82 адис окуусун ийгиликтүү аяктады
- 19.05.2025
- 0
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде суу менен камсыз кылуу чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу программасынын бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү. Программа Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан окуу жай менен өнөктөштүктө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Программанын максаты — айыл жергесинде суу менен камсыз кылуу тармагындагы адистердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү. Бул калктын турмушун жакшыртууга түздөн-түз таасир этүүчү туруктуу, сапаттуу жана жеткиликтүү суу менен камсыз кылуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.
Салтанатка Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл Мырза, И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев, АРИСтин Аткаруучу директору Марс Наспеков, программанын бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле Дүйнөлүк банктын, АРИСтин, ИКСӨММдүн, КМТУнун өкүлдөрү жана башкалар катышты.
Программанын негизги өзгөчөлүктөрү:
* 2 жумалык гибриддик курстардын форматында 10 окутуу багыттары: теория, практика, лабораториялык сабактар;
* Тармактын жетекөөчү адистеринин катышуусу менен мастер-класстар жана тематикалык семинарлар;
* Иштеп жаткан суу менен камсыз кылуу боюнча ишканаларга баруу;
• Эл аралык эксперттердин катышуусу менен онлайн- курстар;
* Окутуу үчүн заманбап жабдуулар жана санариптик ресурстар;
* Суу менен камсыз кылуу системаларын башкарууда эл аралык стандарттарга багытталуу;
* Окуу процессин өркүндөтүү үчүн жыйынтыктоочу тестирлөө жана пикирлерди чогултуу.
Программа жогорку натыйжалуулугун көрсөттү: 129 адам окутуудан өттү, алардын 82си курсту ийгиликтүү аяктады жана бүгүн алардын квалификациясын тастыктаган расмий сертификаттарга ээ болушту.
Программа Кыргызстандын суу менен камсыз кылуу секторундагы адистердин кесиптик көндүмдөрүн жана потенциалын өнүктүрүүгө, анын ичинде коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүүлүктү, жер-жерлерде адистердин квалификациясын жогорулатууну жана айылдык коомчулуктардын инфраструктурасын жакшыртууну кошо алганда, туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүүгө өбөлгө түзүү менен олуттуу салым кошот.
Бул келечекке инвестиция — жаңы кесиптик чөйрөнү калыптандыруу жана суу чарба тармагындагы эксперттердин кийинки муунун даярдоо.
Бөлүшүү
Комментарийлер