“АКЫРКЫ КОҢГУРООДО” АКЧА ЧОГУЛТУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ

  • 19.05.2022
  • 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен “Акыркы коңгуроо” салтанаты билим берүү мекемелеринде 2022-жылдын 9-июнунда саат 9:00до өтөт.
“Акыркы коңгуроо” салтанатын уюштуруу жана өткөрүүдө окуучулардан жана алардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултууга катуу тыюу салынат. Ошондой эле бул күнү мектептин айланасында ачык отту, күйүүчү, пиротехникалык жана башка травматикалык заттарды колдонууга тыюу салынат.
Окуучулар жана алардын ата-энелери «Акыркы коңгуроо» салтанатында коопсуздук эрежелерин жана коопсуздук чараларын сактоонун зарылдыгы боюнча жол-жоболор менен таанышуусу кажет.
Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү укук коргоо кызматкерлери менен бирдикте окуучулардын өздүк коопсуздугун сактоону камсыздоодо ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш.
Бөлүшүү

Комментарийлер