АК-ТАЛААДА МЕКТЕПТЕРДИН ТАРБИЯ ИШТЕРИН УЮШТУРУУЧУЛАР ҮЧҮН СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 12.02.2019
  • 0

Ак-Талаа районуна караштуу Терек айылынын Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинде тарбия иштерин уюштуруу боюнча семинар өткөрүлдү.

АК-ТАЛААДА МЕКТЕПТЕРДИН ТАРБИЯ ИШТЕРИН УЮШТУРУУЧУЛАР ҮЧҮН СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Маалым болгондой, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан «Тарбия иштерин уюштуруудагы уюштуруучулардын ишмердүүлүгү» аттуу теманын алкагында өткөн семинарга мектептердин тарбия иштери боюнча уюштуруучулар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Ата-энелер мектебин» жандандыруу, алдын алуу кеңешинин ишмердүүлүгү жана бүгүнкү күндө болуп жаткан көйгөйлүү маселелер талкууга алынды.

Ак-Талаа районундагы алты орто мектептин уюштуруучулары сабактарды, тренингдерди өтүп беришти.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер