80 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙГЕ АРНАЛДЫ

  • 01.11.2022
  • 0

80 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙГЕ АРНАЛДЫ

Кемин районундагы 19 кесипчилик лицейде баштапкы кесиптик билим берүү системасынын 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара жагымдуу маанайда өттү.

Юбилейге арналган салтанаттуу жолугушууга райондук мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин өкүлдөрү жана башчылары жана ошондой эле окуу жайдын ардагерлери сый конок катары чакырылды. Жолугушууда Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдывалиев кесиптик билим берүү өкүлдөрүн кесиптик майрамдары менен куттуктады. Ал өз сөзүндө жумушчу кадрларды даярдоо боюнча максаттуу ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүргүзүп келаткан окуу жайдын жана анын жетекчиси, КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген мугалим ШайырбүбүАбдылдаевага ыраазычылыгын билдирди.

80 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙГЕ АРНАЛДЫ

Келген меймандар 80 жылдык юбилейге арналган сүрөт галереяга күбө болду. Сүрөт галереянын эң алдыңкы сыйлуу орунунда ак эмгектен баар тапкан кесиптик билим берүүнүн ардагерлеринин сүрөттөрү жайгаштырылган.

80 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙГЕ АРНАЛДЫ

80 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙГЕ АРНАЛДЫ

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер