугу ыйгарылат.

 

  1. Тесттердин дизайны
  2. Тесттердин дизайны жана ɵткɵрүү шарттары тɵмɵнкү стандартташкан түрлɵрдɵ кɵрсɵтүлɵт:

—        “Алтын тамга” тестирлɵɵсүн ɵткɵрүү тартибин жана шарттарын, алынган натыйжаларды иштеп чыгуу жана түшүндүрмɵ берүү ыкмаларын стандартташтыруу – сыноодон ɵтүүчүлɵр үчүн ɵткɵрүү баскычында да, маалыматтарды иштеп чыгуу жана түшүндүрмɵ берүү баскычында да бирдей шарттарды түзүү;

—        алынган натыйжаларды стандартташтыруу — катышуучунун жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программаларын ɵздɵштүрүү деңгээлин аныктоо үчүн негиз боло турган ченемдерди, баа шкаласын алуу.

  1. Тест толук бойдон окуу сабагынын мазмунун билим берүү программаларына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына шайкештикте чагылдырат. Стандартташтырылган тесттер тɵмɵнкүдɵй түрдɵ берилет:

—        жабык түрдɵгү тапшырмалар (бир туура жоопту тандап алуу менен);

—        ачык түрдɵгү тапшырмалар;

—        туура ырааттуулугун аныктоого берилген тапшырмалар;

—        шайкештигин аныктоого берилген тапшырмалар.

Жабык түрдɵгү тест тапшырмалары — бир туура жоопту же айрым бир жоопту тандап алуга берилген тапшырмалар. Тестирлɵɵдɵ тандап алуу үчүн даяр жооптор (бир туура жана калганы туура эмес) сунушталат.

Ачык түрдɵгү тапшырмалар — жооп берүү убагында катышуучунун ɵзү тарабынан жооп  жазылышын талап кылган тапшырмалар. Ачык түрдɵгү тапшырмалар бир же бир нече негизги бɵлүктɵрү жок, толук эмес ырастама түрүндɵ болот. Негизги бɵлүктɵр катары: санарип, тамга, сɵз же сɵз айкашы болушу мүмкүн.

Туура ырааттуулугун аныктоого берилген тест тапшырмалары –бул тапшырмалар айрым бир топтордун бир түрдүү бɵлүктɵрүнɵн турат жана бул бɵлүктɵрдү  так тартипке келтирүүнү талап кылат;

Шайкештигин аныктоого берилген тест тапшырмалары — эки топтогу бɵлүктɵрдɵн турган жана алардын ортосундагы шайкештикти так аныктоону талап кылган тапшырмалар. Шайкештик 1:1 принциби боюнча аныкталат (биринчи топтун бир элементине экинчи топтун бир гана элементи дал келет).

  1. Окуу сабактары боюнча тесттердин түзүмү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык, тапшырмалардын үч деңгээлдеги принцибине таянып түзүлɵт: минималдуу (негизги), орто жана жогорку татаалдык деңгээлдеги тапшырмалар.
  2. 41. Окуу сабактары боюнча тесттер тестирлɵɵ жүргүзүлгɵн жалпы билим берүү уюмунун мɵɵрү менен бекитилет. Тест материалдарына мɵɵрдүн басылышына жалпы билим берүү уюмунун мүдүрү менен биргеликте УТБнын администратору жооптуу болот. СК иштеп чыгуу үчүн таңгакталган, мектептин мɵɵрү басылган түрдɵ акты менен алынган жооп баракчаларын жана тест материалдарын кабыл алат. Эгерде таңгакта мектептин мɵɵрү жок экендиги аныкталса, анда материалдар кабыл алынбайт.

 

VII. Аттестациянын жыйынтыктарын чыгаруу

 

  1. «Алтын тамга» тестирлɵɵсүнүн жыйынтыктарын эсептөө тартиби министрлик тарабынан ар бир жыл үчүн ɵзүнчɵ аныкталат.
  2. «Алтын тамга» тестирлɵɵсүнүн жыйынтыктары УТБ тарабынан иштелип чыгып, министрлик тарабынан бекитилет. УТБ тестирлɵɵнүн жыйынтыктарын билим берүүнү мамлекеттик башкаруу органдарына (РББ/ШББ) республикадагы бардык талапкерлер тестирлɵɵдɵн ɵткɵн акыркы күндɵн кийин 5 күндүк мɵɵнɵт ичинде кабарлайт.
  3. Билим берүүнү мамлекеттик башкаруу органдары (РББ/ШББ) тарабынан «Алтын тамга» тестирлɵɵсүнүн жыйынтыктары талапкерлерге жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнɵ) кабарлоо үчүн жалпы билим берүү уюмдарына жана мектеп комиссияларына бир күндүк мɵɵнɵт ичинде жеткирилет.
  4. «Алтын тамга» тестирлɵɵсүнүн жыйынтыгы боюнча бул жобонун 9-тарамында кɵрсɵтүлгɵн бардык милдеттүү окуу сабактарынан “эң жакшы” баа алган талапкер жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен аттестатка ээ болуу укугун тастыктайт.
  5. “Алтын тамга” тестирлɵɵсүнүн жыйынтыгы боюнча бул жобонун 9-тарамында кɵрсɵтүлгɵн бардык милдеттүү окуу сабактарынан “жакшы”, “канааттандырарлык” жана “канааттандырарлык эмес” баа алган талапкер жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен аттестатка ээ болуу укугунан ажырайт.
  6. Жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен аттестатка ээ болуу укугун тастыктаган талапкер педагогикалык кеңештин сунуштамасы жана жалпы билим берүү уюмунун буйругу менен ЖМА НМСны тапшыруудан бошотулат.
  7. Жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен аттестатка ээ болуу укугун тастыктаган талапкерге Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү уюмдарынын бирине (ведомстволук баш ийгендигине жана окутуу түрүнɵ карабастан) кабыл алуу сынактары жок окуу жайга кабыл алынуу укугу ыйгарылат.
  8. Жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен аттестатка ээ болуу укугун тастыктаган талапкерге бул Жобонун 48-тарамында кɵрсɵтүлгɵн учурлардан башка жеңилдиктердин түрү жана артыкчылыктар каралбайт.
  9. Гимназияларда, лицейлерде же эксперименталдык багыттагы мектепте окуган талапкерге жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен аттестатка ээ болуу укугун тастыктаган учурда билими тууралуу артыкчылык менен аттестат берүү маселеси профилдик сабак боюнча ЖМА НМСны тапшыргандан кийин жалпы негизде каралат.
  10. Жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен аттестатка ээ болуу укугун тастыктай албаган талапкерге айрым сабактар боюнча бааларын жакшыртуу максатында ата-энелери (мыйзамдуу ɵкүлдɵрү) менен макулдашып жазылган ɵз арызынын негизинде педагогикалык кеңештин сунуштамасы жана жалпы билим берүү уюмунун буйругу менен орнотулган тартипте жалпы негизде ЖМА НМСны тапшырууга укук берилет. Бул учурда ЖМА НМСны тапшыруунун жыйынтыктары аттестациялык баа катары эсепке алынат жана жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен аттестат берилбейт.

Жалпы орто билими тууралуу аттестатка кошумча берилген табелге  коюлган баа ар бир окуу сабагы боюнча бүтүрүүчү класстагы аралык (чейрек жана жарым жылдык), жылдык жана аттестациялык (мында аттестациялык катары ЖМА НМС эсептелет) бааларын эске алуу менен аныкталат.

  1. “Алтын тамга” тестирлɵɵсү менен ЖМА НМСти ɵткɵрүү түрү шайкеш, бирдей деп эсептелет, ошондуктан жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен аттестатка кошумча берилген табелдин “Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация” бɵлүгү тɵмɵнкү үлгү боюнча жазылат:

—        математика

(алгебра жана талдоонун башталышы) (тест)                      — 5 (эң жакшы);

—        эне тили жана адабияты

(кыргыз тили жана кыргыз адабияты, орус тили жана орус адабияты, ѳзбек тили жана ѳзбек адабияты)                                      – 5/5 (эң жакшы);

—        кыргыз тили

(окутуу орус же ɵзбек тилдеринде жүргүзүлгɵн

мектептер үчүн мамлекеттик тил) (тест)                             5(эң жакшы);

—        орус тили

(окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгɵн

мектептер үчүн расмий тил)  (тест)                                        — 5(эң жакшы);

—        Кыргызстандын тарыхы )  (тест)                                     — 5(эң жакшы);

—         химия (тест)                                                                       — 5(эң жакшы).

  1. 53. Талапкерлерге “Алтын тамга” тестирлɵɵсүн кайра тапшырууга уруксат берилбейт.
  2. “Алтын тамга” тестирлɵɵсүнɵ талапкер ата-энелери (мыйзамдуу ɵкүлдɵрү) менен макулдашып жазылган ɵз арызынын, педагогикалык кеңештин сунуштамасы жана жалпы билим берүү уюмунун буйругунун негизинде ЖМА НМСны тапшыруудан бошотулат, ɵз каалоосу менен “Алтын тамга” тестирлɵɵсүнɵн алган бааларын калтырууга укуктуу. Бул учурда талапкердин “Алтын тамга” тестирлɵɵсүнүн жыйынтыктары аттестациялык баа катары эсепке алынат.

Жалпы орто билими тууралуу аттестатка кошумча берилген табелге  коюлган баа ар бир окуу сабагы боюнча бүтүрүүчү класстагы аралык (чейрек жана жарым жылдык), жылдык жана аттестациялык (мында аттестациялык катары “Алтын тамга” тестирлɵɵсү эсептелет) бааларын эске алуу менен аныкталат.

“Алтын тамга” тестирлɵɵсү менен ЖМА НМСти, СТ түрүндɵгү ЖМАны  ɵткɵрүү түрү шайкеш, бирдей деп эсептелет.  Катышуучуга “Алтын тамга” тестирлɵɵсүнүн жыйынтыгы боюнча алынган бааларын билими тууралуу документке жазуу керек болгон учурларда, жалпы орто билими тууралуу аттестатка кошумча берилген табелдин “жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны тапшырды” бɵлүгү тɵмɵнкү үлгү боюнча жазылат:

—        математика

(алгебра жана талдоонун башталышы) (тест)                       — 5 (эң жакшы);

—        эне тили жана адабияты

(кыргыз тили жана кыргыз адабияты, орус тили жана орус адабияты, ѳзбек тили жана ѳзбек адабияты                                             — 5/5 (эң жакшы);

—        мамлекеттик тил

(окутуу орус же ɵзбек тилдеринде жүргүзүлгɵн

мектептер үчүн кыргыз тили)   (тест)                                     5(эң жакшы);

—        расмий тил

(окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгɵн

мектептер үчүн орус тили)  (тест)                                            — 5(эң жакшы);

—        Кыргызстандын тарыхы )  (тест)                                      — 5(эң жакшы);

—         химия (тест)                                                                        —   4(жакшы).

 

VIII. Техникалык апелляциялык комиссия

 

  1. “Алтын тамга” тестирлɵɵсүнɵн ɵткɵн талапкерлердин натыйжаларын баалоодо бирдиктүү талаптардын сакталышын камсыз кылуу үчүн техникалык комиссия (текстте мындан ары — ТК) түзүлɵт.
  2. 56. ТКнын тɵрагасы жана курамы министрлик тарабынан бекитилет.
  3. 57. Апелляция талапкердин ТКнын тɵрагасына жазылган арызынын негизинде жүргүзүлɵт. Арыз талапкер тарабынан ата-энелеринин (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнүн) катышуусунда жазылат.
  4. Билим берүүнү мамлекеттик башкаруу органдары (РББ/ШББ) жер-жерлерде талапкерге электрондук почта аркылуу арызын жɵнɵтүүгɵ кɵмɵктɵшɵт, бул учурда талапкердин аты-жɵнү, ТТЖ, сабактын аталышы жана окуу тили милдеттүү түрдɵ кɵрсɵтүлɵт.
  5. Апелляция ɵткɵрүү учурунда талапкердин жанында анын ɵздүктүгүн тастыктаган документи, ошондой эле УТБ тарабынан берилген каттоо номуру болууга тийиш.
  6. 60. ТК упайлардын компьютерде жана кол менен иштеп чыгуунун шайкештигин аныктоо максатында УТБга талапкердин жооп берүү баракчасынын түп нускасын, тапшырмалардын ачкычын кɵрсɵтүүсүн ɵтүнүү укугуна ээ. Талапкердин арызын кароонун жыйынтыктары боюнча протокол түзүлɵт жана ТКнын бардык мүчɵлɵрүнүн колтамгасы менен бекитилет.  ТКнын материалдары архив түрүндɵ 1 жылдык мɵɵнɵткɵ сакталат.
  7. ТК талапкердин арызына ылайык кɵрсɵтүлгɵн сабактар боюнча упайларды эсептɵɵнүн тууралыгын текшерүүгɵ укуктуу. Предметтик тесттердин мазмуну боюнча апелляция жүргүзүлбɵйт.
  8. 62. Министрлик билим берүүнү мамлекеттик башкаруу органдарына (РББ/ШББ), жалпы билим берүү уюмдарына, катышуучуларга жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу ɵкүлдɵрүнɵ) “Алтын тамга” тестирлɵɵсүнүн жыйынтыктары боюнча маалыматты тɵмɵнкү тартипте жеткирет:

—        www.edu.gov.kg жана www.ntc.kg сайттарында жайгаштырат;

—        жыйынтыктарын почта аркылуу УТБнын мүдүрүнүн колтамгасы жана мɵɵрү менен тастыкталган кагаз түрүндɵ жɵнɵтɵт.

 

 

  1. IX. Талаш маселелерди чечүү тартиби

 

  1. “Алтын тамга” тестирлɵɵсүн ɵткɵрүү учурунда келип чыккан бардык талаш маселелер жана пикир келишпестиктер мектеп комиссиясы, билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдарынын (РББ/ШББ) комиссиясы жана СК тарабынан каралат.

 

  1. Каржылоо

 

  1. Талапкерлердин “Алтын тамга” тестирлɵɵсүнɵн ɵтүү менен байланышкан чыгымдары (жол чыгымдары, жашаган жери, тамак-ашы) ата-энелери (мыйзамдуу ɵкүлдɵрү) тарабынан каржыланат.
  2. “Алтын тамга” тестирлɵɵсүн ɵткɵрүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борборлоштурулган иш чараларын ɵткɵрүү чыгымдарынын сметасында каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлɵт.
Бөлүшүү

Комментарийлер