АК КАЛПАК КИЙГЕНДИ КЫРГЫЗ ДЕП БИЛ!

  • 05.03.2020
  • 0

Эзелтен кыргыздын эр-азаматтары ак калпак кийишкен. Ак калпак – элибиздин тилегинин актыгын, жан дүйнөсүнүн тазалыгын билдирет.  Ал – чокусу ак карлуу Ала-Тообузга окшош.

Жыл сайын ушул күндү өзгөчө сагынып күтөм. Анткени мындан беш-алты жылдай илгери, Кыргызстанда Ак калпак күнү белгилене баштаганда, Ала-Тоо аянтына барып, ак калпакчан жигиттерди тартып алып, «Ак калпак кийгенди кыргыз деп бил!» деген фотобаян уюштургам.

АК КАЛПАК КИЙГЕНДИ КЫРГЫЗ ДЕП БИЛ!

Андан бери «Убакыт деген учкан куш экен», бул сүрөттөгү уулум чоңоюп, «Ата, бүгүн Ак калпак күнү, эмеспи!» деп четтеги бою узун классташы жана карындашы менен Ак-Өргө конушундагы №77 мектепке жөнөдү. Алардын артынан мен да келдим.

АК КАЛПАК КИЙГЕНДИ КЫРГЫЗ ДЕП БИЛ!

Туура кылыпмын! Мектептин алдында ак калпакчан балдар бадыраят. Көрүп көзүң тойбойт. Кыргыз болуп төрөлгөнүңө кубанасың. Мектептин мугалимдеринин да маанайы шат.

АК КАЛПАК КИЙГЕНДИ КЫРГЫЗ ДЕП БИЛ!

— Балдар, кечээ эле мамлекеттик Туу күнүн белгиледик. Бүгүн болсо, баарыңар ак калпак кийип келипсиңер. Ак калпак баарыңарга жарашып турат. Азаматсыңар, ушул багытыңардан тайбагыла! Манастын урпагы болобуз, мекенчилдигиңерден жазбагыла! – деди мектеп директору Аида Арипбековна.

АК КАЛПАК КИЙГЕНДИ КЫРГЫЗ ДЕП БИЛ!

Шаардын борборуна келсем, майрамга келгендер тарап кетишиптир. Бирок ачык асман алдындагы сүрөт галереясынан эки мекенчил жигитке кезиктим. Береги бүркүтчөнү, мурда кесиптик билим берүү жаатында иштеген Кубаныч аттуу жигит, чопо чоор тартып жатканы – Бакыт. Бар болгула, кыргыздын жигиттери! Бар болуңуз, мекенчил жаштарды тарбиялап жаткан Аида Арипбековна!

АК КАЛПАК КИЙГЕНДИ КЫРГЫЗ ДЕП БИЛ!

А.Алибеков, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер