АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ ТООЛУУ АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БЕКЕМДӨӨНҮ СУНУШТАДЫ

  • 23.09.2022
  • 0

2022-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев АКШнын Нью-Йорк шаарындагы БУУнун штаб-квартирасында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алдында Кыргыз Республикасы тарабынан уюштурулган тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги Кеңешмеге катышты.

Анда Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстанда 2022-жыл тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялангандыгын айтып, Кыргызстан бардык тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын глобалдык күн тартибинде жогорку деңгээлде сактоого умтуларын белгиледи.

Ошондой эле министр Кыргыз Республикасы дүйнөлүк коомчулукка БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясын кабыл алууну жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашырууну сунуштап жаткандыгын билдирди.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ ТООЛУУ АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БЕКЕМДӨӨНҮ СУНУШТАДЫ

Алмазбек Бейшеналиев тоолуу өлкөлөрдүн досторунун тобун расмий түрдө БУУга институтташтырууну жана жаңы мүчөлөрдү кабыл алууну сунуш кылды.

Буга кошумча Глобалдык тоо университетин түзүү менен тоолуу жамааттардын жашоосун биргелешип изилдөө үчүн лабораториялары бар улуттук академиялык институттардын тармагын түзүү демилгесин көтөрдү.

“Баарыбыз бир максат менен биригишибиз керек. Ал биз жашап жаткан тоолорду сактоо жана коргоо. Келгиле, чогуу иштейли!”, — деди Алмазбек Бейшеналиев.

Жыйынга Андорра, Бутан, Венгрия, Казакстан, Лесото, Малави, Никарагуа жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери, Дүйнөлүк банк, ПРООН, ЮНЕП, ЮНИДО ж.б. эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирген 90дон ашуун делегат катышты. Кеңешменин катышуучулары кыргыз тараптын бул иш-чараны уюштуруудагы демилгесин жогору баалап, тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу боюнча кыргыз тараптын аракеттерин колдоорун билдиришти. (НМ)

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ ТООЛУУ АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БЕКЕМДӨӨНҮ СУНУШТАДЫ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Бөлүшүү

Комментарийлер