АЭУ АКШнын Миссури Университети менен кызматташат

  • 23.05.2025
  • 0

2025-жылдын 22-майында «Ала-Тоо» Эл аралык университети АКШнын Миссури Университети (Missouri University) менен кызматташуу меморандумуна кол койду. Кызматташуунун алкагында медицина, юриспруденция, саясат таануу жана журналистика тармагында биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу пландалууда. Ошондой эле студенттер магистратура жана PhD стипендиялык программаларына өз алдынча тапшырып, илимий ишмердүүлүккө да активдүү катыша алышат.

АЭУ АКШнын Миссури Университети менен кызматташат

Миссури Университети менен АЭУнун ортосундагы келишим бул эки жогорку окуу жайдын өз ара жемиштүү кызматташууга болгон кызыгуусунун далили болуп эсептелет. Бул келишим окутуучулар ортосундагы биргелешкен окуу программаларын өнүктүрүүнү, ошондой эле университеттердин илимий кызматкерлери жана студенттери үчүн академиялык алмашуу программаларын камтыйт.

  • Миссури Университети 1839-жылы негизделген жана Америка университеттер ассоциациясына кирген 38 мамлекеттик университеттердин бири болуп саналат. Биздин тарыхыбыз терең, учурда университетте 31 000ден ашуун студент билим алууда, алардын катарында дүйнөнүн 100гө жакын өлкөсүнөн келген чет элдик студенттер да бар. Биз илимге чын ыкласынан кызыккан, жогорку академиялык жетишкендиктерге ээ таланттуу студенттерди издейбиз. Менин оюмча, “Ала-Тоо” университети дал ушундай студенттерди даярдайт. Алар биздин динамикалуу илимий жамаатыбыздын мүчөсү болушса, абдан кубанычта болобуз. Бул маанилүү жолугушууну уюштурганы үчүн АЭУнун Эл аралык мамилелер кеңсесине өзгөчө ыраазычылык билдирем”, — деп белгиледи аталган окуу жайдын профессору Мэри Стегмайер.

АЭУ АКШнын Миссури Университети менен кызматташат

ЖОЖдордун чет өлкөлүк университеттер менен кызматташуусу заманбап билим берүүнү өнүктүрүүдөгү негизги багыттардын бири. Эл аралык кызматташуунун аркасында университеттер глобалдык академиялык чөйрөнү калыптандырып, дүйнөлүк деңгээлдеги аброюн бекемдеп, бүтүрүүчүлөрдү эл аралык атаандаштык шартында ийгиликтүү иш алып барууга даярдайт. Ушуга байланыштуу АЭУ дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү өнөктөш университеттердин тизмесин кеңейтип, эл аралык кызматташтыкты чыңдоону жана академиялык-илимий алмашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү улантууда.

 

АЭУнун ректору Назира Эсеналиева университет дүйнөлүк алдыңкы ЖОЖдор, анын ичинде Миссури Университети менен өнөктөштүк мамилелердин түзүлүшүн жогору баалай турганын белгилеп, бул кызматташтык студенттер жана профессорлор үчүн жаңы академиялык жана илимий мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенимин билдирди.

АЭУ АКШнын Миссури Университети менен кызматташат

Жолугушууга АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Маданият жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Джеффри Бантинг мырза, коомчулук менен байланыш дипломатиясы бөлүмүнүн адиси Гүлзат Кочорова, ошондой эле АЭУнун өкүлдөрү – административдик иштер боюнча проректор Сейитбек Тиллеков, Экономика жана башкаруу факультетинин деканы Турдукан Бекимбетова, Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн директору Динара Эгембердиева, Медицина факультетинин деканы Кудайберген Осмоналиев жана Гуманитардык илимдер факультетинин деканы Бекчоро Алияскаров активдүү катышышты.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер