Жаратылышка аяр мамиле жасайлы

  • 22.03.2024
  • 0
Жаратылышка аяр мамиле жасайлы

Класстык саат, 5-8-класстар үчүн

Сабактын максаты: 

  1. Адам баласынын жашоосу жаратылыш менен тыгыз байланышта экендигин жана жаратылышсыз жашоо мүмкүн эместигин билишет. Айлана-чөйрөгө, жаратылышка этият мамиле жасап, коргогонго жана сактаганга үйрөнүшөт.
  2. Ата мекенибизди ыйык тутуп, жаратылышты сактоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз экендигин билүүгө багыт алышат.
  3. Жаратылышыбыздын өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу менен ар тараптан өнүктүрүүгө жана колдоого муктаж экендигин үйрөнүшөт.

Сабактын жүрүшү: 

Саламдашуу. Окуучуларды сабакка карата багыттоо менен жагымдуу маанай түзүп алуу.

(Мугалимдин тандоосу жана чыгармачылыгы менен видеосюжет же ар кандай тематикалуу роликтер менен сабакка карата жагымдуу маанай түзүп алса болот).

Кымбаттуу окуучулар, силерге маалым болгондой, биздин жерибиз дүйнө жүзүндөгү эң кооз жерлердин бири десек жаңылбайбыз. Анткени кооз, көздү суктандырган керемет жашыл жайлоолорубуз, тоо койнундагы куштардын мукам үндөрү, таштан-ташка урунуп аккан сууларыбыз не деген сулуулукту тартуулайт.

Ал эми бут алдыбыздагы биз тебелеп, баалап, баркын билбеген өсүмдүктөрүбүздө, чөптөрүбүздө канчалаган дарылык касиеттери бар экенин билсек кана! Биздин жашоо шартка ыңгайлашкан канаттуулар, жан-жаныбарлар да жаратылыштын бүтүндүгүн түзөт. Демек, булардын баары биригип, адамзаттын жашоосунун азыктандырган, жашоого шарт түзүп берген түбөлүктүү байлыгыбыз деп түшүнсөк болот.

Анда эмесе, балдар, төмөнкү ыр саптарына назар салып, көркөм окуйбуз!

Демек,  ушул ыр саптарынын негизги өзөгү эмне жөнүндө болуп атса, анда топтордун аттарын ошондон атап, топторго бөлүнүп алалы.

Ай аккан суу, аккан суу,

Өмүрдүн көркүн ачкан суу.

Ошентсе да адамзат,

Бир тыйынга саткан суу

(Алыкул Осмонов)

Жердин жүзү керемет,

Жер эмгегин эл эмет.

Ырас айтат калың журт,

Туулган жериң эне деп.

(Райкан Шүкүрбеков, “Жер жөнүндө терме”).

Арча жыты көңүлүңдү тазалайт,

Жакшы ойлор сезимиңди аралайт.

Жан дүйнөңдү тазарткан бул арча жыт,

Кайсы кыргыз аны эңсеп каалабайт.

(Алмазбек Жунусов, “Арча жыты”, ырлар доскадагы экрандан көрсөтүлөт)

1-топ «Арча»

2-топ «Жер»

3-топ «Суу»

Сабактын  жүрүшү:  

Жер бетиндеги аба, суу, топурак, өсүмдүктөр, жаныбарлар, жер алдындагы ар түрдүү кендер, булардын бардыгы планетабыздын  байлыгы болуп эсептелет. Абадан дем алабыз, сууну ичебиз. Жер бетине өсүмдүктөр өсүп, түркүн-түркүн жаныбарлар мекендейт. Сууда балык, бийик аскада илбирс  болот. Ал эми токойдун ичине кирсең ар түрдүү куштардын мукам  сайраганын угасың. Чөптүн арасында да коңуз, курттар кыбырап жүрүшөт. Ар бир жандык өз алдынча күн көрүп жатат. Адам да курчап турган чөйрөдөн бөлүнүп өмүр сүрө албайт. Адам жаратылышсыз  жашай албайт. Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндөгү аталган илим экология деп аталат. Грекче экос — үй, логос — илим деген сөздөрдөн түзүлгөн. Жаратылыш баарыбыздын үйүбүз. Ошондуктан таза сактайлы. Чөптөрдү тебелеп, бак-дарактарды сындырбайлы, алар айланага көрк берип, абаны тазалайт.  Айбанаттарды өлтүрбөйлү. Ата-бабаларыбыз жаныбарларга тийсе убал болот дешкен.

Жылан үйгө кирсе ак чачып чыгарышкан, балапанды кармап алса, шилекей алышып дос болуп коё беришкен. Кыргыз жери өзүнүн кооздугу менен даңктуу Ата мекенибиздин, жаратылыш байлыктарын көздүн карегиндей сактай билели. Жер жүзүндө канча эл болсо алардын тагдырына ошончолук ар түрдүү тагдыр буюрган. Ар ким жашаган жерин «Ата мекеним» деп кастарлайт, андан ажырап да кете албайт. Биз жашаган жер чөл да, талаа да эмес, суук же ысык эмес, адамдын жашоосуна эң бир ыңгайлуу жай. Көк асмандын алдында, тоолордун алдында жашайбыз.

Мекенибиз абдан кооз. Бирок 40-50 жыл мурда жергебиз мындан да кооз, мындан да бай эле. Айылга же шаардын четинде мүмкүн токой болгондур же саз болгондур. Сай толтура суу акса керек. Суу жээгинде гүлдөр өсчүдүр. Эми ошонун бары жок. Канткенде жергебиздин кооздугун сактап калабыз, кандайча аяр мамиле жасайбыз. Балким, мындан ары бул маселени чечүү силердин гана колуңардадыр, кымбаттуу жаш жеткинчектер!

«Канткенде жаратылышыбызды көрктөндүрөбүз, өстүрөбүз жана бүтүндүгүн таза сактай алабыз?» деген суроолордун үстүндө топтук тапшырмалар аткарылат.

Тапшырмалар:

1-топ Жаратылышты аярлап сактоого сенин, менин салымым кандай болуш керек?

2-топ Жаратылышка өсүмдүктөрдүн, бак-дарактардын тийгизген таасири.

3-топ Суунун адамзаттын жашоосундагы орду.

(Ушул суроолордун тегерегинде үч топ тең өз ойлорун чагылдыра алышат)

Кийинки тапшырма

Үч топ тең өздөрүнүн аттарына ылайык макал-лакаптардан жазуу жана бирөөсүн чечмелеп берүү.

Кулагыңарга күмүш сырга (Балдардын оюн улай).

  1. Курт-кумурскага кыянаттык кылып таш боордук менен өлтүрбө, уясын бузба.
  2. Жан-жаныбарларды кордобо, канаттууларга тийбе. Аларга ар дайым кам көр.
  3. Эгер сен ыймандуу бала болом десең айлана-чөйрөңдү, жашаган жериңди, сууну акыр-чикир менен булгаба.
  4. Жуткан абаң, ичкен сууң, жашаган топурак, жериң таза болсо сенин да ден соолугуң таза, чың, сергек болуп узакка жашайсың.
  5. Көк чөп, бак-дарак, гүл жаратылышка көрк берип, адамдын жашоосунда ден соолугуна кызмат кыларын унутпа.
  6. Бак-шакты, тал-теректи, чырпыктарды сындырба, көк чөптү тебелеп жулба, гүлдү үзбө.
  7. Жаратылыштын байлыктарын көзүңдүн карегиндей сакта.
  8. Жерге айтсаң саламды, жер алдабайт адамды.
  9. Жамгыр жааса — жер ток, эгин эксек — эл ток, булак акса — көл ток.
  10. Жаратылышты жакшы адам коргойт, жаман адам кордойт.
  11. Чөптү кордосо, көзгө зыян.
  12. Бүгүн сен жаратылышты жабыркатсаң, эртең ал сени жазалайт.

Жер бетинде күн менен түн алмашып, билинбей жыл мезгилдери кайталанат жана убакыт өтөт. Убакыт өткөн сайын айлана-чөйрөбүздө түрдүү өзгөрүүлөр болуп турат. Өзүңдү эле байкап көрсөң  билинбей боюң өсүүдө бара-бара эр жетип адам болосуң.

Адам баласы да өсүмдүктөргө, айбанаттарга окшоп дем алат, азыктанат, балалуу болот.

Бирок адамдарды адам кылган эң сонун артыкчылыгы бар. Ойлонуп акылынын жардамында укмуштуудай нерселерди жаратат (космоско учат, сүрөт тартат, обон, күүлөрдү жаратат, кооз буюмдарды жасайт).

Адам жараткандын эң ыйык жана асыл перзенти.

Ошонун ичинде адамдар эң сонун, көркөм чыгармаларды жаратат, акындар ыр жазат.

Ата-бабаларыбыз айткан асыл кептерин ар качан эсибизден чыгарбай, мекенибиздин чынары эмес, чырпыгына да доо кетирбейли, балдар!

Сабакты жыйынтыкто

Бейиштин төрүндөй,

Берметтин өңүндөй.

Берекелүү жерим,

Кыргызстаным!

(Кыргызстаным деген ырды жалпы ырдоо менен сабакты жыйынтыктайбыз).

          Бейшенбаева Бүсара, Кыргыз билим берүү академиясы, Тарбия, социалдаштыруу жана мектептен сырткары кошумча билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер