УЛУТТУК КААДА-САЛТТАРДЫН НЕГИЗИНДЕ ОКУУЧУЛАРДЫ АТА-ЭНЕНИ СЫЙЛОО МАМИЛЕСИН КАЛЫПТАНДЫРУУ

  • 15.04.2025
  • 0
УЛУТТУК КААДА-САЛТТАРДЫН НЕГИЗИНДЕ ОКУУЧУЛАРДЫ АТА-ЭНЕНИ СЫЙЛОО МАМИЛЕСИН КАЛЫПТАНДЫРУУ

Класстык саат, 9-класс

“Улууну сыйласаң өзүң дагы урмат көрөсүң”

Предметтер аралык байланыш: кыргыз адабияты, тарых.

Методдору жана ыкмалары: топто иштөө, талкуулоо.

Ресурстар: кыргыз улуттук буюмдары (чапан, комуз, боз үйдүн макети ж.б.) сүрөттөр, проектор, ватман кагазы, маркерлер, макал-лакаптар, интернет булактары.

Убактысы: 45 мүн.

Максаттар:

  1. Окуучуларга кыргыз элинин улуттук каада-салттары, үрп-адаттары жана алардын тарбиялык мааниси тууралуу түшүнүк берүү;
  2. Каада-салттардын жаштардын тарбиясындагы ордун түшүндүрүү;
  3. Мекенчилдикти, урмат-сыйды, ынтымакты, адамгерчиликти калыптандыруу.

КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖАЛАР:

  • Балдар кыргыз элинин улуттук каада-салттарынын маанисин түшүнүшөт;
  • Улууларды сыйлоо, ынтымактуулук, адептүүлүк жана мекенчилдик сапаттарын калыптандырат;
  • Элинин улуттук каада-салттарын үйрөнүүгө умтулушат;

САБАКТЫН ЭТАПТАРЫ:

  1. Уюштуруу бөлүгү

Мугалимдин кириш сөзү (5-мүнөт) (класста жагымдуу жагдай түзүү)

Окуучулар менен саламдашуу. Сабактын максатын түшүндүрүү. “Каада-салт” деген эмне? (Кыскача ой бөлүшү)

  1. Негизги бөлүк (25 мүнөт)
  2. Каада-салттардын маанисин (Мугалим түшүндүрөт).

«Каада-салт»– кандайдыр бир элдин турмуш тиричиликтеги, үй-бүлөдөгү жүрүм-турум нормалары, эрежелери, ырым-жырым, адеп-ахлак, каада-жөрөлгө, жол-жоболордун жыйындысы.

Кыргыз элинин каада-салттары маданиятты   жаштарга тарбия берүүдө чоң роль ойнойт.

Азыр каада-салт, үрп-адат, ырым-жырым деген сөздөрдүн баарын бирдей коюп алып чаташтырып, өзүбүз да түшүнбөгөн сөздөр менен атап, алмаштырып колдоно беребиз. Салтты жашообузда туура эмес колдонгон жагдайда аны кайра жерип, натыйжада «кыргыздын салты жаман» деп ата-бабадан келе жаткан нарктуулукка сөз тийгизебиз. Эң алгач салт деген эмне экенин түшүнүп алсак.

Салт – бул кайсы бир улуттун же элдин жашоо эрежеси.

Демек, салт – бул эреже экен да? — Ооба, улут катары жашаш үчүн сен бир эрежеге баш ийишиң керек. Мисалы, азыркы заманбап кыргызга түшүнүктүү болуусу үчүн футбол оюнун алып карап көрөлү. Эрежени сактабай туруп футбол ойносо болобу? Мүмкүн эмес. Эреже бузулса, оюн бузулат. Ар бир элдин улут катары өзүнүн жашоо нугу болот. Кыргызда «салт бузулса – эл бузулат, салт жоголсо – эл жоголот» деген сөз бар. Бул кыргыздын тээ байыртан бери келе жаткан жашоо казынасынан алган тажрыйбасы, билими. Эл деген бүтүндүк. Мына ошол бүтүндүктү бузбай, ич ара мамилени, жашоо эрежесин үзбөй сактай турган белгилүү эреже – бул салт. Ошол эрежелер анын жашоо образына, табиятына түздөн-түз байланыштуу. Алар экиге бөлүнүп каралат. Биринчиси – адам менен табияттын ортосундагы жашоо эрежеси. Экинчиси – коом ичиндеги ич ара адам менен адамдын ортосундагы карым-катнаш эрежелери. Ал эми каада деген бул такыр башка.

Ошондой эле үрп-адат менен ырым-жырымдын айырмасы чоң. Мисалы, келиндин же апасынын этегине таш бастыруу – бул ырым. Ал жаңы бүлө оор басырыктуу болуп, барган жеринде орун алсын деген мааниде жасалат. Негизинен салт менен келген кызга таш бастырбайт. Көбүнчө ала качкандар колдонуп келген. Себеби кызды ала качып салт бузулган да, бул кадамы туура жагына ооп кетсин деп ырым колдонушкан. Баласы тентектик кылып кыз ала качып келсе аны оңдогусу келген ата-эне кудалашуу салтынын ордуна ачуу басарга барат. Мал сыяктуу уурдалган кыздын ата-энесинин ачуусу келип турганы анык. Ачуу басардын негизги мааниси – кыздын ата-энесинин алдына түшүп ачуусун басып, макулдугун алуу. Барган адам баласынын тентектигин моюнга алып, анан өзүн тааныштырып, баласынын да жакшы жактарын айтып, куда тарапты жибиткенге аракет кылган. Кудасын жибитип, макулдугун алса гана нике кыйдырышчу.

Келинди илгери бакыт кушу, кут катары кабыл алышкан. Ошол себептен үйлөнгөн жигитке «Куш бооң бек болсун!» дешкен. Куштун конгону – куттун келгени. Келин келгенде «үйгө кут, жарык келди, эми сенин жашооң уланат, тукумуң өсөт» дешип, келинге да урмат кылышкан. Кыргыздар келинге эч убакта орой сүйлөгөн эмес. Ошол себептен «керегем сага айтам, келиним сен ук» деп кайрылган.

Төрөлгөн ымыркайга  сүйүнчү айтканда кыргыздар бүлөнүн кем-карчысына карап мал, зер буюм энчилешкен. Энчинин өзү ошол жаш үй-бүлөнү колдоо иретинде берилген. Бирок сүйүнчү айткан адам байлык топтоо үчүн эмес, «мага кудай баш берди, бала берди» деп сүйүнчүлөгөн. Эл болсо «ал башты сага эмес, бизге берди» деп туруп сүйүнчүсүн берген. Мына ушунун баары колдоо, ынтымак. Бүгүн биз ошону унутуп жатабыз. Сүйүнчүлөө, энчи берүү да салт болчу. Наристеге энчи берүү менен бул бала же кыз да бизге таандык деген ой камтылган. Ага энчи берүү менен баланын турмушуна салым кошуу түшүнүгү жаткан. Ал бала да элиме милдеттүүмүн деп чоңоёт. Ошондон улам элдик уулдар, кыздар өсүп чоңоет. Көрдүңөрбү, жөнөкөй нерседен эле биримдик, ынтымакты салт, каадабыз менен чыңап келгенбиз. Эл, улут катары салт-санаабызды, каадабызды, үрп-адаттарыбызды жакшы билсек, анда биримдиктүү, нарктуу жашап, элдик уулдарды тарбиялап, өсүп-өнөт элек. Элдин жүгүн көтөргөн чыгаандар, мамлекеттик ишмерлер чыгат эле.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин жентек же бешик той өткөрүлөт. Ага баардык туугандар чогулуп, ымыркайга ат тандалат. Азыркы учурда жаш ата-эне баласына ысымды өзүлөрү ыйгарып калган же ата-энесинин кеңешин угуп, ат коюп калган.

Бала баса баштаганда тушоо той берилет. Тушоо тойдун негизги өзгөчөлүгү – чуркоо. Туугандар балага жарыша чуркап келет дагы, биринчи келгени баланын бутуна байланган жипти кесет. Жип баланы кулата турган тоскоолдуктар деп түшүндүрүлөт. Мындай тойдон кийин бала басканды тезирээк үйрөнүп кетет. Үч, беш же жети жаштагы балдарга сүннөт той берилет.

Акыркы убакта үрп-адаттарыбызды, байыртан бери келе жаткан элибиздин жашоо эрежелерин унутуп бараткандайбыз. Бирок эл катары сакталып, жашоо ыргагы бузулбасын десек өзүбүздү таанып, ата-бабанын каада-салтын жадыбыздан чыгарбай силер үйрөнүп алып бөбөктөрүңөргө  үйрөткөнүңөр жакшы. Бул бизге эле эмес, ар бир улутка тийиштүү маселе.

Үлгү болуучу каада-салттар: — бул   нарк-насил, сый-урмат, боорукердик, биримдик.

Негизги каада-салттар (Окуучуларды топко бөлүп  бөлүштүрүп берүү)

1-топко: Тушоо кесүү. Окуучулар билгенин айтышат.

Тушоо кесүү – кичинекей балага тилек айтуунун белгиси

Сүйүнчү – жакшы кабар алып келген адамды сүйүнтүү

2-топко: Бата берүү – жакшы каалоо-тилек айтуу

3-топко: Конок тосуу – кыргыз элинин меймандостугун көрсөтүү

Топтук иш (Талкуу)

Окуучуларды 3 топко бөлүп, төмөнкү суроолор боюнча талкуу жүргүзүү:

  1. Каада-салттар эмнеге керек?
  2. Азыркы жаштар улуттук каада-салттарды сактайбы?
  3. Кайсы каада-салттар жаштардын жүрүм-турумуна таасир этет?

«Улуттук каада-салттардын негизинде жаштарды тарбиялоо»

Кыргыз элинин негизги каада-салттары:

  • “Бала тарбиялоо” (бешикке салуу, ат коюу, тушоо кесүү, сүннөт той ж.б.)
  • “Үй-бүлөлүк каада-салттар” (кудашылык, кыз узатуу, нике кыйюу, келин түшүрүү ж.б.)
  • “Коомдук жана уруулук каада-салттар” (аш берүү, меймандостук ж.б.)
  • “Улууларды сыйлоо жана урматтоо” (учурашуу маданияты, аксакалдардын батасы, жол берүү ж.б.)

“Тарбиялык мааниси:”

  • Кыргыз каада-салттарынын ар биринде адамгерчилик, биримдик, уят-сыйыт, жоопкерчилик сыяктуу сапаттар бар экени талкууланат.
  • Макал-лакаптар аркылуу каада-салттардын терең маанисин ачып берүү. Мисалы:

— «Улууну сыйласаң, кичүүгө ардактуу болосуң.»

— «Жакшы кыз энесин сүйүндүрөт, жакшы уул элин сүйүндүрөт.»

Практикалык бөлүк:

— Окуучулар чакан сценка аткарышат (мисалы, меймандостукту көрсөтүү, бата берүү, кыз узатуу жөрөлгөсү ж.б.).

Бышыктоо. Окуучулар улуттук каада-салттар тууралуу маалымат алып, аларды жашоодо колдонуу зарылдыгын түшүнүшөт.

III. Жыйынтыктоо бөлүгү (10 мүнөт)

  1. «Сенден кеңеш» (Рефлексия)

Окуучуларга төмөнкү сүйлөмдү улантууну сунуштоо:

  1. Мен үчүн кыргыздын эң маанилүү каада-салты – …
  2. Бүгүн мен … жөнүндө билдим.
  3. Мен бул билимди … колдонгум келет.

Сабактын жыйынтыгы. (5 мүн.)

Суроолорго өз алдыбызча жооп беребиз:

  1. Каада-салттар улуттун руханий байлыгы дегенди кандай түшүндүңөр?
  2. Салт деген эмне?
  3. Үрп-адат дегенди кандай түшүндүңөр?
  4. Ырым-жырым деген эмне?

Баалоо: Окуучулар бааланат.

Үйгө тапшырма: «Каада-салттарды сактоо – биздин милдет» темасында чакан эссе же сүрөт тартуу тапшырмасы берилет.

Тарбия, социалдаштыруу жана

мектептен сырткаркы

кошумча билим берүү лабораториясынын

 башчысы Алымбаева Б.Б. 

К. Карасаев атындагы Бишкек

Гуманитардык Университетинин

п. и.к. доц.

 Сабырова Элзада Сыдыковна

Бөлүшүү

Комментарийлер