АЙТМАТОВ ӨНӨРЛҮҮ БАЛДАРДЫН КӨЗҮ МЕНЕН

  • 26.12.2018
  • 0

Н.Исанов атындагы КМКТАУнун колледжиндеги Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган кечеде студенттер жазуучунун сүрөттөрүн кыл калем эле эмес, мык, жип жана жүн менен да жасашып, көргөзмөгө тартуулашты.

Колледждин директору Элмира Дербишеванын жана ал жетектеген жамааттын демилгеси менен уюштурулган “Чыңгыз агабыздын чыгармачылыгына таазим” аттуу салтанаттуу кече 1-курстун студенттеринин жана “Жаңы жибек жолу” эл аралык институтунун даярдоо курсунун угуучуларынын күчү менен даярдалды.

Айрыкча, Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарынан түзүлгөн дубал газеталар, 1-курстун студенттеринин кыл калем, мык, жип жана жүндүн жардамы менен жасашкан Чыңгыз Айтматовдун сүрөттөрү көрүүчүлөрдүн көңүлүн дароо буруп, жылуу пикир калтырды. Залкар жазуучунун чыгармаларынан сахналаштырылган үзүндүлөрдү, монологдорду ОК-5-18, ОК-7-18, ОК-8-18, ОК-10-18 тайпаларынын студенттери жеткиликтүү аткарып беришти.

Ал эми даярдоо курсунун угуучулары Ч.Айтматовдун өмүр жолу, чыгармалары жөнүндө жана Кытайдын дүйнөгө таанымал акыны Ли Бонун ырларынан үзүндүлөрдү айтып бергендери да таасирдүү болду.

Залкар жазуучуга арналган кечеге чакырылган КМКТАУнун ректору Акымбек Абдыкалыков өзгөчөлөнгөн студенттерге грамоталарды, дипломдорду жана атайын белектерди тапшырды. Алсак, Ч.Айтматовдун мык жана жип менен жасалган портрети үчүн Абдыбек уулу Раатбек, жүндөн жасалган портрети үчүн Сезим Мейизбекова, Зухра Хаджымурзаева, Кубанычбек уулу Асылбек атайын сыйлыктар менен сыйланышты.

Нуркалый ЖАЙЫЛОВ,

Н.Исанов атындагы КМКТАУнун колледжинин мугалими. 

Бөлүшүү

Комментарийлер