Сөөлжандын сырткы түзүлүшүнө, кыймылына байкоо жүргүзүү

  • 24.08.2024
  • 0
Сөөлжандын сырткы түзүлүшүнө, кыймылына байкоо жүргүзүү

7-класс, биология

Сабактын тиби: билимдерди колдонуу жана билгичтик көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы.

Сабактын формасы: аралаш сабак.

Колдонулуучу методдор, ыкмалар: интерактивдүү, көрсөтмөлүү, аңгемелешүү.

Колдонулуучу каражаттар, окуу жабдыктары: ТКК, тирүү сөөлжандар, пинцет, катуу кагаз, лупа, препаровалдык ийне.

Сөөлжандын сырткы түзүлүшүнө, кыймылына байкоо жүргүзүү

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу (саламдашуу, шыктандыруу). Саламдашуу, психологиялык жагдай түзүү.

Үй тапшырманы суроо, өтүлгөн теманы кайталоо:

(Тиркеме № 1)

  1. Сөөлжандар эмне үчүн муунак курттар деп аталат? Сырткы түзүлүшүн мүнөздөп бергиле.
  2. Сөөлжандын тери каптоосу эмне үчүн нымдуу жана былжырлуу болот?
  3. Эмне үчүн сөөлжандар жамгыр жааганда жер үстүнө чыгышат?
  4. Муунак курттардын жаратылышка тийгизген пайдаларын санап бергиле.
  5. Сөөлжандын тамак сиңирүү системасы, “БИОГУМУС”
  6. Сөөлжандын нерв системасынын түзүлүшү?
  7. Сөөлжандын кан айлануу системасы кандай түзүлүштө?

Муунак курттардын көбөйүшүнүн кандай өзгөчөлүктөрү бар?

Жаңы темалабораториялык иш

Иштин максаты: сөөлжандын сырткы түзүлүшүн, түсүн, органдарын, муунакчаларын, муунакчадагы кылчаларын лупа менен көрүп таануу.

Иштин жабдылышы: нымдуу топурактагы тирүү сөөлжандар. Пинцет, катуу кагаздын бир кесими, лупа, препаровалдык ийне.

(Тиркеме № 2)

         Аткарыла турган иштерЖооптор, жыйынтыктар
1-Эки  сөөлжандын узундугун ченеп жазгыла.

— Ар биринин өңү-түсү кандай экенин жазгыла, баш жана куйрук жагын тапкыла.

 
2-Сөөлжандын денесинин муунакчаларын лупа менен карап канча мууну бар экенин санагыла.

-Сөөлжандын териси эмне үчүн дайыма нымдуу, былжырлуу? Былжырдын сөолжандын жашоосунда кандай мааниси бар?

 
3-Сөөлжандын курчоосун тапкыла. Анын сөөлжан үчүн кандай мааниси бар?

-Оозун жана арткы тешигин тапкыла жана дене бөлүктөрүнүн аттарын жазып чыккыла.

 
4-Денесиндеги узатасынан жаткан арка, курсак кан тамырларына байкоо жүргүзгүлө жана көргөнүңөрдү жазгыла. 
5-Сөөлжандын боор жагынан арткы бөлүгүнөн тартып бащына чейин сөөмөйүңөр менен сылагыла. Катуу кылчалары бар экендигин байеагыла.

-Сөөлжанды кагаздын бетине бош коё бергиле, ал жылганда кытыраган үн чыкканын уктуңарбы?

 
6-Сөөлжандын денесине препаровалдык ийне менен тийип көргүлө. Анын денесинин жыйрылып, кыскара түшүшү эмнеге байланыштуу? Себебин түшүндүргүлө. 

Бышыктоо:

  1. Таблицадагы сол жакта берилген ар бир элементке оң жактагы Ооба/Жок элементтердин ичинен дал келгенин табыңыз.

(Тиркеме №3)

         Суроолор ОобаЖок
1Сөөлжандар — булар өсүмдүктөрдүн тамырларына зыян  келтирүүчү мителер.  
2Сөөлжандар            топуракты

чиринди менен байытып, аны борпоң кылып пайда алып келет.

  
3Сөөлжандар            топуракта

болгон      бардык                  нерселер менен азыктанышат.

  
4Жарым   жартылай    чириген

жалбырактар                     жана жумшарып, чирип бараткан тамырлар                         менен азыктанышат.

  
  • Сөөлжандар өсүмдүктөргө зыян келтирбейт, топуракты жумшартып пайда келтирет.
  • Сөөлжандар топурактагы өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан калдыктар менен азыктанып, кайра иштетип биогумусту чыгарат.
  1. Муунак курттар боюнча дагы кандай кызыктуу маалыматыңар бар?
  • Сөөлжанды таза сууга 1-2 күн салып койсо тазаланат. Тазаланган сөөлжанды кургтып, жылуу сууга кошуп ичсе төмөндөгү ооруларга пайдалуу.
  • Артрит, артрос,
  • тизе, муун ооруларына,
  • ашказан оорусуна
  • Са жетишсиздигине.

Баалоо: Окуучулардын суроолорго жооп берүүсүнө жана лабораториялык ишти иштөө деңгээлине жараша бааланат. 

  • Таблицаны туура толтуруп, жактап берсе;
  • Сөөлжандын сырткы, ички түзүлушүн талдап жаза алса;
  • Сөөлжандын пайдасын айта алса;

Үйгө тапшырма берүү:

  1. Сөөлжан канча жыл жашайт?
  2. Бир суткада 1сөөлжан канча биогумус иштеп чыгат?
  3. Муунак курттардын медицинадагы орду.
  4. Сөөлжанга байданыштуу кызыктуу маалыматтар, суроолорду түзүү.

Жыйынтыктоо: “Жаратылыш жан досум” демекчи табияттагы кездешкен жандуу организмдер менен тыгыз байланышта болуп, кызыктуу маалыматтарды алып, өз билимибизди өстүрө берели.

Азаматсыңар! Бүгүнкү сабакка активдүү катыштыңар. Саламатта баргыла.

Турдукулова Нурзада, Кара-Балта шаарындагы №4 мектептин биология мугалими

Тиркеме № 1

  1. Сөөлжандар эмне үчүн муунак курттар деп аталат? Сырткы түзүлүшүн мүнөздөп бергиле.
  2. Сөөлжандын тери каптоосу эмне үчүн нымдуу жана былжырлуу болот?
  3. Эмне үчүн сөөлжандар жамгыр жааганда жер үстүнө чыгышат?
  4. Муунак курттардын жаратылышка тийгизген пайдаларын санап бергиле.
  5. Сөөлжандын тамак сиңирүү системасы, “БИОГУМУС”
  6. Сөөлжандын нерв системасынын түзүлүшү?
  7. Сөөлжандын кан айлануу системасы кандай түзүлүштө?
  8. Муунак курттардын көбөйүшүнүн кандай өзгөчөлүктөрү бар?

Тиркеме № 2

         Аткарыла турган иштерЖооптор, жыйынтыктар
1-Эки  сөөлжандын узундугун ченеп жазгыла.

— Ар биринин өңү-түсү кандай экенин жазгыла, баш жана куйрук жагын тапкыла.

 
    2-Сөөлжандын денесинин муунакчаларын лупа менен карап канча мууну бар экенин санагыла.

-Сөөлжандын териси эмне үчүн дайыма нымдуу, былжырлуу? Былжырдын сөөлжандын жашоосунда кандай мааниси бар?

 
3-Сөөлжандын курчоосун тапкыла. Анын сөөлжан үчүн кандай мааниси бар?

-Оозун жана арткы тешигин тапкыла жана дене бөлүктөрүнүн аттарын жазып чыккыла.

 
4-Денесиндеги узатасынан жаткан арка, курсак кан тамырларына байкоо жүргүзгүлө жана көргөнүңөрдү жазгыла. 
5-Сөөлжандын боор жагынан арткы бөлүгүнөн тартып бащына чейин сөөмөйүңөр менен сылагыла. Катуу кылчалары бар экендигин байкагыла.

-Сөөлжанды кагаздын бетине бош коё бергиле, ал жылганда кытыраган үн чыкканын уктуңарбы?

 
6-Сөөлжандын денесине препаровалдык ийне менен тийип көргүлө. Анын денесинин жыйрылып, кыскара түшүшү эмнеге байланыштуу? Себебин түшүндүргүлө.

 

 

Тиркеме № 3

         Суроолор ОобаЖок
1Сөөлжандар — булар өсүмдүктөрдүн тамырларына зыян  келтирүүчү мителер.  
2Сөөлжандар топуракты чиринди менен байытып, борпоң кылып пайда алып келет.  
3Сөөлжандар топуракта болгон бардык нерселер менен азыктанышат.  
4Жарым   жартылай    чириген жалбыракта жана жумшарып, чирип бараткан тамырлар менен азыктанышат.  
5Сөөлжан бөлүп чыгарган биогумус пайдалуу.  

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер