АБИТУРИЕНТ, ЧАМДА!
- 19.10.2022
- 0
Жакында “Креатив-Таалим” ББКсында “ЖРТ Креатив-Таалим” окуу борбору ачылды. Эми борбордо ЖРТге даярдоо боюнча он жылдан ашык тажрыйбасы бар, кесипкөй мугалимдерден билим алууга быйылкы абитуриенттердин чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Курс кыргыз жана орус тилдеринде өтүлөт.
Урматтуу абитуриент, курсту “Алиппе ТВ” долбоорунда, “Креатив-Таалим” билим берүү комплекси жана ЖРТге даярдоо боюнча окуу борборлорунда эмгектенген күчтүү мугалимдердин командасы өткөрөт.
Мугалимдер менен таанышкыңыз келсе:
Дайырбекова Гүлнара Мелисовна – КР эмгек сиңирген мугалими , “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин башкы директору, математик
Карипова Салкын Асанкуловна – КР эл агартуусунун отличниги, “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин директору, кыргыз тили мугалими
Исмаилова Сымбат Бакасовна – КР эл агартуусунун отличниги, химия китебинин автору
Шамырканова Аида Бектуровна – курстун жетекчиси, математика мугалими. ЖРТге даярдоо боюнча тесттердин автору
Муктарбек кызы Мунира – кыргыз тилинен ЖРТге даярдоо китебинин автору, кыргыз тили мугалими
Советбек уулу Айболот – ЖРТге даярдоо боюнча окуу китебинин автору, орус тили мугалими
Оторова Шайзада Акылбековна – ЖРТге даярдоо боюнча окуу китебинин автору, орус тили мугалими
Бараталиева Гулсия Бараталиевна – ЖРТге даярдоо боюнча окуу китебинин автору, биология мугалими
Эгерде мугалимдер менен түзмө-түз байланышкыңыз келсе, билим уя Бишкек шаарындагы 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан (Медиа Форум имаратынын 5-кабаты).
☎️ 0508010460, 0500907997, 0706939120, 0700555578
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер