1-КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТООНУН ЭКИНЧИ ЭТАБЫ ӨТҮҮДӨ
- 13.07.2023
- 0
2023-жылдын 3-июлуна карата мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 97 миң 486 бала кабыл алынды. Бул жалпы квотанын 52,5% түзөт.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, электрондук каттоодо баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү эң көп активдүүлүктү Бишкек шаарынын Октябрь районунда – квотадан 82%, Талас облусунун Кара-Буура районунда – 79%, Нарын облусунун Жумгал районунда – 74%, Талас облусунда – 60% көрсөттү.
Эң аз активдүүлүк Жалал-Абад облусунун Сузак районунда – 36%, Ош облусунун Алай жана Ноокат райондорунда – 38% байкалды.
1-класска электрондук кабыл алган 2084 жалпы билим берүү уюмдарынын ичинен 117 билим берүү мекемесинде орундар толду. Тагыраагы, Бишкекте 96 мектептин 33ү, Ош облусунда 514 мектептин 18и, Баткен облусунда 224 мектептин 14ү толду.
26-июндан 31-августка чейин 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы өтүүдө. Экинчи этапта эгерде бош орундар бар болсо, жашаган жерине карабастан баланы каалаган мектепке каттоого болот.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер