МУГАЛИМ — КООМДУН КЕЛЕЧЕГИН КАЛЫПТАНДЫРУУЧУ ИНСАН
- 08.04.2025
- 0
Мугалимдик — бул жөн гана кесип эмес, бул ар кимдин колунан келе бербеген ыйык милдет. Менин бул жолду тандап алуума бала кезде мектептеги сүйүктүү мугалимдерим себепкер болгон. Алардын сабакка болгон даярдыгы, ар бир окуучуга болгон мамилеси, сабырдуулугу жана үлгүлүү жүрүм-туруму мени суктантып, ушул эле жол менен өз салымымды кошкум келди. Алар мага «мугалим болуу» — балдардын жүрөгүнө жол табуу, келечегине багыт берип, жан-дүйнөсүнө таалим-тарбия чырагын жандыруу, терең билим берүү экенин үйрөтүшкөн.
Мен Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Көк-Таш айылында туулуп, ошол жердеги Б.Саттаркулов атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктадым. ЖРТдан жогорку балл алып, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана химия факультетинин биология адистигинин бюджеттик бөлүмүнө тапшырып, окууну артыкчылык диплому менен аяктап, эмгек жолумду Сүлүктү шаарындагы Р. Жолбаев атындагы №4 орто мектебинде баштагам. Бул жетишкендиктерге жетүүгө мага жол көрсөтүп, кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берген мугалимдериме чоң ыраазычылык билдирем. Мектепте биология сабагынан берген Алтынай эжей мен үчүн жөн гана мугалим эмес, турмуштук жол көрсөткөн устат болду. Анын ар бир сабагы бизди ойлонууга, байкоо жүргүзүүгө, табият менен сырдашууга үйрөтчү. Мектебимдеги эже-агайлардын окуучуларга болгон мамилеси мени шыктандырып, жүрөгүмдө “мен дагы ушундай мугалим болсом” деген тилек жанды.
Бүгүнкү күндө өлкөбүздө улуттук билим берүүнүн жаңы модели бул системага чоң өзгөрүүлөрдү ишке ашырууга бет алды. Өзгөчө, мектеп жашындагы балдардын өнүгүүсү боюнча коомчулукта ар кандай кайчы пикирлер айтылууда. Балдар алты жаштан мектеп босогосун аттоого жөндөмдүүбү деген суроонун тегерегинде да талаштар жок эмес. Өз мезгилинде грузин элинин психологу Ш.Аманашвили алты жаштан окутуу психологиялык жактан кабыл алуусу жакшы өнүгөөрүн экспериментте далилдеген. Психологиялык жана физиологиялык жактан балдардын өздөштүрүү деңгээли ар кандай болот. Бирок туура усулдар, кызыктуу оюн-сабактар жана ата-эне менен мектептин тыгыз байланышы аркылуу бул жаштагы балдарга да сапаттуу билим берүү мүмкүнчүлүгү бар.
Орто мектеп — бул баланын дүйнө таанымын, тартибин, жеке жүрүм-турумун калыптандырган негизги уя. Бул этапта мугалимдин ролу — жөн гана сабак өтүү эмес, ар бир баланын ички мүмкүнчүлүктөрүн байкап, шык-жөндөмүнө жараша багыт берүү. Ар бир окуучунун ичиндеги шыгын жана талантын ойготуу мугалимдин чеберчилигинен, байкоо жөндөмүнөн көз каранды. Окуучунун кызыгуусун жараткан сабак гана натыйжа берет. Мугалим жаңы технологияларды колдонуп, чыгармачыл тапшырмаларды берип, долбоордук ишмердүүлүккө багыттаса, ар бир бала өзүн таанып билип, ийгиликке жетише алат.
Билим берүү тармагында “улуттук жаңы моделге” өтүү учур талабы. Бул үчүн биринчи кезекте мугалимдерди үзгүлтүксүз окутуу, алардын методикалык деңгээлин жогорулатуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана ата-эне-мугалим-окуучунун өз ара кызматташуу үч бурчтугун калыптандыруу зарыл.
Орто мектептерде билим берүүнүн улуттук жаңы моделин камтыган «Алтын казык» программасынын алкагында бир кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн түзүү — өтө маанилүү кадам. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү жогорку окуу жайына өтпөйт, бирок эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек. Бул үчүн мектептерде заманбап жабдуулар менен камсыздалган адистештирилген кабинеттер, практикалык багыттагы сабактар, кесиптик багыт берүүчү курстар жана тажрыйбалуу устаттар болушу керек.
Орто мектептерде да, колледждерде да билим берүү — бул жөн гана окуу эмес. Бул — жаштарды инсандын деңгээлине көтөрүү процесси. Окуучулардын өз ара баарлашуусу, тартипке үйрөнүүсү, улууну урматтап, кичүү менен мамиле түзүүсү үчүн таалим-тарбиялык иштерди жандандыруу зарыл. Бул багытта үй-бүлө, мектеп жана коомчулук бирге аракет кылса гана натыйжалуу болмокчу. Окуучулар менен иштөөнүн заманбап формалары — клубдар, дебаттар, жамааттык долбоорлор, социалдык акциялар жана маданий иш-чаралар окуучунун өнүгүшүнө чоң шарт түзөт.
Мугалимдерге заманбап билим берүү технологияларын өздөштүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр жана стимулдар керек. Бир катар мугалимдер даяр, аракетчил, жаңыны кабыл ала билген адистер болсо, айрымдарына колдоо жана багыт берүү талап кылынат. Бул жерде мамлекеттик деңгээлдеги усулдук борборлор, онлайн-платформалар жана кесиптик кайра даярдоо курстары маанилүү рол ойнойт.Бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги алгылыктуу аракеттерди көрүп жатышканы кубандырат.
Ал эми окуу китептери тууралуу айтканда, алардын мазмуну жаш курак өзгөчөлүгүнө ылайык болуусу, логикалык ырааттуулугу жана практикалык багытта болушу керек. Окуучуга түшүнүктүү тилде жазылган, сүрөттөр, схемалар жана мисалдар менен байытылган китептер гана окуу процессин жеңилдетет.
Мугалим — бул баланын гана эмес, улуттун тагдырынын тарбиялоочу инсан. Анын иши өз маңызында татыктуу бааланышы керек. Социалдык кепилдиктер, маяна, иш шарттары жакшыртылган сайын кесипке болгон мамиле, жоопкерчилик жана окуучуга болгон мамиле да жогорулайт.
Учурда өз иш тажрыйбамда заманбап технологияларды кеңири колдонуп келем. Интерактивдүү такта, санариптик платформалар, мобилдик тиркемелер, ошондой эле долбоордук окутуу, STEM элементтери жана оюн элементтерин аралаштыруу менен сабактарды кызыктуу жана натыйжалуу өткөрүү аракетиндемин. Бул багытта дагы да жаңы сунуштарым бар. Мисалы, ар бир мектеп,орто жана жогорку билим берүүчү мекемелер өзүнүн ички чыгармачылык лабораториясын ачса, ал жерде мугалимдер өз тажрыйбаларын бөлүшүп, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгышса, натыйжалуу жана пайдалуу болмок эле.
“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужол докторинасы — бул өз тамырыбызга кайтып, ата-бабалар мурасын жаңы муундун аң-сезимине сиңирүү жолу, өлкөнү өнүгүүнүн идеалогиялык платформасы. Бул докторина улуттук билим берүүнүн жаңы моделинин өзөгү, негизги багыттарынын бири болушу абзел. Ар бир сабакта улуттук баалуулуктар, тарыхый инсандар, кыргыз тилин, маданиятын сүйүүгө тарбиялоочу элементтер кошо жүрүшү керек.
Акыркы кезде коомубузда зордук-зомбулук, агрессия, жүрүм-турум көйгөйлөрү көп байкалууда. Бул маселеде мугалим да, ата-эне да, коомчулук да жоопкер. Мугалим сабак өтүү менен гана чектелүүсү таалим- тарбия берүү милдетинен качуу дегенди билдирет. Ар бир сабак, ар бир мамиле, ар бир сөз — балага болгон тарбия. Ата-эне менен мугалимдин кызматташтыгы бекем болгондо гана баланын ички дүйнөсүндө айкөлдүк, боорукерлик жана жоопкерчилик калыптанат.
Жаш болсом дагы билим берүү тармагындагы ушул ой-пикирлеримди жыйынтыктап айтканда, билим берүү — бул мамлекеттин эң чоң инвестициясы. Дүйнөлүк тажрыйбага таянсак инвестицияга кайдыгер карабаган коом гана өнүгөт. Анткени ар бир мугалимдин колунда — өлкөнүн эртеңки тагдыры жана келечеги жатат. Баарыбыз колдон келишинче салым кошууга аракет кылалы.
Эркинай Казыева,
Баткен мамлекеттик университетинин Педагогика жана коммуникациялар колледжинин биология окутуучусу
Комментарийлер