АЛМАЗБЕК КАЗИБЕКОВДУН ТАРБИЯЛАНУУЧУЛАРЫ АЛДЫДА

  • 22.06.2022
  • 0

Олимпиада чемпиону Т. Колпакованын байгесине арналган XXIV эл аралык мелдеште ОшМУнун факультеттер аралык №1 дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Алымкан Жамшитбекова 2-орунду, юридика факультетинин студенти Айсырга Матамарова эстафеталык чуркоодо 2-орунду ээледи.

АЛМАЗБЕК КАЗИБЕКОВДУН ТАРБИЯЛАНУУЧУЛАРЫ АЛДЫДА«Мындан сырткары тарбиялануучуларым  ОшМУнун магистратурасынын бүтүрүүчүсү, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин  окутуучусу  Садыкжан уулу Шахзатбек жана №52 мектептин 10-классынын окуучусу  Руслан Абдусаттаров   аталган мелдеште алтын медаль тагынышты”, — деди ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия  факультетинин окутуучусу, машыктыруучу Алмазбек Казибеков.

Татьяна Колпакова Москва Олимпиадасында  узундукка секирүүдө олимпиада чемпиону болгон. Ар жыл сайын Бишкек шаарында олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган эл аралык турнир өткөрүлүп келет. Бул мелдеш Борбор Азиядагы олимпиадага жолдомо алуучу бирден бир турнир болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер