РУМЫНИЯДА АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛУУГА ШАШЫЛЫҢЫЗ

  • 06.02.2020
  • 0

Румыния 2020-2021-окуу жылында 85 гранттык орун бөлдү. Бул мамлекеттен акысыз билим алууну каалагандар сынакка катышса болот.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, бөлүнгөн орундар бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары боюнча. Сынакка Европа биримдигинен башка бардык мамлекеттин жарандары катыша алат.

Бакалавриат жана магистратура программаларына катышууну каалагандардын жашы – 35, ал эми докторантурага тапшыргандардын жашы 45тен жогору болбошу керек.

Окутуу румын тилинде жүргүзүлөт, билбегендер биринчи окуу жылын тил үйрөнүүгө багыттайт.

Билдирмелер 16-мартка чейин тапшырылуусу керек. Талаптар, шарттар жана билдирме формасы боюнча кеңири маалыматты программанын расмий сайтынан алса болот ( https://www.mae.ro/en/node/10251).

Бөлүшүү

Комментарийлер