70% АГАЙЛАР ИШТЕГЕН МЕКТЕПТЕ БИЛИМ САПАТЫ ЖОГОРУ

  • 25.01.2023
  • 0

Баткен районунун эң алыскы Кайынды айылында жайгашкан Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинде жалпы 20 мугалим эмгектенет. Өтө кызыгы анын ичинен 14и агайлар,  алтоо эжейлер.

70% АГАЙЛАР ИШТЕГЕН МЕКТЕПТЕ БИЛИМ САПАТЫ ЖОГОРУ

Кайынды айылында жайгашкан бул мектептин 70 пайыздан ашыгы эркек мугалимдер. Маалыматка ылайык, агайлардын көптүгү ошол мектепте тарбиянын, билим сапатынын жогору болушуна себепчи болору анык.

70% АГАЙЛАР ИШТЕГЕН МЕКТЕПТЕ БИЛИМ САПАТЫ ЖОГОРУ

Кубатбек Сайкаловдун ФБдагы баракчасына жазган маалыматына таянсак, мектепке киргенде ал жердин атмосферасы да башкача.

70% АГАЙЛАР ИШТЕГЕН МЕКТЕПТЕ БИЛИМ САПАТЫ ЖОГОРУ

— Буюрса, 2022-23-окуу жылында райондук деңгээлде мектебибиз олимпиадалык көрсөткүч менен жалпы упайлардын эсеби боюнча 2-орунду камсыздады. Атап кетсек, бул мектептен техника илиминин доктору, кандидаттар, эмген сиңирген мугалимдер чыккан мектеп. «Санарип мугалим» кароо-сынагынын жеңүүчүсү, республикалык «Мыкты мугалим» конкурсунун жеңүүчүсү да ушул мектепте.  Мындай көрүнүштөр бардык мектептерде болушун каалайбыз. Мектептерде жаркыраган агайлар көбөйүүсүнө себепчи болуп берсин! – дейт Кубатбек Сайкалов.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим “

Бөлүшүү

Комментарийлер