АБИТУРИЕНТТЕР КАЙСЫ АДИСТИКТИ ТАНДАШТЫ

  • 13.07.2018
  • 0

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 1-туру аяктап, учурда жыйынтыктар чыгарылууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, жылдагыдай эле медициналык, юридикалык, экономикалык жана техникалык адистикке тапшыргандар көп. Бирок педагогикалык жана филологиялык (англис, корей тилдери) билим алууга кызыккандардын дагы саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу арбый баштагандыгы айтылат.   

АБИТУРИЕНТТЕР КАЙСЫ АДИСТИКТИ ТАНДАШТЫ

Мисалы, 1-турда ОшМУнун медициналык факультетине караганда дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин филологиялык билим берүү (англис тили боюнча), лингвистика адистиктерине абитуриент көп тапшырды. Быйыл план боюнча бул окуу жайдын медициналык факультетинин дарылоо ишине 25 бюджеттик орун берилсе, 1-турда жалпы 145 талон, медициналык алдын алуу ишине берилген 15 орун үчүн 50 талон ташталган.

Педагогикалык, өзгөчө, мектепке чейинки жана башталгыч класстардын мугалими адистигине тапшыргандар дагы жылдагыга салыштырмалуу быйыл алда канча көп. Мисалы, И.Арабаев атындагы КМУнун педагогикалык факультетине окууну каалагандардын кезеги мурунку жылдарга салыштырмалуу көп болсо, ушул эле окуу жайдын Колледжинин мектепке чейинки билим берүү жана башталгыч класстардын мугалими адистигине кабыл алуунун биринчи туру аяктаса дагы, экинчи тур үчүн документ тапшыргандардын аягы суюла элек.

 

Кандай адистер талап кылынат?

АБИТУРИЕНТТЕР КАЙСЫ АДИСТИКТИ ТАНДАШТЫ

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2018-2022-жылдарга карата эмгек ресурстарына муктаждыктардын алдын-ала божомолунун жыйынтыгына ылайык 2021-2022-жылдар аралыгына Кыргызстанда 36,0 миңден ашуун адис талап кылынат. Көбүнчө өнөр жай, курулуш, айыл чарба, транспорт жана байланыш, кызмат көрсөтүү сектору, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарына адистердин жетишпегендиги аныкталган. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, адистиктер жана даярдоонун багыттары боюнча гранттык орундарды бөлүштүрүүдө «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын талаптары дагы эске алынды. Анда 2040-жылга чейинки Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары катары өнөр жайы (тоо-кен өндүрүү, мунайды кайра иштетүү, жеңил өнөр жайы, тамак-аш, кайра иштетүү өндүрүшү ж.б.), айыл чарбасы, энергетика, туризм көрсөтүлөт. Мындан башка, мамлекетти санариптештирүүдө IT-адистерине болгон суроо-талаптар көбөйө баштагандыктан, компьютердик технологиялар жаатындагы адистиктер жана маалыматтык коопсуздук, жаштар менен иштөө багыты боюнча дагы гранттык орундардын саны көбөйтүлдү.

 

Адистерге болгон муктаждык

ТармагыКадрларга муктаждыктар (КР ЭжСКнын маалыматы боюнча)Иш берүүчүлөрдүн өтүнмөлөрүнүн (заявкаларынын) саны (жождор менен келишимдер)Гранттык негизде сунушталган кабыл алуу планы
Билим берүү262555982048
Айыл чарба11215889415
Компьютердик технологиялар3761074485
Өнөр жай28711117425
Саламаттык сактоо986709405
Маданият, искусство104311297
Курулуш2391529260
Тоо-кен өндүрүү өнөр жайы5669345215
Энергетика128498125
КРнын Ички иштер министрлигинин адистиктери125125125
Коргоо100100100
Башкаруу19824895
Транспорт62820090
Байланыш12565
Гуманитардык адистиктер153471115
Туризм16911535
124545300

 

 

 

Гранттык орундар тууралуу

Негизи быйыл мамлекет тарабынан жалпы 5705 гранттык орун бөлүндү. Анын 4888 Билим берүү жана илим министрлигине караштуу жогорку окуу жайларына бөлүштүрүлсө, калгандары башка мамлекеттик органдар аркылуу: Ички иштер министрлиги — 125, Саламаттыкты сактоо министрлиги — 330, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги — 237, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети – 115, Тышкы иштер министрлиги — 10 каржыланат.

Орундарды бөлүштүрүүдө Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин адистерге болгон муктаждыктар боюнча алдын-ала божомолдору (прогноздор), кадрларды даярдоодо жождор менен иш берүүчүлөр ортосунда түзүлгөн келишимдер, ар бир жождун ишке орношкон бүтүрүүчүлөрүнүн пайызы, ошондой эле жождорго жана ар бир тиешелүү адистик боюнча билим берүү ишмердүүлүгүнө берилген лицензияга ылайык студенттердин санынын чектери эсепке алынды.

Жылдагыдай эле эң көп орун (2053) билим берүү тармагына каралды. Андан кийин 480 орун компьютердик технологиялар багытына, 425 орун байланышка, 420 орун өнөр жайга (тамак-аш, иштетүүчү, машина куруу), 415 орун айыл чарбага бөлүндү. Кен казуу өнөр жайына 200, гуманитардык адистиктерге 105, маданият жана искусствого 60, курулушка 250, транспортко 90, башкарууга 105, энергетикага 125 орун тийди.

Тийиштүү ченемдик укук актыларынын талаптарына ылайык бул гранттык орундар  өзүнчө квоталарга бөлүнгөн:

—        50 гранттык орун – жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган абитуриенттерди конкурстан сырткары кабыл алуу үчүн;

—        140 гранттык орун — Россия Федерациясы, Тажикстан, Украина, Түркия, Беларусия менен, Шанхай кызматташтык уюмунун жана Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигинин алкагында түзүлгөн мамлекеттер аралык кызматташуу боюнча макулдашуулардагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн;

—        75 гранттык орун — чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн;

—        100 гранттык орун — I, II группадагы майып жарандарды, согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына берилүүчү жеңилдик менен кепилдиктерине теңдештирилген адамдарды, бала кезинен майыптарды, майып балдарды, жетим балдарды жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдарды окууга кабыл алуу үчүн;

—        40 гранттык орун — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартында болгон окуяда, 2010-жылдын апрель, май жана июнь айларындагы болгон окуяларда каза болгон жарандардын балдары  жана кайрылман статусу бар жарандар үчүн.

Негизи жыл сайын мамлекет тарабынан беш миңден ашуун гранттык орун бөлүнүп берилип келгени менен, ал орундар толбой калат. Мисалы, былтыр 551 орун бош калып калган. Ушундай карама-каршылыкты жоюу максатында министрлик тарабынан “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамдын долбоорундагы 26-беренедеги ченемди алып таштоо сунушталган. Учурда аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда турат.

 

Алданып калба

Жалпы республикалык тестирлөөдөн тийиштүү балл топтой албай калган абитуриенттердин арасында кабыл алуунун 3-турунда босого баллы төмөндөтүлөт деген кеп тарап кеткен. Бирок Билим берүү жана илим министрлиги эч кандай төмөндөтүү болбой тургандыгын эскертет. Андыктан абитуриенттерди акча берсең акыркы турда окууга өткөрүп берем деп окуу жайлардын тегерегинде жүргөн шылуундардан этият болууга чакырабыз. Себеби кандайдыр бир жолдор менен окууга өткөрүп берем деп, акча алып жаткандар дагы чыгууда. Мисалы, Кочкордон келген Канатбек кызы Керемет тийиштүү балл топтой албай калган. Ага белгилүү бир университеттин алдынан эле бейтааныш адам жолугуп, 200 доллар берсең сен каалаган факультетке өткөрүп берем деген.

  •  Университеттин алдынан эле мага бир байке жолугуп, маселемди сурады. Мен болсо тийиштүү балл топтой албай калганымды, айла жок колледжге тапшырып жатканымды айтсам, ал мага 200 доллар берсең сен каалаган факультетке өткөрүп берем деди. Мен ага ишенип алып, эжем менен кеңешип, акчамды алып чыгайын деп үйгө барсам эжем мени урушуп, ал киши менен жолукмайынча  акча бербейм деп койду. Ага чалып абалды айтсам, эжем менен такыр сүйлөшпөй койду, телефонун дагы өчүрүп салды. Ошентип, аз жерден алданып кала жаздадым. Азыр болсо колледжге документтеримди тапшырып чыктым, — дейт Керемет.

 

Эскертүү

Быйыл талондордо мурунку жылдардан айырмачылык бар. Мурда эки турга бюджеттик орун үчүн бирден, контракттык окууга экиден талон берилсе, быйыл контракттык окуу үчүн бирден эле талон берилген. Калган эки талондун ордуна 3-тур үчүн бюджетке бир, контракттык окууга бир талон берилди. Мурда 3-турда сертификаттын түп нускасы гана тапшырылчу.   Ошондо азыр абитуриенттер биринчи турда эки гана талонун пайдаланды. Калган төрт талондун экөөнү 16-июлдан  21-июлга чейин өтө турган 2-турда пайдаланышат. Акыркы экөөнү 23-28-июлда боло турган 3-турга калтырышат.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим” 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер