«Алтын казык» ноутбугу элге көргөзүлдү

  • 14.11.2024
  • 0

Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин он айлык отчету угулуп жатканда, Билим берүү жана илим министрлиги кыргызстандык мугалимдер үчүн биринчи жолу атайын чыгарыла турган “Алтын казык” ноутбугун көргөзмөгө чыгарды.

"Алтын казык" ноутбугу элге көргөзүлдү

Бул ноутбуктар Кыргыз техникалык университетинин техно борборунда чогултулуп, кыргыз ариптери коюлуп, программалык адаптация болууда. Жыл аягына чейин ноутбуктардын биринчи партиясы Билим берүү жана илим министрлигине жеткирилип, мугалимдерге таратыла баштайт. Бул ноутбуктар бардык мугалимдерге акысыз берилет.

"Алтын казык" ноутбугу элге көргөзүлдү

Бөлүшүү

Комментарийлер