АЛТЫН ОРДОДОГУ  ЖАҢЫ МЕКТЕПКЕ УЛУУ ЖАЗУУЧУНУН ЫСЫМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

  • 01.09.2022
  • 0

АЛТЫН ОРДОДОГУ  ЖАҢЫ МЕКТЕПКЕ УЛУУ ЖАЗУУЧУНУН ЫСЫМЫ ЫЙГАРЫЛДЫСапаттуу билим-жаркын келечек

1-Сентябрь -Билим күнүндө борборубуздагы Алтын-Ордо жаңы конушунда дагы бир жаңы мектеп ачылды. Мектеп 480 орунга ылайыкталган. Окуу корпусу негизги жана көмөкчү жайлардан (окуу класстары, ашкана, актовый зал, санитардык түйүндөр, спорт залы) турат. Сметалык наркы 210 251,8 миң сомду түзөт.

-Сапаттуу билим берүү — жаркын келечекке карай жол жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн пайдубалы,- деп билдирди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Алтын-Ордо жаңы конушундагы №98 мектептин ачылыш аземинде сүйлөп жатып.

Иш-чарага ошондой эле борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча быйыл борбор калаада 15 мектептин жана 1 бала бакчанын курулушу башталгандыгын белгиледи. Бул максаттарга 3 млрд. сом багытталып, анын ичинде республикалык бюджеттен — 2,5 млрд. сом, шаардык бюджеттен 450 млн. сом бөлүнгөнүн баса белгилеп өттү.

-Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайм. Бүгүн биз Алтын-Ордо конушунда алгачкы мектепти ачып жатабыз жана бул балдар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн өзгөчө майрам. Мектепке Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун ысымы ыйгарылды, — деди ал.

Акылбек Жапаров окуучуларга окууларындагы чоң ийгиликтерди жана ар дайым билимге ынтызар болуусун каалады.

-Билимдүү адамдар аркылуу гана экономиканы, маданиятты, искусствону, спортту көтөрө алабыз. Мугалимдер билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окутуунун заманбап алдыңкы ыкмаларын киргизүү үстүндө талыкпай эмгектениши керек. Сапаттуу билим туруктуу өнүгүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы катары жаркын келечекке жол ачат. Балдарыбыз бир нече чет тилдерде сүйлөп, музыкалык билимге ээ болушу керек, так илимдерди, өзгөчө IT технологияларды үйрөнүшү зарыл. Алар мектептен ар тараптуу билим алган калыптанган инсан катары чыгышы керек, — деди Акылбек Жапаров.

БЫЙЫЛ БИРИНЧИ КЛАССТЫН БОСОГОСУН 160 МИҢДЕН АШУУН БАЛА АТТАЙТ

Белгилей кетсек, жаңы окуу жылына карата 11 жаңы билим берүү обьектиси эксплуатацияга берилди. Алардын ичинен 5и мектеп. Быйыл республикада жалпы 2340 мектеп билим берип баштайт. Салтанаттуу линейкадан кийин окуучулар үчүн «Кыргыз жараны- жарандардын биримдигинин негизи» деген темада биринчи сабак өтүлдү.

Айта кетчү жагдай,  быйыл республика боюнча 1-класска 160 миңден ашуун бала барат. Жалпы окуучулардын  саны  — 1 млн. 300 миң. Ал эми мугалимдердин саны – 82 миң 724.

ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ ДИРЕКТОРУ ЖӨНҮНДӨ УЧКАЙ СӨЗ

 

АЛТЫН ОРДОДОГУ  ЖАҢЫ МЕКТЕПКЕ УЛУУ ЖАЗУУЧУНУН ЫСЫМЫ ЫЙГАРЫЛДЫБиз кубанып, ачылышын калайыкка сүйүнчүлөп жаткан жаңы Алтын-ордо конушундагы №98 мектептин директору  болуп Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын  ички кадрлар резервинде турган Урматов Канат Урматович баарлашуу жолу менен тандалып, дайындалган.

К.Урматов 1988-жылы Ысык-Көл облусундагы Тоң районун Дөң-Талаа айылында төрөлгөн. Кесиби-тарых мугалими. КУУнун тарых факультетин кызыл диплом менен бүтүргөн. 2010-12- жылдары ошол эле окуу жайда магистратурада окуган. 2012-16-жылдарга чейин аспирантурада окуп, илим жолуна түшкөн. Азыркы учурда “Санжыра- 17-18- кылымдардагы Кыргыз-Жунгар мамилелери тарыхый булак катарында” деген темада илимий иштин үстүндө иштеп келе жатат. К.Урматов 2010-12- жылдары №89 мектепте тарых мугалими, 2012-16- жылдары КУУда тарых факультетинде окутуучу, ага окутуучу болуп иштеген. Андан соң №20 лицейде тарыхчы мугалим, 2018-22- жылдары ошол эле лицейдин өндүрүштүк жан усулдук иштер боюнча директордун орун басары кызматын аркалаган. Мындан тышкары ал бир катар кесиптик окуу жайлар менен да чогуу кызматташ болуп, орто кесиптик тармактын көйгөйлөрүн биргелешип чечүүдө өз салымын кошуп келген.  “Тарыхчы эмес студенттер үчүн кыргыз тарыхы” аттуу окуу китептин да автору.

ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН 60 ПАЙЫЗЫ ЖАШТАР

Директор биз менен болгон маегинде өзүнүн максаттары менен да азыноолак бөлүштү.

-Мектепте жаңы интеграциялык методдор менен сабак өтүүнү ар тараптан кеңейтели деп турабыз. Эскиче тарбия, эскиче ыкмадан качып, жаңыланышыбыз парз. Себеби, мезгил ушуну талап кылып жатат. Мектебибиз да заманбап жабдылган. Мугалимдердин 60 пайызы 25 жашта. Демек, биз көксөгөн максатка тез жетебиз го деп ойлойм. Буйруса, мектепти жакынкы аралыкта гимназия деңгээлине айлантсак деген максатыбыз бар. Кытай тилинде окутуу маселесинин үстүндө да аракет башталды. Түрдүү ийримдерди да иштетебиз. Негизги максатыбыз-заманга ылайык адамды тарбиялап, окутуп чыгуу, -дейт мектеп директору.

Директор педагогикалык жамаат мектептин ачылышына чейин эле анын жеңил ремонттук жумуштары менен да алек болушканын, эми бир беткей билим берүү менен гана алектенишерин кошумчалай кетти.

Эскерте кесек, жаңы ачылган мектептердин юридикалык документтери толук бүткөрүлгөндөн  кийин, кайрадан мектеп директорлорун тандап алуу үчүн конкурс жарыяланмакчы.

Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер