Сөздүн синтаксистик жол менен жасалышы

  • 11.03.2024
  • 0
Сөздүн синтаксистик жол менен жасалышы

 Негизги компетенттүүлүк:

  • Маалыматтык;
  • Социалдык-коммуникативдик;
  • Өз алдынча уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү;

Предметтик компетенттүүлүк:

  • Маалыматтарды таанып билүү, колдонуу, түшүнүгүн тереңдетүү жана бышыктоо компетенттүүлүгү;
  • Сабактын окуу милдетин түшүнүү жана аны аткарууга аракет кылуу;
  • Алдыга коюлган милдетке ылайык иш-аракеттерди пландаштыруу;
  • Суроо берүү;
  • Айкын билдирүүлөрдү куруу, талдоо, жыйынтык чыгаруу. 

Сабактын формасы: оозеки суроо, жазуу жүзүндө суроо, теориялык, практикалык жуп-жубу менен иш, лекция.

Предметтер аралык байланыш: орус тили, география

Сабактын максаты:

  • Синтаксистик жол менен жасалган сөздөр боюнча маалымат алабыз:
  • Сөздүн жасалуу жолдору боюнча талдоого үйрөнөбүз:
  • Көнүгүүлөр менен иштөөдө акыл-эмгегибизди калыптандырабыз. 

Сабактын тиби: жаңы теманы окуп үйрөнүү. 

Сабактын түрү: аралаш сабак 

Сабактын жабдылышы: акылдуу доска, компьютер, слайд, глобус, сүрөттөр.

Сабактын жүрүшү. Жагымдуу маанай. “Мен өзүм менен сыймыктанам”. Сабак жагымдуу маанай менен башталат. Жагымдуу музыка ой-кыялын алып учуп, айтылган таасирдүү сөздөр жүрөгүнө жетет. Жакындары, буга чейинки эмгеги, кыйынчылыгы, сүйүнүчү көз алдына тартылат. Өзү менен сыймыктанат.

Мугалим: Келгиле, терең дем алып, көздү жумуп, мен айткан сөздөрдү жүрөгүбүз менен сезип, элестеткенге аракет кылалы. Бүгүн ак таңды тосконубузга шүгүр, ата-энең, бир туугандарың жаныңда. Алардын үнүн уктуң, сүйлөштүң, сырдаштың.

А бүгүн өзүң менен алектен, ким экениңди ук. Сен азаматсың, сулуусуң, боорукерсиң, ата-энең, бир туугандарың, досторуң жана мугалимдериң жакшы көрөт. Мен силер менен сыймыктанамын. Силер маданияттуу, чынчыл, адилеттүү, аракетчил балдарсыңар. Эми шыбырап айт: «Мен өзүм менен сыймыктанам»

ХОР айткыла: МЕН ӨЗҮМ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАМ!

Алтын эреже:

  1. Аарыдай эмгектенүү;
  2. Короздой кыйкырбоо;
  3. Коёндой сезимтал болуу;
  4. Кумурскадай мээнеткеч болуу.

Үй тапшырмасын суроо: мурунку сабагыбыз боюнча тесттик суроолор.

Туунду сөздөрдү тап:       

А) баш

Б) башчы

В) башка

Диалект сөздөр кайсы вариантта

А) сыйыр,   бадыбод,    пул

Б) акча,        кружка,      жүгөрү

В) алыс,        байыс,      бутак

Атоочтон этиш жасоочу мүчөнү тап

А) майдала, жумушчу
б)  сана, достош
В) басым, билим

Этиштен этиш жасоочу мүчөнү тап

А) турмуш, кечир

Б) чапкыла, отургуз

В) ойнот, этиш

Сөз сүйлөгөн сүрөттөр (фразеологизмди тап)

Сөздүн синтаксистик жол менен жасалышы Сөздүн синтаксистик жол менен жасалышы Сөздүн синтаксистик жол менен жасалышы

Турмушта барбы морфологиялык жол менен жасалган сөздөр? Каерде бар?

Тапшырманы бышыктоо: Демек, силер айткандай, морфологиялык жол менен жасалган сөздөр күнүмдүк турмушубузда колдонулат турбайбы. Баскан-турганыбыз, сүйлөгөнүбүз, талашып-тартышканыбыз, жасаган ишибиз, жеңилгенибиз, жеңгенибиз, көргөнүбүз, укканыбыз, айтканыбыз, булардын баары морфологиялык жол менен жасалган сөздөр. Демек, бул сөздөр турмушта бардык жерде бар. Азаматтар!

Жаңы тема, сабактын максаты, баалоо критерийлери. Балдар теманы жазышат.

Ар бир адамдын МАКСАТЫ болот. Келгиле, балдар, биз дагы максат коюп алалы. Бүгүнкү сабакта кандай максатта отурасыңар? Дегеле, мектепке эмне максат менен келдиңер? (балдар жооп беришет)

Азаматтар.

Бүгүнкү сабагыбыздын максаты:

Синтаксистик жол менен жасалган сөздөр боюнча маалымат алабыз;

Сөздүн жасалуу жолдору боюнча талдоого үйрөнөбүз;

Көнүгүүлөр менен иштөөдө акыл эмгегибизди калыптандырабыз.

Балдар, башында айтып коёлу, кандай окуучуга «5» коёлу? «5» алам деген окуучу биринчи кезекте:

«5» деген баа коюлат:

  • Үй тапшырмасын толук, так, туура аткарса;
  • Суроолорго так жооп берип, активдүү катышса;
  • Теманы түшүнүп, турмуштан мисал келтире алса;
  • Дептериңе туура, булгабай, сулуу жазса;
  • Сабакта берилген тапшырмаларга так, туура жооп берип, алтын эрежелерди сактаса.

«4» деген баа коюлат:

  • Үй тапшырмасын толук аткарып, бир аз катачылыктар болсо;
  • Суроолорго жооп берсе;
  • Теманы түшүнүп, бирок мисал келтире албаса;
  • Дептерине туура, булгабай, сулуу жазса;
  • Сабакта берилген тапшырмаларга так, туура жооп берип, алтын эрежелерди сактаса.

«3» деген баа коюлат:

  • Үй тапшырмасын толук аткарбаса;
  • Суроолорго жооп бербесе;
  • Теманы жарым-жартылай түшүнсө;
  • Дептерин булгап, сулуу жазбаса;
  • Сабакта берилген тапшырмаларга жооп берип, алтын эрежелерди сактабаса.

Сөз жасоонун синтаксистик жолу бул – эки же андан ашык сөздөрдүн ажырагыс тизмегинен туруп, лексикалык жактан бир гана маанини билдирген, жаңы маанидеги сөздөр.

  • Ата Мекен, таш бака, алп кара куш, ага-ини, бала-бакыра, Кара-Суу, Ат-Башы, ЖК, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, өнөр жай, боз үй, күн карама, бала бакча , азык-түлүк , курт-кумурска, Ала-Тоо, алтын саат, кол жазма, араң жан.

Сөздүн синтаксистик жол менен жасалышы

Сөз жасоонун синтаксистик жолу менен жасалган сөздөр өтө көп

  • Зат атоочтор: үй-бүлө, ата-эне, ден соолук
  • Сын атоочтор: боз ала, жээрде кашка, кызыл ала
  • Сан атоочтор: он бир, кырк сегиз, бир жүз отуз беш
  • Этиштер: ала кел, бара бер, келе бер, байкай кой
  • Тактоочтор: ары-бери, бат-бат, бетме-бет

Синтаксистик жол менен татаал сөздөр жасалат.

Сөздүн синтаксистик жол менен жасалышы

Физминутка:

 Сабаттуу жазып, эс ал (сөздөрдү тууралап жаз)

  • Балабакча, Ата журт, Сак саламат, алтын – саат, ата мекен,
  • Бел–боо, чек ара, Акконул, Бугун  Эртен, Илим  Билим

Көнүгүү иштөө: 192-көнүгүү менен жекече иштешет

Бышыктоо: Бүгүн сабакта эмне жөнүндө сүйлөштүк? Эмнелерди үйрөндүңөр?  Силерге баарынан жакканы эмне болду? Сөз жасоонун кандай жолдору бар? Лексика деген эмне? Сөздөр кандай жолдор менен байыйт? Морфологиялык жол деген эмне? Фразеологизм деген эмне?

Баалоо: Критерийлер боюнча баалоо.

Үй тапшырма: «Эр төштүк» эпосунан синтаксистик жол менен жасалган сөздөрдөн 10 сөз таап келүү. 194-көнүгүү.

Сөздүн синтаксистик жол менен жасалышыГүлсара Токторова, Келдибек Колдошев атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими 

Бөлүшүү

Комментарийлер