“АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ЖАШТАР ФЕСТИВАЛЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ
- 15.04.2025
- 0
Эки күнгө созулган “Ала-Тоо жазы” кароо-сынак фестивалы 13-апрелде К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында башталган. Андан мыктылары тандалып, финалга жолдомо алган командалар 14-апрелде Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясындагы финалында өз өнөрлөрүн тартуулап, жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталып, акчалай сыйлыктардын тастыктамасы тапшырылды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева жана Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, проректорлору ошондой эле студенттер катышты.
МинКаб Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов иш-чаранын расмий бөлүгүндө “Улуттук биримдиктин, руханий байланыштын белгиси болуп келген бул иш-чара быйыл жаңыча өңүттө өтүп жатат. Өлкө жетекчилиги жаштардын чыгармачылыгын, инновацияга болгон умтулуусун, маданий мурасты алып жүрүү аракеттерин толук колдойт. Бүгүнкү иш-чара да – бул саясаттын жаркын үлгүсү” – деп билдирди.
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев өз сөзүндө “Ала-Тоо жазы” фестивалы жаштардын талантын ачуу, чыгармачылык эркиндигин колдоо жана улуттук маданиятыбызды жаңыртуу үчүн түзүлгөн өзгөчө аянтча экенин айтты. Ошондой эле, “сиздердин сахнадагы ар бир кадамыңыздар элдин духун көтөргөн, келечекке болгон үмүттү күчөткөн чоң көрүнүш”- деп белгиледи.
Кароо-сынак фестивалы вокалдык искусство, автордук ырлар, фольклор, инструменталдык искусство, хореография багытында өттү.
Фестивалга өлкөнүн 24 жогорку окуу жайларынан 104 команданын өнөрпоз студенттери катышты. Катышуучулар жаш муундун чыгармачылык салттарын, инновациялык идеяларын да чагылдырган түрдүү жанрдагы жаркын жана оригиналдуу чыгармачыл номерлерди тартуулашты.
Искусство, маданият тармагына эмгек сиңирген ишмерлерден куралган атайын калыстар тобу кароо-сынакка калыстык кылды. Алар калыстар тобунун төрайымы – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, композитор Жамиля Муратова, калыстар тобунун мүчөлөрү – Кыргыз Республикасынын эл артисти, П. Ф. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин директору Гүлзинат Суранчиева, Кыргыз Республикасынын маданияттын мыкты кызматкери, эстрада ырчысы, “D Billions” компаниясынын директору Акбар Сүйүнбаев, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин актердук чеберчилик жана режиссёрлук курсунун башчысы Уланмырза Карыпбаев, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын заманбап труппасынын башкы балетмейстери Тилек Кийизбаев студенттердин өнөрүн сындан өткөрүп, татыктуу бааларын беришти.
Жыйынтыгында “Ала-Тоо жазы” жаштар кароо-сынак фестивалынын калыстар тобунун чечими менен сыйлыктардын ээси болуп төмөндөгүлөр табылды.
Жогорку окуу жайларынан командалык эсепте биринчи орунду Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети ээлеп, биринчи даражадагы диплом жана 300 миң сом менен сыйланды.
Экинчи орун Кыргыз-Түрк “Манас” университетине ыйгарылып, аларга экинчи даражадагы диплом жана 200 миң сом тапшырылды.
Байгелүү үчүнчү орунду Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети камсыз кылып, үчүнчү даражадагы дипломго жана 100 миң сомго татыктуу болушту.
Төртүнчү орунга Ош мамлекеттик университети ээ болсо, бешинчи орунга жеткен Нарын мамлекеттик университети экөөнө 75 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Ал эми жеке студенттер арасындагы кароо-сынакта мыкты инструменталдык аткаруучу номинациясы боюнча жеңүүчү деп Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетинин студенти Мунара Дөөталиева аталды. Ага 50 миң сомдук акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылып, 5 аспапта: комуз, ооз комуз, жыгач ооз комуз, чопо чоор, домбрада ойногон “Аспаптар маршы” чыгармасы калыстар тарабынан жогору бааланды.
Мыкты бий номинациясы боюнча И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери “Индия бийин” бийлеп жеңүүчү деп таанылды.
Фестивалда мыкты фольклордук чыгарманын мыкты аткаруучусу деген сыйлыкка К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенти Сезим Нурманбетова ээ болду.
Мыкты вокал номинациясы боюнча сыйлыктын ээси Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин студенти Анастасия Пан болуп, ал Lady Gaga “Always remember us this way” ырын чебер аткарды.
Ал эми мыкты автордук чыгарма номинациясынын жеңүүчүсү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти Меридиана Мейманбаева аталып, “Жаз” деген чыгармасы менен таанылды. Бардык номинациянын жеңүүчүлөрүнө 50 миң сомдон акчалай сыйлыктары ыйгарылды.
Белгилей кетсек, бул фестиваль алгачкы жолу 1966-жылы өткөрүлүп, Кыргызстандагы музыкалык маданияттын ажырагыс салтына айланган. Ушул жылы фестиваль заманбап форматта кайра жанданып, жаштардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана улуттук маданий мурасты сактап-жайылтууга багытталган. 2017-жылдан берки 8 жыл узак тыныгуудан кийин бул жаркыраган маданий майрам таланттуу жаштарды кайрадан бириктирип, студенттердин достугуна көпүрө болду.
Иш-чаранын максаты-жаштардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өркүндөтүү, өнөрлүү адамдардын достук байланыштарын бекемдөө жана талантуу студенттерди коомго таанытуу, колдоо болуп саналат.
-Мени чоң атам Дөөталы комуз чертчү. Алты жашымда колума комуз кармап, алгач чоң атамдан үйрөндүм. Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылындагы Жумагул Алышбаев атындагы орто мектепте окуп жүргөндө музыка мугалими Айганыш Мамыралиев эжеймден сабак алып, комуз, домбура, чопо чоор, ооз комузга болгон кызыгуум артты. “Устат-шакирт” долбоорунун алкагында облустук, республикалык сынактарга катышып жүрдүм. Чолпон-Ата шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш салтанаттарында комуз чертип, миң комузчунун катарында “Маш ботой” күүсүн да ойногом. Быйылкы “Ала-Тоо жазы” фестивалына февралда Каракол шаарында өткөн облустук туруна катышып, анда дагы биринчи орунду ээлеп, республикалык турга жолдомо алгам. Бишкекте өткөн жарым жана финалдык турга өлкө аймагындагы абдан таланттуу студенттер келип, атаандаштык аябай курч мүнөздө өттү. Филармониядагы финалдык сынакта мен сахнага биринчи болуп чыгып, бир аз толкундоолор болду. Калыстар менин өнөрүмө жогору баа беришкенине ыраазычылык билдирем. Мен учурда Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетинин студенти болгондуктан, атайын музыкалык билимим жок. Ошого карабай бош убактымда колума комуз, домбура баштаган 5 аспапта ойноп, элдик ырларды дагы ырдап жүрөм. Кыргыздын улуттук аспаптарын, баалуулуктарын эл аралык аренага таанытсам деген тилегим бар. “Ала-Тоо жазы” фестивалы мени дагы шыктандырып, искусствого кызыгуумду дагы күчөттү, -дейт инструменталдык мыкты аткаруучу номинациясы боюнча жеңүүчү Мунара Дөөталиева.
-Иш-чаранын максаты-жаштардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өркүндөтүү, өнөрлүү адамдардын достук байланыштарын бекемдөө жана талантуу студенттерди коомго таанытуу, колдоо болуп саналат. Бул фестивал 8 жылдан бери өтпөй калган. Кыргызстанда таланттуу жаштар арбын. Алардын өнөрүн элге таанытуу максатында быйыл маданият министрлигинин демилгеси менен улуттук маданий мурасты сактап-жайылтууга багытында кайрадан жаңы форматта жандандырдык. Фестивалдын байге фондусу бир миллион сомду түздү. Талантын жогору баалаган калыстардын чечими менен байгелүү орундарды ээлеген студенттерге жана жогорку окуу жайлардын командаларына акчалай сыйлыктарды ыйгардык. Иш-чарага катышуунун өзү эле жаштарды шыктандырып, өлкө аймагындагы студенттерди бириктирип, достугуна көпүрө болду, -дейт Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев.
Маалымат үчүн: «Ала-Тоо жазы» — музыка фестивалы Кыргызстанда алгач ирет 1966-жылы июнь айында өткөрүлүп, өлкөдөгү музыкалык маданияттын ажырагыс салтына айланган. Кийин ал салтка айланып, 1967, 1969, 1974-жылы «Шаар эмгекчилеринин юбилейлик” майрамдык демонстрациясы катары өткөн. Кыргызстанда фестиваль күндөрүндө Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестр, Бүткүл союздук радио менен Борбордук телекөрсөтүүнүн симфониялык чоң оркестри, Ленинград (Санкт-Петербург) жана Горький шаарларынын филармониясынын симфониялык оркестри, М. Пягницкий атындагы мамлекеттик хор, Дагестан АССРинин мамлекеттик бий ансамбли, Сибирь бийлеринин Красноярскидеги мамлекеттик ансамбли сыяктуу чыгармачыл ири жамааттар өнөрүн көрүшкөн. Бул фестивалдарга көрүнүктүү композитор Т. Н. Хренников, В. Т. Соловьёв-Седой; дирижёрлор Е. Светланов, К. Иванов, Б. Хайкин, Ю. Темирканов, О. Дмитриади; аткаруучулар И. Архипова, А. Огнивцев, Ю. Мазурок, Р. Стручкова, В. Бовт, Г. Гаспарян, Т. Кудзик, Р. Жаманова, М. Сабирова, Т. Чебан, Т. Серебряков, А. Бабакулов, М. Эсамбаев, М. Магомаев, Б. Бенцпанов катышып, Кыргызстандын эли менен чыгармачылык жолугушуулар өткөрүлү, өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. 1966-74-жылдар аралыгында эле 800гө жакын концерт коюлган. Фестивалдын активдүү катышуучулары Е. Светланов менен М. Эсамбаевге «Кыргыз ССРинин эл артисти», Р. Тихомировго «Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери», Б. Бруновго жана Б. Бенциановго «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наамдар ыйгарылган. Эгемендүү өлкө болгону жаштар, студенттер арасында өткөрүлө баштаган.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер