АБДЫЛДА МУСАЕВ — МОСКВА МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ
- 11.01.2025
- 0
Жаңы жылдын алдында Москвадан кубанычтуу кабар келди. Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, илимдин доктору, профессор Абдылда Мусаевге Москва мамлекеттик университетинин ардактуу профессору наамы ыйгарылды.
«МГУнун ардактуу профессору» наамы МГУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен билим берүү жана илимди өнүктүрүүгө зор салым кошкон жана МГУ менен жемиштүү кызматташкан көрүнүктүү окумуштууларга ыйгарылат.
Бул наамга дүйнөлүк чыгаан лидерлер, мамлекет башчылары, залкар окумуштуулар татыктуу болушкан. Алардын арасында Нобель сыйлыгынын лауреаттары дагы бар.
Мындай жогорку наамга жеткени үчүн Абдылда Инаятовичти чын жүрөктөн куттуктайбыз!
«МГУнун ардактуу профессору» наамын кыргыз окумуштуусуна тапшыруу салтанаты 13-январда Москвада болот.
МГУнун ректору В. Садовничийдин каты
Комментарийлер