АЛАЙДА ЖАЙЛОО БАЛА БАКЧАЛАРЫ АЧЫЛДЫ

  • 02.07.2018
  • 0

Быйыл Алай районунда беш жайлоо бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-методикалык кабинетинин усулчусу Салима Абдрахманова билдирди.

АЛАЙДА ЖАЙЛОО БАЛА БАКЧАЛАРЫ АЧЫЛДЫ

Анын айтымында, район боюнча Гүлчө, Ленин, Алай, Кабылан-Көл, Сары-Могол айыл өкмөттөрүдө жайлоо бала бакчалары иштеп баштады. Жаш жеткинчектерге жайлоо бала бакчаларында эс алуу менен бирге сабактар да өтүлүп жатат.

АЛАЙДА ЖАЙЛОО БАЛА БАКЧАЛАРЫ АЧЫЛДЫ

Ал эми Чоң-Алайда  жалпы жети жайлоо бала бакчасы уюштурулуп, 150 бала тарбияланууда. Маселен, Кашка-Суу, Кабык, Жаш-Тилек, Кара-Мык, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме, Жайылма айылдарынын жайлоолорунда жайлоо бала бакчалары уюштурулган. Буга чейин жайлоо бала бакчалары үчүн бейөкмөт уюмдар тарабынан беш боз үй, демөөрчүлөр тарабынан эки  боз үй алынып берилген. Учурда жети боз үйдө балдар күндүз окуп жатышат. Ар бир боз үйдө 20-30дан бала окуйт. Алар жайкы эс алуу менен бирге мектепке даярданышат. Балдар күнүнө үч саат билим алышат.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер