АБИТУРИЕНТ: КАЙСЫЛ ЖОЖДУ ТАНДАЙСЫҢ?

  • 12.07.2023
  • 0

2023-2024-окуу жылына ЖРТнын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 17-июлда башталат.   Абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык  системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz  аркылуу онлайн форматта тапшырат.

АБИТУРИЕНТ: КАЙСЫЛ ЖОЖДУ ТАНДАЙСЫҢ?

Быйыл абитуриенттер үчүн мамлекет тарабынан 6000 бюджеттик орун бөлүндү. Анын ичинде 54 жогорку балл алган Алтын тамга ээлери, этникалык кыргыздар, кайрылман статусуна алган адамдар да бар. 300 дөн кичине көбүрөөгү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, социалдык абалы начар үй-бүлөнүн балдарына ж.б  жеңилдиктери бар адамдар үчүн каралган.

Былтыркыдай эле босого балл — 110, предметтик тесттер үчүн – 60.  Педагогика багыттары боюнча бюджеттик орундун босого баллы 115, ал эми предметтик тест 60 болуп бекиди. ЖОЖго кабыл алуу төрт этаптан турат. Анын биринчи туру 17-июлдан 19-июлга чейин, экинчи туру 24-июлдан 26-июлга чейин, үчүнчү туру 31-июлдан 2-августка чейин, акыркы туру 7-августтан 9-августка чейин улантылат.

 

АБИТУРИЕНТ: КАЙСЫЛ ЖОЖДУ ТАНДАЙСЫҢ?

Учурда ЖОЖдорду тандоо абитуриенттердин арасында кызуу жүрүүдө. Жакындарын ээрчитип алып, шаар аралап жогорку окуу жайлар жана алардын шарттары, факультеттери менен таанышып жаткан абитуриенттерди бардык жерден кезиктирүүгө болот. Мисалы, Талас облусуна караштуу Айтматов районунун Шекер айылынан келген Айзинат Күрүчпекова бир тууган эжесинин кеңеши менен “Кыргыз-Түрк Манас” университетинде билим алуу үчүн 9-июнда атайын кирүү сынагын тапшырды. Анын ЖТРдан алган баллы 122 болду.

  • Менин эжем “Манас” университеине тапшырып өтүп алып, бирок факультет тандап олтура берип кечигип, орду башка абитуриентке өтүп кеткен. Быйыл мага ушул окуу жайды тандоону сунуштады. Мен да макул болдум. Себеби билими күчтүү окутуучулар сабак берет деп ойлойм. Шаардын так ортосунда да жайгашкандыктан, үйдөн барып-келүүгө ыңгайлуу. Анүстүнө, акысыз окутат. Кошумча түрк тилин үйрөнө аласың. Буйруса, экзаменден өтсөм үч жылдан бери кыялданып жүргөн коммуникация факультетине тапшырып, актриса же журналист болсом дейм. Мектептеги конкурстарга, ар кандай иш-чараларга активдүү катышып келгем. Ошол себептен шыгым бар экенин билип, журналистика бөлүмүн тандоодомун. Сынактан өтөм деген ишенич чоң. Кокус, бул багытта тиешелүү балл топтой албай калсам, ушул эле оку жайдын спорт бөлүмүнө тапшырам. — дейт Айзинат Күрүчпекова.

АБИТУРИЕНТ: КАЙСЫЛ ЖОЖДУ ТАНДАЙСЫҢ?

Келечекте медицина кызматкери болуп, бүгүнкү күндөгү көбөйүп жаткан оорулардан элин коргогусу келген Токтоайым Калмурзаева Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүндөгү «Келечек»орто мектебинин бүтүрүүчүсү. Анын жалпы республикалык тесттен негизги баллы 153 болсо, кошумча химия сабагынан 65, биология сабагынан 61балл топтоду.

  • Мектепти жалаң “5” деген баага ийгиликтуу аяктадым. Азыркы учурда медицина жаатында билим берген ЖОЖдорду караштырып жүрөм. Анткени оорулардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу, аларды алдын алган, калкымдын керегине жараган кызматкер болгум келет. Албетте, мен да кичинекей кезимде  такыр башка нерселер тууралуу кыялданчумун. Бир аз чонойгондо үй бүлөмдө бирөө ооруп калса, ал ичип жаткан дары-дармектерди карап жүрүп эле кызыгып кеттим.  Чоң энем да “Сен келечекте дарыгер болосуң”  деп көп  айтып калчу. Балким, кандайдыр-бир деңгээлде бул кесипти тандоомо үй-бүлөм да себепчи болду. Негизи күчтүү, билимдүү медиктерди даярдап чыгарган Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда билим алууну каалайм. Контрагы 40-50миңдин тегереги экен. Андан тышкары, ИСИТО, Кыргыз-Орус Славян университетин да караштыруудамын. Ата-энем да билим алуума салымын кошуп, контракттын көптүгүнө карабай окутарын айтып жатат,  — дейт бүтүрүүчү.

Медицина тармагын тандаган абитуриент бир гана Токтоайым эмес. Дегеним, лейлектик Капарова Гүлиза да дарылоо факультетинде билим алуу үчүн каттоо башталганча жогорку окуу жайларды кыдырып, консультация алып жүрөт. Анын жалпы баллы 284дү түздү,  негизги тесттен 140, химиядан  балл алды.

Жалпы республикалык тестирлөөгө жалпы 51 миң 73 адам катышса, жарымынан кичине эле көбүрөөгү, тактап айтканда, 58,3% гана 110 дон  жогору балл алды. Максималдуу көрсөткүчү – 236 упай, эң азы – 29 упай, орточо – 121,8 упай болду. ЖРТдан аз балл алган окуучулардын арасында лицейлерди тандагандар да жок эмес. Мисалы, ЖТРдан 97 балл алгандыгына байланыштуу Кыргыз улуттук университтетин колледжине  тапшырган Жаныбек кызы Айзирек бар. Ал алыскы Чаткалдын Айгыр-Жал айыланан келген вбитуриент. Өзү каалаган балл топтой албай калганына терикпей, билим алууну улантып, учурдагы перспективдүү кесиптердин бири IT багытында билим алууну чечти.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер