1-класс: мектепке электрондук каттоодо көйгөй жок

  • 08.04.2024
  • 0

Мектепке электрондук каттоодо мүчүлүштүктөр болгон жок, система иштеп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин санарип трансформация бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан уулу Шаршенбай билдирди.

Бүгүн мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо башталды. Ал эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этап балдарды катталган жери боюнча 2-июнга чейин, ал эми экинчи этабы 3-июндан 30-августка чейин болот. Мында ошол учурда жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.

Учурда мектепке электрондук каттоодогу мүчүлүштүк маселеси жаралганын айтып министрликке кээ бир ата-энелер кайрылууда. Бул маселе Парламентте да көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы балдарды мектепке каттоодо техникалык мүчүлүштүктөр болуп жатканын тармактык комитеттин жыйынында билдирди. Ал каттоо башталары менен бир жарым сааттын ичинде ага бир нече ата-эне кайрылганын айтып, министрликти бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

Билим берүү жана илим министрлигинин санарип трансформация бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан уулу Шаршенбай: «Бир нече сааттан бери ата-энелер катталууда. Система эч өзгөрүүсүз иштеп жатат. Ал Түндүк платформасына байлангандыктан башка да серверлерге кирген элдин көптүгүнөн бир аз кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн», – деп түшүндүрдү.

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. Каттоо бул сайтта 24 саат бою жеткиликтүү.

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук кабыл алууда даректи убактылуу каттоо биринчи турда катталууга кепилдик бербей тургандыгын эскертет.

Электрондук каттоо тууралуу толук маалыматты бул макаладан алууга болот.

Эльвира Какиева

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер