КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ ТРЕНЕРЛЕРИН ДАЯРДООГО СЫНАК

  • 19.02.2019
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу  Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун Инновациялык технологиялар борбору

Көп тилдүү билим берүү (тилди окутуунун коммуникативдик методикасы, тил менен предметти интеграциялап окутуу) тренерлерин даярдоо боюнча филологдор жана предметтик мугалимдер арасында тренингдик программаны окутуу үчүн сынак жарыялайт.

Сынакка катышууга  көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашырып жаткан мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында тренерлик/ окутуучулук/ методикалык иштер боюнча тажрыйбасы бар, бардык кызыктар жарандар (Кыргыз Республикасынын жарандары) чакырылат. Тандоо резюменин, каттын,   аңгемелешүүнүн негизинде жүргүзүлөт.  Катышуучуларды тандоонун критерийлери

жогорку педагогикалык билими;

—  тренерлик/ окутуучулук иш тажрыйбасы;

кыргыз, орус тилдерин билүүсү;

тренинг жана башка иш чаралар учурунда аймактарга чыгуу мүмкүнчүлүгү критерийлер боюнча туура келген кандидаттар аңгемелешүүгө  чакырылат.

Толтурулган табыштамаларды төмөнкү электрондук дарек боюнча 25. 02. 2019-ж. чейин жөнөтүү керек:  turatbekova.zuura@mail.ru    

Байланышуу үчүнТуратбекова Зуура,  тeл.: (+996 312) 67 87 37, (+996 ) 557 43 06 43 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер