АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ, ӨЛКӨНҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖАНА БАЛДАРДЫ КОЛДОО ЖЫЛЫН ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА УЮШТУРУУ КОМИТЕТИ ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

  • 11.06.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планына ылайык, балдарды колдоо жаатында 22 милдет жана 30 чара аныкталган.

Кеңешмеге тармактык министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жооптуу кызматкерлери катышты.

Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жетишилген максаттар жана балдарды комплекстүү колдоого алуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жаатында алдыга коюлган иштер тууралуу отчет беришти.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов туулгандыгы тууралуу мамлекеттик каттоого алынбаган балдарды документтештирүү процессинин жүрүшү, жеке идентификациялык номерлерди ыйгарууга арыздарды координациялык түрдө кароо, жеке идентификациялык номерлерди ыйгаруу тутумун жөнөкөйлөштүрүү боюнча мындан аркы жүргүзүлчү иштер тууралуу маалымдады.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткаруу боюнча ишти күчтөндүрүү чечими кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер