КАРАКОЛ ШААРЫНЫН МЭРИ КЫЗМАТЫНАН БОШТОЛДУ

  • 14.10.2020
  • 0

Каниметов Адыл Жанкорозович Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.

Бул чечим «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер